К-рор жаңылыктары

Актёр Пак Мин Жэ жүрөгү токтоп каза болду

Корей кино дүйнөсү жакында эле актёр Сон Чжэ Римди акыркы сапарга узатышты эле. Кайрадан суук кабар тарады. 2-декабрда Big Title агенттиги расмий баракчасына: “Баарыбыз сыйлаган, жакшы көргөн актёр Пак Мин Жэ каза болду. Ал өзүнүн кесибин, күйөрмандарын сүйгөн таланттуу адам эле. Мындан ары өзүн көрбөсөк да, артында калтырган эмгектерин көрөбүз...” деген билдирүү жазган. “Кытайга да таанылсам, күйөрман топтосом деген кыялы бар эле. Кыялын ишке ашыруу максатында 1 айлык иш сапары менен Кытайга кеткен. Аны акыркы жолу көрөрүмдү ким ойлоптур...” деп эскерет кесиптеши. Актёрдун 29-ноябрда жүрөгү токтоп каза болгону белгилүү болду.

Пак Мин Жэ көпчүлүккө “Эртең”, “Кичинекей аялдар”, “Мага бул сүйүү деп айтчы”, “Бора! Дебора” жана башка дорамалардагы ролдору менен таанылган. Келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу актёр эле.

Ли Дон Хви менен Чон Хо Ёндун 9 жылдык мамилеси бүттү

Түштүк Корея шоу-бизнесиндеги бекем деп саналган түгөйлөрдүн бири эки ажырым жолго түштү. “1988ге кайтуу”, “Чосон аткычы”, “Күң” жана башка тасмалар аркылуу таанымал актёр Ли Дон Хви модель Чон Хо Ён менен 2015-жылдан бери кыз-жигит статусунда эле. Чон Хо Ён моделдик ишмердүүлүгүнөн сырткары актриса катары да таанымал. “Кальмар оюну” сериалынан анын талантын көрсөңүз керек. Учурда ал Голливудда чыгармачылыгын өнүктүрүп жүрөт. Быйыл анын катышуусундагы “Дисклеймер” аттуу сериал октябрда экранга чыккан. 

Башка түйгөйлөрдөй болуп мамилесин жаап-жашырбай, дайыма бири-бирине сүйүүсүн, колдоосун ачык билдирген атактууларды “үйлөнөт” деп күтүп жүргөндөр көп болчу. Бирок болбоду. Ноябрь айынын аягында алардын агенттиктери расмий билдирүү жасап, Ли Дон Хви менен Чон Хо Ён достук жана кесиптештик мамиледе калганын жарыялашты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан