Жаш саясатчы, учурда камакта отурган Темирлан Султанбеков учурда суу жана шире ичип жатат. Бул тууралуу 10-декабрда Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) маалымдады. Маалыматка таянсак, Султанбеков 15-ноябрдан бери ачкачылык кармоону улантууда. №1 СИЗОнун жетекчилиги ачкачылык кармоонун ден соолукка зыяны жөнүндө бир нече жолу эскертишкени, бирок ал жоопсуз калтырганы айтылат маалыматта. Ошондой эле Султанбеков 7-декабрда сунушталган медициналык жардамдан расмий баш тартканын, ошентсе да анын абалына №1 СИЗОнун дарыгерлери көз салып турганын билдирет ЖАК. “СИЗОнун жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда” деп маалымдалды.
11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар Султанбековду эркиндикке чыгарууну сунушташты. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “ага эрегишпегиле, ал жаш бала деп жатасыңар, жаш бала болсо, өзүн жаш баладай алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келип, "башкара албасаңар мага бергиле, мен башкарам" деп жатат. Мамлекетти башкарууга өсүп-жетилсин биринчи, ага чейин мыйзам алдында жооп берсин” деди.
Темирлан Султанбеков жана анын айрым партиялаштары Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо добуш сатып алууга шектелип 14-ноябрда кармалган. 11-декабрда анын атасы Медетбек Султанбеков уулунун өмүрү коркунучта экенин айтып бийлик жетекчилерине кайрылды.