2025-жылдын 1-январынан тарта коррупционерлердин жазасы катаалдашат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилгени жатат. Мыйзам долбоору 5-декабрда Жогорку Кеңеште 1-окууда талкууланып, кабыл алынды. Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, мындан ары коррупция боюнча күнөөлүү деп табылгандар келтирилген зыянды төлөп берип жазадан кутула алышпайт, сөзсүз эркиндигинен ажыратылат. Андан тышкары коррупция боюнча соттолгондордун ата-энеси, балдары, жакындары мамлекеттик кызматтарда иштей алышпайт. Кылмыш-жаза кодексиндеги 13 берене боюнча жазалар катаалдашканы жатат. Алар “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдук кылуу”, “атайылап пайдасыз келишим түзүү”, “мыйзамсыз баюу”, “кызмат адамынын ишкердик ишке катышуусу”, “пара алуу”, “пара талап кылуу”, “пара алууда ортомчулук кылуу”, “пара берүү”, “кызматтык жасалмачылык”, “паспортту мыйзамсыз берүү”, “шалаакылык”.