(Башы өткөн сандарда)
“Ильяс байке, мени кечириңиз, сизге айтпай Орусияга кетүүгө туура келди. Сурансам деле жибермек эмессиз. Чукул жумуштар чыгып калды, бир аз карыздарым бар эле, ошолорду төлөп, окуу акыма акча чогултуп кайра эле келем. Жеңеме салам айтыңыз, балдарды өөп коюңуз...”
Колундагы кагазды мыжыккан Ильясты ой басып “Баяным, жакшымдан калган белегим, бир боорум, чоң шаардагы азгырык алдында сенин айылда көргөн азабың оюнчук эле болуп калат. Эмнеге менден жардам сураган жоксуң, бир айласын тапмакпыз, эмнеге күтүүсүз кетип калдың? Бели ката элек кызды акча тапканга жөнөтүп туура эмес кылдым” деп өзүн жемелеп жатты. Бул маалда Баяндын учагы “Домодедово” аэропортуна конуп, ал тосуп алчу адамына улам-улам телефон чалып жаткан. Тутканы эч ким көтөргөн жок.
– Кызык го, кечээ эле келе бер, тосуп алам дебеди беле. Чалсам албайт, жазсам жооп бербейт, бул эмнеси? – деп сүйлөнүп жатты. Аны Москвага келе бер деп чакырган адам – туруктуу кардары Алима эле. Баяндан массаж алып жүргөндө дайыма сырдашып, үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдү айтып ыйлап калчу. Баян “карызга батып калдым, жакында Орусияга барам, мага убактылуу жашаганга батир таап берчи” деп суранганда өзү жашаган батирде бир кыз көчүп жатканын, ордуна Баянга орун алып койгонун айткан эле. Кайсы күнү, саат канчада учуп келеринен бери билчү.
xxx
Баян аэропортто бир күн түнөп калды, башка бара турган жери жок эле. Тааныш-тууганы да жок болчу. Оюн кирдеткиси келген жок, “балким, чарчап катуу уктап калгандыр, менин чалганымды көрсө эле кайра чалат” деп күттү. Бирок Алима кайра чалган жок, тескерисинче, эртеси чалса анын номерине чалуу кетпей калганын билди. Ошондо биротоло күткөндү токтотуп, аракетке өттү. Кыргызстандан учуп келген жүргүнчүлөрдөн жардам сурап баштады. Жоолук салынган бир аялга кайрылып:
– Эжеке, Москваны жакшы эле билесизби? Мен жаңы келген болчумун, тосуп алчу кишинин чукул жумуштары чыгып башка шаарга кетип калыптыр. Убактылуу жашаганга жай керек болуп жатат, каякка барышымды билбейм.
– Жалгыз келдиңби, каралдым? Мөлтүрөгөн жаш кызды бирөө-жарымга табыштабай кантип жалгыз жиберишти? Тооба, азыркы ата-энелер эмне болуп калышкан? Бул жакка келип иштебей мекениңде эле жүрбөйт белең, ананайын.
– Апам каза болуп калган... Тирүү болсо жибермек эмес.
Апасын эстегенде Баяндын көзүнөн жаш тоголонуп кетти. Алыска биринчи жолу чыгып, адашып калган козудай эле алаңдап калган Баянды жоолукчан аял көкүрөгүнө кысып сооротту. Эреркеп кеткен Баян огобетер чоочун аялды кучактап буркурап ыйлады. Ишенген адамы тосуп албай, күттүрүп, бир күн ачка калып, ичине бук толуп калган эле. Ый менен кошо ошол таарынычтын баары чыгып кеткендей болду.
– Болду, берекем, ыйлаба, биз, мекендештер бири-бирибизди алыста жүргөндө таштабайбыз. Бирөөсү жаман болсо, калган үчөөсү сөзсүз жакшы болот. Бул жашоодо ак менен кара бирдей жүргөндөй эле, жакшы-жаман да адамдар бар, кызым. Жүрү мени менен кетесиң, мен баламдын батиринде жашайм, бирок ал башка метродо да батир ижарага берет, ошол жакта орун табылып калар. Бир бөлмөсүндө жалаң эркектер, бир бөлмөсүндө үй-бүлөлүүлөр жашашчу, бөлмөлөрү кенен убактылуу 1-2 жума жашап турсаң болот, утурумдук жумуштарга иштеп турасың документиң бүткүчө, анан башка батир таап кетесиң, – деп ээрчитип жөнөдү.
– Атың ким, кызым?
– Баян.
– Меники Салима, кызым сендей 18 жашында автокырсыктан каза болуп калган, кызымдын курбусундай көрөйүн, мени Салима аяш эне дей бер, ээ?
– Макул, Салима аяш эне...
xxx
Салима уулу менен сүйлөшүп, “орун жок” десе болбой башка метродогу батирине Баянды алып барып койду.
