"Сага акылдан адаша ашыкмын...”

Кеч күз. Кыш жакын экенин билдирип коңгуроосун кагып турган маал. Сейил бакты аралап жалгыз келе жатам. Оюмда сен, акыркы учурумдун башкы каарманысың, бассам-турсам оюмдан эч чыкпай турган. Адатта сүйүүнүн, жактыруу сезиминин ойгонушун жаз мезгили менен байланыштырышат эмеспи. Негизи сезимдер жаз-жайга деле карабайт көрүнөт. Күтпөгөн жерден көкүрөгүңө оттой жагылып чыга келет экен го... Жакынкы убакыттардан бери көкүрөгүм ысып, көөдөнүмдү бир жылуу сезим уялап жүрөт. Башында бул сезимдин күчү мынчалык болот деп күткөн эмесмин. 

Кеңседе кадимки иш күнү. Жумуштук жолугушуу үчүн бир мырза менен телефон аркылуу макулдашканбыз. Айткан убактысынан кечикпей шыңга бойлуу, кара торусунан келген бир жигит кирип келди. Бул мырза менен алгач ирет көрүштүм, виртуалдуу дүйнөдө дагы тааныштыгыбыз, достугубуз жок эле. Мен бул адамдын кандай инсан, кандай кулк-мүнөзгө ээ экенин билбейм. Ага карабай ичимде бир көргөн кишиге эле ушунчалык жылуу сезим орун алды. Сүйлөшүүбүз бүттү, ишибизди макулдашып, коштошуп чыгып бара жаткан мырзаны терезеден узата карап калдым. Ошондо оозумдан чыккан “сонун жигит экен” деген сөз азыр дагы кулагымда жаңырып турат. Албетте, бул сөзүмдү башкалар уккан жок. Бирок кеңсенин дубалдары күбө. Ушул күнү жүрөгүм ордунан бир козголду, азыр да ошол абалда жашап жатат. Мен бул сезим келгени эмнени түшүндүм? Адам жүрөгүн ачкан адамы үчүн бардык нерсеге даяр экенин түшүндүм. Себеби өзүмдө эч күтпөгөн, дегеле болуп көрбөгөн жагдайлар, иш-аракеттер орун алып жатты. Адамда каалоо болсо кандай болбосун убакыт табат экенбиз. Адатта түбү жок шылтоо издеп өзүмдү ала качкан абалымды эми түшүндүм, көрсө, менде ал адамдар менен кезигүүгө каалоо жок экен. “Түн болду” деп саат 11-12де такыр эшикке чыкпаган мен уйку алдында жылуу төшөктө жаткан жеримден эринбей туруп кийинип эшикке чыктым. Бул учурду талдасам, сезим ишке киргенде акыл ишин токтоткон сыңары. Акылдын тыюуларынын сезимге тиши өтпөй калат көрүнөт.

Ишке байланыштуу ал мырзанын унаасында убактылуу жүрүп калдым. Анын жанында өзүмдү ушунчалык эркин сездим. Ал мага эки күндүк жаңы таанышымдай эмес, өмүр бою тааныш адамымдай сезиле берди. Бир күнү ал иштеген жерден чыгып келе жатабыз. Апасына телефон чалып, абалын сурап сүйлөшүп келе жатты. Эмнегедир ушул көрүнүш мага ушунчалык жакты, ичимдеги кичинекей отко май чачкандай жалыны дагы алоолонуп кетти. Иши көптүгүнө карабай апасына чалып, эч кандай себеби жок абалын сураганга убакыт бөлгөнү үчүн сонун жигитти ушунчалык сыйладым. Ушундай энеге болгон сыйы бар мырзанын көкүрөгүнө түбөлүккө башымды жөлөгүм келип кетти.

Бир күнү мен сенин көкүрөгүңө башымды коюуга жетиштим. Сенин жаныңда мага аалам тегиз сезилди. Ошол учур үчүн өкүнөт элем, бирок сен болгонуң үчүн өкүнбөйм. Жараткандан түбөлүгүн сурагам, бирок бир учур болсо дагы башымды сага жөлөттү, жакын кылды. Жараткан мага “ушул кыз көптөн күткөнүнө бир азга болсо да жетсин” деп мүмкүнчүлүк түздүбү, ким билсин?..

Иштешүү мөөнөтүбүз бүттү. Бирок сага болгон сезимдерим бүткөн жок. Ошентип, сонун жигит, сага болгон сезимдеримди жүрөгүмдө ташып жүрөм. Адатта адамдар жоопсуз сүйүү үчүн кейийт эмеспи. Мен бул сезимди жашаганыма кубанып жүрөм. Жүрөгүм сүйүүгө жөндөмсүз бойдон калабы деп коркчумун. Жашоомдо жакындарын жоготуудан үшүп калган жүрөктүн музу эриптир деп сүйүнүчүмдө чек жок. Ыракмат, сага сонун жигит! А мен жүрөгүмдү жайына койдум, сени канча ташыйт, канча алып жүрөт, өз эрки. Унутууга аракет кылайын десем, бекер убара. Жүрөк буйрукту кабыл албайт. Сүйүш үчүн сөзсүз ал адамдын жанында болуу шарт эмес го. Сүйүү өзүңдүн жүрөгүңдө болуп жаткандан кийин. Балким, бир күн сени жүрөктөн сүрүп чыгарар бири жашоомо кирет. Балким, жүрөгүм сенин үйүң бойдон кала берет. А балким, жолдорубуз түбөлүккө биригет. Башым түбөлүккө сенин көкүрөгүңө жөлөнөт. Бул эми келечектин иши... Болгону бир билип кой, сага акылынан адаша ашык болгон бир кыз бар экенин...

Асман   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан