Аксыда мектеп курган курулуш компаниясы 7 миллион сом кымырып калганы ачыкталып, иликтөө жүрүүдө.
Бишкектин борбордук аянтын Жаңы жылга карата жасалгалоого 1,5 миллион сом жумшалганы айтылды.
Равшан Сабиров эмгек, миграция, социалдык камсыздоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ысык-Көлдөгү чокулардын бирине БУУнун ысымын ыйгаруу боюнча мыйзам долбоору парламенттен 2-окуудан өттү.
“Женго” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досоновду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20 жылга эркинен ажыратты.
Бишкек шаардык соту экс-депутат Ирина Карамушкинаны камакта кармоо чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Караколдо кышкы туристтик мезгил расмий түрдө ачылды.
Нурбек Букуев Онкология жана гематология улуттук борборунун директору болуп дайындалды.
Улуттук банк “Айкөл Манас” коллекциялык алтын тыйынын жүгүртүүгө чыгарды.
Жуманазар Орозбаев Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Камчыбек Ташиев: “Кыргыз деген сөз кырк кыз эмес, кырылгыс, түгөнгүс деген сөздөн келип чыкканын билип алалы”.
Экс-депутат Канатбек Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды.
Депутаттар Армения жана Абхазиядан алынып келинген автоунааларды каттоого уруксат берүүнү сунуштап жатышат.
Орусиянын Краснодар облусу 2025-жылдан тарта мигранттарды жумушка алууга толук тыюу салары маалымдалды.
Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун жакындары президентке кайрылып, аны үй камагына чыгарууну суранышты.
ӨКМ: Жыл башынан бери өлкөдө 34 адам өрт кырсыгынан каза тапты.