– Мына, кызым, бир бөлмөдө 4 бала жашайт. Алар эртең менен эрте кетишет, кечинде келишет. Бул чоң залда 3 үй-бүлөлүү түгөй катар-катар жатышат, тээ төрдө эки кабат керебет бар, астында сен теңдүү Чынара деген кыз жатат, үстү бош экен, ошого убактылуу сен жатып тур. Бир нерсе дешсе мени айт, баарын батирден кууп чыгам, макулбу? Азыр баары жумушта экен тааныштырып коёюн десем. Аа, токто, Чынара чүмкөнүп уктап жаткан турбайбы.
– Ай, Чика, Чика, тур, ай кыз...
– Уфф, эмне болду, Салима апа, тынччылыкпы, жумушта бир сутка иштедим эле, аябай уйкум келип жатат,- деди көзүн ушалаган Чынара.
– Сенин керебетиңдин экинчи кабатына жаңы кыз алып келдим, тууганым болот, 1-2 жума жашап турсун, анан кетет.
– Салима аяш эне,- деп бир нерсе айткысы келип Баян токтоп калды.
– Айтагой..
– 2 бойдок кыз, 3 үй-бүлөлүү түгөй бир бөлмөдө жашасак кандай болот экен?
– Каралдым, башка арга жок, “Москванын жашоосу” деген ушул, көнө бер. Өзүм жашаган үйгө алып барайын десем келиним, балам, 5 неберем бар.
– Макул, аяш эне, аэропорттун отургучунда уктаганга караганда бул керебет жумшак диван да,- деп күлүп койду Баян. Салима Баянга үйдү көргөзүп коюп чыгып кетти. Уйкусураган Чынара Баянды бутунан өйдө бир сыйра сынагансып карап сөз баштады.
– Салима аяш энең болобу, ээ? Бул үйдө көп окуялар болот, баарын жеткирип бара бербе, макулбу?
– Жок, андайым жок менин, мен бул жакка убактылуу эле келдим. Аял-күйөө жашаган бөлмөдө кантип жашайм деп такыр элестете албай жатам, чынында.
– Анан эмне, өзүң жалгыз бир бөлмөнү алайын дейсиңби? Антсең акчаң чогулбайт, досум.
– Кыздар менен чогуу чыкса болот болуш керек?
– Болот, бирок ишеничтүү кыз табыш да оңой эмес. Уурусу болот, аягы суюгу, ижара акысын берерге жакын качып кеткендери болот дегендей. Бул бөлмөдөгүлөрдү тааныштырайын сага.
– Кимди, эч ким жок го?
– Эч ким жокто айтканым жакшы го... Тээтиги көк шейшептүү төшөктө өзбек жубайлар жатышат, экөө тең абдан темпераменттүү, түн бир оокумда аялы “акажон...” деп баштаса укмаксанга салып кой. Атайын “мен уктай элекмин” дегендей белги берсең деле, экөөнө баары бир. Берки жүрөкчөсү бар шейшепте өзүбүздүн кыргыздар, урушуп кетишкен окшойт, күйөөсү 5-6 күндөн бери түнөбөйт. Аялы жуурканга чүмкөнүп алып ыйлап жатат күндө нервге тийип. Биздин жаныбыздагы төшөкдө дагы кыргыздар, жаңы үйлөнүшүптүр, катыны укмуш кызганчаак. Экөөбүзгө күн көрсөтпөйт эми кызганып, көрөсүң. А бул үй-бүлөлүү “бойдокторго” кызыкпай эле кой, көчүккө бир тепсең көк тыйын түшпөйт, айлыгынын баарын аялдарына которушат. Кошуна бөлмөдө март, берешен, бойдок, иштерман сонун жигиттер бар. Ошолор менен жашасак...
– Койчу, Чика, коркутпай, мен кыздар менен эле жашайм.
– Ой, тамашалап жатам. Кечинде баары кирпигинен тартсаң жыгылчудай болуп келишет, кыздарга көңүл бурмак турсун.
xxx
Ильяс короодо малга чөп салып жаткан. Дарбаза тарсылдап, короонун жылчыктарынан 5-6 адамдын карааны көрүнүп турду. Ильяс жай басып дарбазаны ачса маңдайында 3-4 аял, 2 эркек туруптур.
– Ушулбу Баяндын үйү, сенби бир тууган байкеси?
– Ооба, жайчылыкпы?
– Жайчылык эмес! Сенин карындашың 80 миң долларыбызды алып, Орусияга качып кетти, акчабызды таап бербесең үйүңдөн кетпейбиз!- деген аял “бүт мүлкүн, короодогу малын эсептегиле” деп чогуу келген 2 эркекке буйрук кылды. Алар Ильястан сурабай эле короону көздөй жөнөштү. Ызырынган аял:
– Көнгөн экенсиңер арам тамакты аш кылып, карындашыңдын арам акчасына үйүңдү оңдоп-түзөп, малыңды көбөйтүп, айылдагылар баары айтышты силердин байыганыңарды, уялбайсыңарбы?!
– Түшүнгөн жокмун, кандай акча?..
(Уландысы кийинки санда)