Бою да, ою да узун, сөздү салмактап сүйлөгөн төкмө акын Нурсултан Малдыбаев менен баарлаштык. Жаштык, жаңылыштык, курчтук, өнөр, сагыныч тууралуу кызык кеп куруп берди каарманыбыз.
– Нурсултан мырза, маекти жакында өткөн “Төкмө келсе төр бошот” айтышынан баштайлы. Нурайым Бактияр кызы менен айтышыңыз кызык болду, анын сизге карата гимн, желек, махр тууралуу айткандарына чычалагандай болдуңуз...
– 30-ноябрда “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун алкагында айтыш концерт өттү. Ага кыргыздын сап башында турган акындарынын көпчүлүгү катышты. Мен негизи тизмеде жок болчумун. Болот Назаров агабыз келбей калгандыктан, ордуна катышып калдым. Нурайым эжеке экөөбүз ушуну менен 4-5-жолу айтышып жатабыз, буга чейинки айтыштарыбыз да талкууга түшкөн. “Махр сурап отурган кыздан көрө, макул деп көнө калган кемпир жакшы” дегеним элдин сынында да, жакшы сөзүндө да болду. Фейсбукта биздин оппозиция бар экен, ар кандай пикирлерди жазып, бөлүшүп жаткандарын окуп калдым. Нурайым эженин сөзүнө чычалаган жокмун, буга чейин кыз-жигит айтышын курбадык беле, мунусунда көйгөй айттык. Негизи айтыш ушундай болуш керек, болбосо бири-бирибизди мактаганга өтүп кеттик көбүбүз. Желекти өзгөртүү маселесинде жаштык кылып ката кетирип, башында каршы болуп, кайра “болору болду” деп ырдап койгондурбуз. Биз бир нерсенин артынан түшсөк аягына чейин сая түшөт экенбиз, кечээги айтышта да айтылды бул маселе. Интернет желесинде “сени жеңип салыптыр” деген сөздөр жазылды. Сөз жүйөсү бирде ары, бирде бери болот. Эми бул айтыш, айтышта айтылышы керек. Негативдүү комментарийлерди окуганда эмоцияга алдырып “ии, айтыштан кетсемби, башка иш кылсамбы” дейм. Катуу айтылган сындар баары бир жүрөккө оор тиет. Байкашымча, акыркы кезде төкмө акындардын көбүндө жүрөк оорусу пайда болду, менде дагы.
– Кайсы айтыштар өзгөчө эсиңизде калды?
– Эң эсимде калганы – онлайн айтыш болгон. 2021-жылы Казакстанга айтышка чакырышты. Карантин жаңы бүткөн, аябай даярданып, Кутман Садыбакасов экөөбүз жөнөдүк. Казакстанга биринчи жолу айтышка баратканбыз. Анан чек арадан өткөрбөй коюшту бизди. Кант тараптагы, Токмоктогу чек ара өткөрүү пункттарына да бардык, ал жактан да өткөрбөй коюшту. Ошентип барбай калдык. Казак акындары “онлайн айтышасыңар” дешти. Ошентип Бекжан Базарбек деген казак акыны менен онлайн айтышып, финалга өтүп, эртеси да онлайн айтышып, 1-орунду алдым. Белектерибизди да онлайн тапшырышты, кийин байгенин акчасын которуп, китептерин берип жиберишти.
2018-жылы айтышка жаңы келгендеги окуя эсимде. Жеңижоктун 158 жылдыгына арналган айтыш Аксыда өткөн. Ыраматылык Акжолтой Канат уулу, Элмирбек Иманалиев агайыбыз бар кези, Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, Турат Жумаев, Баян Акматов агаларыбыз болуп Аксынын Кара-Камыш деген жайлоосуна портер менен бардык. Жайлоого жеткиче чачыбыз бопбоз чаң. Жайлоодо же свет жок, ошол айтыш да эсимде калыптыр.
– “Жаштык кылып” деген сөздү көп айтат экенсиз. Жаштык кылып дагы эмнелерди жасап алдыңыз эле? Эмнеге өкүнөсүз?
– Жаштык кылып желекти алмаштырдык (күлүп). Жаштык кылып көп эле нерсе кылдык болуш керек. Агаларыбыз “эгерде сен бир нерсе менен алектенбей, баягы эле Нурсултан болуп кала берсең, анда жаңылбайсың, чалынбайсың. Астыга баскан, жылган адам сөзсүз чалынып, жыгылып турат” деп калышат. Айтышта деле жаңылыштык кылып, каталарды кетирген учурлар болот. Эң негизгиси – убакытты бошко кетиргеним, ушул нерсени кемчилигим деп билем. Азыр деле кеч эмес, бирок убакытты артка кайтарып берсе мен башка нерселерди кылмакмын. Жүрөгүмдө сагыныч бар, айылгабы же балалыккабы, айтор, бир нерсеге болгон сагыныч. Жүрөгүмдө бир өйкөп турган кусалык бардай сезилет.
