Атактуу хирургдар Мамбет Мамакеев 96 жашында, Эрнст Акрамов 89 жашында удаасынан дүйнө салышты. Далай өмүрлөрдү сактап, миңдеген адамдардын алкышын уккан залкарлардын орду бүгүн ээнсиреп турат. Алп хирургдарды замандаштары эскерет.
Миталип Мамытов, нейрохирург: “Мамакеев – феномен адам”
– Мамбет Мамакеев тууралуу айтсам, айылдан шаарга орусча бир сөз билбей келген чор таман жигит тыным албаган иши, илимге сиңирген эмгеги менен баатыр наамына жетти. Аны врачтар жокко чөкпөгөн, барга көппөгөн, дасыккан уюштуруучу катары да баалачубуз. Кыргыз медицинасынын тарыхында ажалды сүрдөткөн хирург, феномен адам катары калды. Тирүүсүндө эмгеги менен өзүнө эстелик тургузуп кетти.
Таалай Акматов, Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунун башкы врачы: “Бычагы эле эмес, өзү да курч болчу”
– Устатыбыз кайраттуу, кыраакы, өткүр, чынчыл, көрөгөч, бетке тарс айтып сүйлөгөн, эмгекчил, харизмалуу, акылдуу инсан эле. Бычагы эле эмес, өзү да, сөзү да курч хирург болчу. Мамакеев – кыргыздын улукманы. Анын терең билимин, бай тажрыйбасын, илимде ачкан ачылыштарын кыргызстандыктар гана эмес, чет өлкөлүк дарыгерлердин бир нече мууну окуп-үйрөнүп, эмдигиче иш тажрыйбасында колдонуп келишет. 2020-жылы өз кесиби менен эң узак иштеген хирург катары "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган (ред.: ал учурда Мамакеевдин хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн). Мамбет Мамакеев дүйнөлүк масштабдагы атактуу адистер менен ат салыша алды. Анын жетегинде 20 медицина илиминин доктору, 22 кандидаты чыкты. 260 илимий эмгектин, 13 монографиянын ээси.
Эрнест Алымбаев, профессор: “Жумушка 1 саат эрте келип алчу”
– Айылдаштарынан укканым боюнча, Мамбет устатыбыз курсакта кезинде апасы Кыдырга жолугат. Ал “карындагы уулуң элдин уулу, мыкты инсан болот” деп бата берген экен. Анын батасы тийген окшойт, ага кошо өзүнүн мээнеткечтиги менен дүйнөгө таанымал инсан болду. Шакирттеринин келечеги үчүн талыкпай кам көрүп жүрүп, “Мамакеев мектебин” түздү. Бул мектеп дагы Кыргыз хирургиясынын өнүгүшүнө салым кошуп, ийгиликтерди жаратып келет. Дайыма жаныбызда жүргөндүктөн анын көптөгөн накыл сөздөрүн уктук. Жумуш эртең менен саат 8де башталса, ал дайыма 6да туруп, 7де келип алчу. “1 саат эрте келбесем өзүмдү жумушка кечигип калгандай сезем” дечү жарыктык. Мындан 10 жылдай мурун “эртең менен чуркайм, көнүгүүлөрдү жасайм” дечү. Ушундай жакшы адаттары, анан элдин батасы менен 97ге чыкты го дейм.
Дүйшөнбек Сыргаев, хирург: “35 миңден ашык операция жасады”
– Устатыбыздын турган-турпаты тубаса дарыгер эле. “Операцияда адамдын ичинде жашырынып жаткан дартты көзүм менен көрүп, колум менен кармасам, жоготкон буюмумду таап алгандай сүйүнөм. Анткени бул так диагноз, ал эми операция жасоо кийинки иш” дечү эле. “Оорулуунун врачка ишенгени оорусунун жарымынан кутулганы, бейтаптын ишеничине киргиле” дечү. Өмүрүндө 35 миңдей операция жасап, 100 миңге жакын бейтапка кеңеш берген. Жаш хирургдарга Лев Толстойдун “Эгер оорутууну сезсең, сен тирүүсүң, эгер башкалардын ооруганын сезсең сен адамсың” деген сөзүн айтып, хирург өмүрүнүн аягына чейин “адам” бойдон калышы керек дечү.
Тамара Кожомуратова, кесиптеши: “Эрнст Акрамов – легендарлуу адам бойдон калат”
– Эрнст Хашимович өмүрүнүн 65 жылын медицинага арнады. Медицинада анын салган чыйырын эми шакирттери улайт. Адамдардын ден соолугуна абдан жоопкерчилик менен мамиле жасачу. Сыртынан мүнөзү катаалдай көрүнгөнү менен, сезимтал, жан дүйнөсү назик болчу. Ал жетектеген бөлүм анын үйү, бирге иштешкендери анын үй-бүлөсү болуп калган элек. Өмүр бою биздин кайгыбызга да, кубанычыбызга да ортоктош болуп жүрдү. Балетти, классиканы сүйчү. Операциядан кийин музыка угуп, минералдык суудан ууртап коюп, узакка телмирип отура берчү. Мындай легендарлуу адам кайра жаралабы, билбейм. Биздин 30 жылдык достугубуз үчүн тагдырга рахмат айтам.
