Бакыт Мамаев, ырчы: «Апам тирүү болсо жанынан чыкпай сүйлөшүп отурат элем»

Эне деген ыйык заттын ааламына кайрадан сүңгүйлү, окурман. Каарманым үч жашында  апасынан айрылса да, элесинде көп нерсе калыптыр. "Эсимде жок" деп кайдыгер карабай кызыктуу баян куруп берди апасы тууралуу. Анда сөз белгилүү  ырчы Бакыт Мамаевде. 

“Агамдын тун кызы менен эмчектеш болуптурмун”

– Апамдан үч жашымда эле ажыраган экенмин. Апамдын аты Ракима, элдик дарыгер  катары көпчүлүктүн эсинде калыптыр. Рак ооруларына чейин дарылаган, колунда эми бар адам болуптур. Бир жолу Ошто концерт коюп жүрсөм бир аял келип эле жанымдан кетпейт. Таң калдым,  ары өтсөм деле, бери өтсөм  деле  мени карайт. Бир кезде жанына бардым. Ал “сенин апаңдын аты Ракима эмеспи?” деп сурады. “Ооба, мен Ракиманын уулумун” десем, “ак-талаалык Ракимабы?” деди. Баш ийкесем, “ошондо жанында жүргөн кичине бала сен турбайсыңбы, мен апаңдын колунан рактан айыгып чыккам” деп ыраазычылык билдирди. Көрсө, ал дарыланып жүргөндө мен  кичине бала экенмин.  Мен билгенден, апам рактан айыктырган үч-төрт адамды жолуктурдум.

 Биз тогуз бир тууганбыз,  мен тогузунчу баламын. Апамдын көзү өтүп кеткенине көп болуп калды, элес-булас гана билем. Бирок азыр акыл токтотуп, ак-караны тааный баштаганда апама аябай ыраазы болом. Анткени тогуз баласы тең ден соолугу чың болду. Демек, кичине кезибизде жакшы бакканы билинип турат. Атам жылкычы болуптур, үйүр-үйүр жылкы баккан экен. Кичүүсү болуп мен эле шаардамын,  калган бир туугандарым  айылда. Үч бир тууганыбыздын көзү өтүп кетти.

“Эч ким сага энеңдей күйбөйт экен”

– Апа дегенде  көзүмө эң кымбат адам тартылат. Эч бир жан сага энеңдей күйбөйт, жан досум деп жүргөн досторуң деле, бооруңдан бүткөн балаң, кош жаздыкта жаткан аялың деле кээ бир учурда таштап кетиши мүмкүн. Ооруп же кырсыктап калганда жаныңда айланчыктап жүргөндүн баары жок болуп кетет тура. Жакында күтүүсүз ооруп калып, эми  гана эл алдына чыга баштадым. Оор убакта дүркүрөп турган досторуң, колунан иш келген жакындарың жаныңда болбойт экен. Апамдын ордуна апа болгон эң улуу жеңем гана чыйпылыктап жүрдү. Мен төрөлгөндө ошол жеңем жаңы келген келин экен. Азыр аны "апа" дейм. Мени тарбиялап чоңойткондордун сап башында турат. Кичинемде аябай ыйлаак болуптурмун. Улуу агам жаңы үйлөнүп, жеңем экөөнүн бөлмөсү бир аз алысыраак болгон окшойт. Жаңыдан жөрмөлөгөн мен ошол бөлмөгө, жеңеме эле кача берчү экенмин. Баары таң калышчу экен. Ошондо апам “Бакыбай менден танып жатат, жакында өлүп калат окшойм. Баланын периштеси сезет” деп түз эле айтыптыр. Апам ушунчалык сезимтал адам болгонбу, ким билсин. Жеңемдин ак сүтүн эмип, Бактыгүл деген карындашым менен эмчектеш болуп чоңоюптурмун.

“Апамдын таң каларлык касиети болгон экен”

– Апамдын мүнөзүн мен кичинемде каза болгон үчүн билбей калдым. Элдин айтуусунда, шайыр инсан болгон экен. Атам жылкыга кеткенде апам эртең  менен дасторконун жазып коюп, кечинде жыйначу экен. Келим-кетим, катышы аябай көп болуптур.  Эч кимдин көңүлүн калтырбай чайын берип, эмдеп-домдоп жөнөтчү тура. Угушума караганда, апамдын бир таң калычтуу жагы  болгон. Башка бөлмөгө бош чака коюп койчу дешет. Кийин барышса, өзүнөн-өзү ошол чакада суу пайда болуп калчу экен. Апам аны баарына ичирип эмдечү дейт. Ошол суудан ичкенибизден улам  ден соолугубуз чың болуп өскөн окшойбуз.