– Бир үйдүн жалгыз уулусуз. Бала кезде жалгызсырачу белеңиз?
– Билбейм, адам баарына көнөт экен. Эжем бар эле, ага көз тийип, ооруканага алып барышса жүлүндөн суу тартып салып, кийин каза болуп калган. Анда 2-3 жашта элем. Бөлөлөрүм, туугандарым бар. Кийин дос таптым, тууган таптым, ага таптым, алардын баарын бир тууганым деп эсептейм. Бир эжемдин баласы экөөбүз ээрчишип бир туугандай өстүк. Жалгыз бала өзүмчүл, эрке болуп калат дешет го, эрке эле өстүм. Бирок эркелик менен катар көрчү нерсени да көрдүм. Апам Бишкектеги “Ош базарда” соода кылчу. Андан акча сурап, 9 сомдон суусундук сатып алып, аны кичинекей арабага салып базарды аралап 15 сомдон сатчумун. Апам кандай кийим болбосун колго тигип берип, жамаачы кылып кийгизчү. Азыр байпак жамаган киши жок, көрсө, ошонун баары барга-жокко көнсүн деген тарбия экен.
– Былтыр маектешкенибизде адегенде үй, унаа алышым керек, анан калганын көрөбүз деген элеңиз...
– Ишке ашып жатат, Кудай буюрса. Бир нерсени түшүндүм, азыркы тил менен аффирмация айтып дейбиз го, адам эмнени тилек кылса, көксөсө, ага жетет экен. Мисалы, колумда бир сом жокто машине алам деп ниет кылгам. Эбептен себеп болуп машине алдым. Анан ал машинени сатып, Тойота Камри алайын дедим, ага да жеттим. Ал убакта үй алайын деп ойлобоптурмун. Анан жайында атама машине алып берейин деп ниет кылдым эле, дагы да эбептен себеп болуп акча топтолуп, машине алып бердим. Эми кынык алып алдым (күлүп). Ишенип калдым. Кудай буюрса, үйлүү болоюн, үй-бүлөлүү болоюн деп тилек кылып жатам. Сөзсүз эле материалдык байлык эмес, бактылуулук, ден соолук, баалуулуктарыбыз дагы болсун деп тилейм.
– Үй-бүлө демекчи, ырчы Нурайым Акылбекованы жайында айтышта элге тааныштырып, жүгүндүрдүңүз эле. Үйлөнүүгө аз калдыбы?
– Биз деген менен Кудайдын планы бөлөк го. Ушул маселеде көп сын болот экен, ошого ачык айтпай эле турайын. Айтышта Мамбет байке айтып жибергенде айла жоктон сахнада айтып жибергем. Ачык эч нерсе боло элекпиз, бардык нерсенин учуру келет. Ошол учурда чечилип айтып берейин.
– Жакында Казакстандагы бир айтышта “Назарбаев президент кезде жакшы кабыл алчу элеңер” депсиз. Көңүлүңүзгө толбогон бир нерсе болдубу?
– Жок, Айчолпон деген кыз менен айтышып жатканда ал тийишип калды. Көк бөрү мелдешиндеги окуя боюнча бир нерсе айтты эле, мен “Назарбаевдин заманы өтүп кетиптир, ал болгондо мындай кылбайт элеңер” деген таризде тамаша айттым. Нурсултан Назарбаевдин тушундагы айтыштарда казак акындарына “мен сага катуу айта берем, бирок сен мага кайра жоопту кайтарбайсың, анткени Нурсултан дегендерге эч качан катуу айта албайсың” деп тамаша айтканым бар.
– Төкмөлүк өнөрдө сөз байлык кенен болушу керек, сиз кантип кеңейтесиз?
– Негизи ар бир адам ар кандай нерсе менен кеңейтет. Такыр китеп бетин ачпаган адамдар бар, бирок акындыгы укмуш. Алар куйма кулактар, укканын илип алышат. Сөз байлыгын өстүрүү үчүн бирөө китеп окуйт, бирөө айтыштарды көрөт. Менде негизгиси китеп. Анан угуу аркылуу да сөз байлыгыңды кеңейтесиң. “Акындын мектеби – дасторкондун чети” деп айтылат. Элге аралашсаң дасторкондо улуу муундагылар укмуш сөздөрдү сүйлөшөт, анын баарын илип калып, айтышка алып чыксаң болот.
Гулийпа Маметосмон кызы