Сабырбек Жумабеков, ортопед: “Студент кезде ага жардамчы болуп жүргөм”
– Эрнст Хашимович мен сыйлаган, урматтаган инсан эле. 6-курста иш тажрыйбасында жүрүп таанышкам. Хирургия бөлүмүнүн башчысы болчу. Операцияда ассистент болосуң деп чакырып калышты. Терини илмекке тартып көпкө тартып тургандыктан колум талып кетти окшойт, коё берсем кыйкырып сөгүп, кыпчуур менен колума чаап жиберди. Мен да ызаланып сөгүнүп, аны да колуна бир чаптым. Анан “эми окуудан айдатып жиберет го” деп корктум. Эртеси “Сабырчик, кечээгини жүрөгүңө жакын алба. Намыскөй, өз оюң, көз карашың бар жигит турбайсыңбы” деди. Ошондон кийин жакшы көрүп калды. 1 жыл ал кишинин операцияларына катышып ассистент болуп жүрдүм. Анан дипломду алып Крымга иштегени кеттим, батасын берди. Кандидаттык ишимди жактап, дипломду алып барсам дипломду колумдан алып туруп ыргытып жиберди. “Кандидаттар толтура, докторлук жактамайынча сени кабыл албайм” деди. Кайра Крымга барып докторлукту жактап келдим, ошондо өзүнүн баласы илимдин доктору болгондой аябай кубанды.
Султан Артыкпаев, хирург: “Мамбет Мамакеевге сен кетсең мени таштаба, ала кет деген экен”
– Учурда Орусияда иштейм. Эрнст Хашимович менин да устатым эле. Ал өмүрү өткүчө адамдарды айыктыруу үчүн жан үрөп иштеди. Бейтаптардын оорусун өзүнүн жүрөгүнөн өткөрүп, анан дарылачу. Эч жакка жылбай, дем алыш күндөрү да ооруканада жүрөр эле. Бейтаптар көз алдымда болсун деп жүрүп ооруканадан чыкпай калды дейт элем. Бир жолу “Ысык-Көлгө өмүрүмдө 2 эле жолу бардым. Эмгек өргүүм да ооруканада өтөт” деп айтканын уккам. Менин билишимче, 35 жылдай 1 керебетте уктады. Ушунун өзү ишине берилгендик эмеспи. Устатымдын “Адамдын өмүрү ааламга тете” деген сөзү бар эле. Карасаңыз, адамдын өмүрүн кандай куну жок баалап жатат? Жаңылбасам, 3 бир тууган болгон, иниси жана карындашы бар эле. Карындашы эртерээк, иниси кийин кайтыш болуп кетти. Жоготуулардан кийин туугандарына жакындыгы күчөгөн. Жээндеринин биринин да туулган күнүн калтырбай белеги менен барчу. Устатыбыз көптөгөн ыкмаларды ойлоп тапкан. Бир мисал келтирейин.
Панкреонекроз деген оору бар, уйку безинин ткандары өлүп, чирип баштайт. Мурун бул оорудан жабыркагандардын 95 пайызга жакыны кайтыш болуп кетчү. Устатыбыз ойлоп тапкан ыкма менен дарылай баштаганда каза болгондор 13 пайызга чейин түшкөн. Операцияда уйку безине дренаждык түтүкчөлөр бел туштан оң жактан, сол жактан да коюлат. Уйку бези күн-түн атайын суюктук менен жуулуп турат. Бир бейтап ооруканада 7 ай жаткан, эсептешсе 3 тоннадай атайын суюктук корогон. Мындай ыкмада өлгөн, чириген ткандар жуулуп кетип, адам аман калат. Устатыбыз атактуу Мамбет Мамакеев менен 40 жылдай таарынышып жүрүп, былтыр элдешип, бири-бирин кечиришкен. Ошондо Мамбет агай устатыбызды “Күчүгүм” деп агалык мээрим менен эркелетип, өзүнүн биринчи шакирти экендигин айткан жайы бар. Ошол жолугушууда усататыбыз “сен кетсең мени таштаба, ала кет” деген экен. Айтканындай эле медицинанын 2 корифейи аркы дүйнөгө ээрчишкен бойдон кетти.
Белгилүү хирургдар, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Мамбет Мамакеевдин, Эрнст Акрамовдун каза болгондугуна байланыштуу “Супер-Инфо” гезитинин жамааты алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Канымжан Усупбекова