Ата-энеге алимент төлөөдөн баш тарткандар айыпка жыгылат же камалат

Өлкөдө мындан ары карыган ата-энесине алимент төлөөдөн баш тарткандарга 100 миң сомго чейин айып пул салынат. Бул жазаны колдонуу үчүн Кылмыш-жаза кодексине, Жарандык кодекске, Үй-бүлө кодексине атайын өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзамды өзгөртүүнүн максаты – сот чечиминин негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражат төлөөдөн баш тарткан учурда аларды жоопко тартуу жана жазаны катаалдаштыруу. Эгер ата-энеге алимент төлөнбөгөн мөөнөт 12 айдан ашпаса
20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салынып, жооптуу адам 2 айдан 1 жылга чейин коомдук иштерге же түзөтүү жумуштарына тартылат. Эгер 12 айдан ашып кетсе, 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салуу же 1 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу, 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жагы каралууда.

Жаран ата-энесине алимент төлөбөө үчүн эмгек акысынын өлчөмүн жашырса, төмөндөтсө, ошого тете жумушка орношуудан баш тартса, бул үчүн да жоопкерчилик каралган. Андайда жаранды 1 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салуу, 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу чарасы колдонулат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан