2025-жылдын 1-январынан тарта маркасы жок күйүүчү майларды жүгүртүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу 12-декабрда Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Мындай кадам министрлер кабинетинин быйыл 4-июлдагы токтомуна ылайык жасаларын, жаңы жылдан тарта маркасыз бензин жана дизель майын сактоого, сатууга жана ташууга тыюу салынарын эскертет мекеме. Мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенгендер быйылкы жылдын 31-декабрына чейин күйүүчү майлардын калганын маркалашы керек.
Айта кетсек, быйыл 1-октябрдан тарта Кыргызстанда атайын маркер менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензин, дизель майын милдеттүү түрдө маркалоо талабы күчүнө кирген. Салык кызматы алгачкы 2 айда 230 миң тонна күйүүчү май маркаланганын белгилейт. Мындан тышкары маркалоо системинин кириши менен ноябрь айында күйүүчү майларга акциз салыгынын түшүүсү 2023-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 59 пайызга көбөйүп, 349 миллион сомду түзгөнү айтылды.