Баткендеги алыскы Зардалы айылына электр жарыгы жетти. Облустук администрация билдиргендей, айылдагы 56 үйгө, 1 мектеп жана 1 ФАПка күн панелдери орнотулуп бүттү. 10-декабрда Зардалыга энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган чиновниктер барышты. Айылга минималдуу кубаттуулугу 303 киловатт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы орнотулганы айтылды.
Быйыл октябрь айында Зардалыга уюлдук байланыш системи орнотулган. Аталган айылдын негизги көйгөйлөрү – электр жарыгынын, уюлдук байланыштын жоктугу жана айылды район менен байланыштырган унаа жолунун начардыгы болчу. Эки маселеси чечилди, ал эми жолду оңдоо иши 2025-жылы жазында башталары айтылып жатат. Маалыматка таянсак, аталган жолду курууга
389 миллион сом жумшалат.
Зардалы айылы Баткенден 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Акыркы маалыматтар боюнча, айылда 256 тургун жашайт.