Апам тамакты жакшы жасачу, аны элес-булас билем. Бир туугандарым да айтып калышат, “апам тамак жасаганда баарыбыз үйүлүп, эч ким эч кайда кетпей калчубуз” деп. Манты жана бешбармакты аябай жакшы жасачу экен.

“Курулушчудан ырчылыкка”

– Улуу жеңем энемдей болуп калды деп айтпадымбы. Менин чыгармачылыгымды ошол киши колунан келишинче колдоду. Негизи эле азыр бардык бир туугандарым колдоп турушат. Башында башкалары каршы чыгышкан эле. Анткени экинчи агам колуна комуз, аккордеонун алып эле, ырдап-чордоп көпкө жоголуп кетчү экен. Ошондуктан үйдөгүлөр ырчы болушума каршы болушкан. Бул кесиптен алыс болсун деп курулушчунун окуусуна тапшыртышкан, бирок мен “Келечек” деген ансамбль уюштурулуп калып, ошого кирип ырдап кеткем. Адам ырдагысы келсе, баары бир бир жерден чыгат окшобойбу. Кийин Москвадан актёрлукту окуп келип, чыгармачылыкка кеч аралашып калганым ошондон.

“Бала кезден бир элес”

– Кичинемде Кудайдан жөө качкан тентек элем. Элдин баарын тажаткан тентектер болот го, ошондой болчумун. Бирок сабакты жакшы окучу элем. Адабиятты, алгебраны, географияны аябай окучумун. Анан ал кезде чыгармачылык ийрим катуу өнүгүп турган убак эле, ошондон такыр калбаган бала элем. Ырчы Токтобүбү Черикчиева да биздин айылдан болот. Ал деле комузун көтөрүп алып жүрчү, мен деле жүрчүмүн (күлүп).

 Апам тирүү болгондо кандай болмок болдум экен деп ойлонуп калам. Баланын тарбиясында апанын ролу өзгөчө эмеспи. Апам тирүү болгондо ага кандай мамиле кылмакмын, аны деле билбейм. Жанынан чыкпай эртеден-кечке сүйлөшүп отура бермекмин, балким. Сагынасың, анын сагыныч экенин деле так билбейсиң. Туңгуюк бир өксүк дайым тура берет көөдөндө. Бир нерсени так билем, апам тирүү болгондо мен аябай бактылуу адамдардын бири болмокмун. Ошондуктан апасы төрүндө отургандарга аябай суктанам. Аларга айтарым, апаңарды сыйлагыла!

“Жеңемди таарынтып алгам”

– Эненин ордун баскан, эмчегин эмген жеңемди бир жолу таарынтып алдым. Башында айткандай, аны “апа” деп жүрдүм. Кийин динден кабарыбыз болуп калды. Акыретке барганыбызда ар биринин өз аты менен айтылышы керек дегендей укканым бар. “Аганы ага, жеңени жеңе” деш керек деп айтылат го. Кичинемден “апа” деп жүрүп, кийин биринчи жолу кокустан “жеңе” деп алдым. Кайра өзүм аябай тартындым, кызыктай болдум. Ошондо таарынгансып калды. Ошондон уламбы кийин жакшы сүйлөшө элекпиз. Бирок мен бул адамдын мага болгон эмгегин сыйлайм. Апамдын ордун жоктотпой бизге караан болгонуна ыраазымын.

“Апама белегим ырларым эле болуп калды”

– Мен апамдан эрте ажыраганым үчүн ага эч нерсе кыла албадым. Эл катары мен да курортко алып барып, баалуу белектерди берсем кандай жакшы болмок. Менин апама арнаган белегим ырларым эле болуп калды. Эне тууралуу ырларды көп жазам, окуучуларымдын көбү ырдап жүрүшөт. Апамды эстейин десем, элес-булас гана элестер келет. Таң каларлыгы,  ошол элестер деле кээде кубат берет. Каалаарым – бардык энелер аман болсун, бардык балдар энелүү чоңойсун.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан