Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Түшүндүрсөңөр, кайсы акча тууралуу сөз болуп жатат? Ильяс короого кирип койлорду айдап чыкмакчы болгон эки жигитти токтотууга аракет кылды. Алар баш беришкен жок.

– Баарын тиги эжеден сураңыз,- дешти экөө бир ооздон. Ильяс сыртка чыгып аялга ызырынды.

– Силер кимсиңер? Чоочун адамдын үйүнө бастырып кирип, мал-жайына тийишкенге кандай укугуңар бар?! Мен милиция чакырам!

– Чакыр, карындашың берген акчага алдың да бул мал-мүлктү, уятсыз. Жер тилкесин алып берем деп канча адамды сыздатып кетти ал шүмшүк. Көрсө, бешиктен бели чыга электе эле бузулган неме турбайбы. Биз кайдан билдик. Кана, чакыр милицияңды, ансыз да соттон сотко чуркап жүрүп чарчадык. Базарда иштеп, суукта шишип-тоңуп чогулткан акчамды карындашың алдап кетти. Таап бергиле, башкаларды билбейм, менин 20 миң долларымды таап бересиңер. Бул малыңды 5 миң долларга да эч ким албайт, үйүңдү кошо сатып бересиң...

Ильяс дендароо болуп туруп калды... Сырттагы кыжы-кужу сөздөрдү кулагы чалган Атыргүл үйдөн шашыла чыгып басып келди. Тигилер иштин чоо-жайын түшүндүрүштү. Атыргүл дароо байкуштун бет кабын кийип, кайын сиңдисин чоочун аялдарга жамандап кирди...

– Катыгүн, жаман иш болгон турбайбы, Баян ушуну кылмак. Жаштайынан эрке өсүп энесин жеп тынды, эми агасын жегени калган го... Ой, кантебиз эми, ушул күндү да көрмөк белек?! Эми эмне кылабыз, ыя, бирди эки кылалы деп малыбыздын туягын эсептеп отурабыз го. Чиедей балдарыбыз бар, алар менен каякка барабыз, эжелер? Андан көрө тиги кызды таптыргыла, биз да жардам беребиз табышканга...

Ильяс Атыргүлдүн заматта өзгөрүлө калганына, амалкөйлүгүнө таң калды. Атыргүл күйөөсүнүн “эмне деп жатасың?!” дегендей суроолуу көз карашын байкады, бирок жаалданган аялдардын көзүнчө кубулуп, кууланганын токтоткон жок.

– Бизде эмне күнөө? Мына, агасы окутам, айылда жашап тур десе болбой оолугуп шаарга кеткен, андан ары айтпай-дебей Орусияга кетип калыптыр. Эми чоң эле кыз, жаш бала эмес, укпаса эмне кылалы? Бизге бир тыйын берген эмес, тескерисинче, биз берип турганбыз, агасы "малымды сатып окутам" десе да болбой койду, эркиндикти самап. Прокуратурага арыз жазгыла, Орусиядан издеп таптырса болот, азыр мыйзам катуу иштейт.

Муну уккан Ильяс селт дей түштү. Атыргүл эптеп албууттанган аялдарды кетирүү үчүн оюна келген нерсени сүйлөп жаткан. Максаты – аларды эртерээк жолуна салуу эле. Аялдар Атыргүлдүн сөзүнө ишенип калышты. “Мейли, кичинекей балдары бар экен. Тиги кыз буларды да куураткан тура” деди аялдардын бирөөсү. “Жөн эле өлүмүш болуп жатышкан болсочу?” деди экинчиси. “Үйүнүн дарегин билип алдык, зериккенде келип турабыз. Эгер биздин акчаларды агасына берсе, анда тынч жашатпайбыз” деп сүйлөшүп келе жатышты.

 

xxx

Баяндын Москвага келгенине 3 күн болду. Келген күндүн эртеси эле бөлмөдө чогуу жашаган Чика менен утурумдук жумушка чыгып кеткен. Бир жумада документтерим бүтсө туруктуу жумушка орношом деп ойлоду. Кечинде келсе баары үйдө экен. Жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдүн жубайы Баян менен таанышты.

– Сен жаңы көчүп келдиңби?

– Ооба, убактылуу эле бирок.

– Бул жакка баары убактылуу эле деп келишет, анан көпкө кармалып калышат. Чика да башында жактырбай “жашай албайм бул бөлмөдө, кетем эле кетем” дечү, азыр куусаң да кетпейт. Москванын тузу оор дешет, башында жактырбайсың, көнө албай кыйналасың, көнүп алгандан кийин кеткиң келбей калат. Кыргызстанга барсаң, көп болсо бир айдан кийин кайра Москваны сагына баштайсың.

– Менде азыр бир эле максат бар чынында, акча табыш керек...

– Бул жакка баары акча тапканы келишет. Бири-бирине коёндой окшош жумуш-үй-метро деген супсак күндөрдөн да тажайсың. Жашооңо бир өзгөчөлүк кошкуң келет, ошондой учурларда азгырылып кетпе. Өзөгүң бекем болсо моюн сунбайсың. Бош болсоң москвачыл жашоого кирип кетесиң. Мейли, иштейм деп келипсиң, ишиңе ийгилик. Бирок тиги Чикага көп ишене бербе.

– Эмнеге? Бул жакта эч кимди тааныбайм да, ошол кыз мага жол көрсөтүп, документтеримди бүтүрүп берип жатат...

– Башында жакшы кыз көрүнө берет, кийин бет кабын чечет. Биздин бөлмөдө улуу эле жубайлар жашачу, ошонун күйөөсү менен кармалып калган. Эми бул жактын жашоосун уксаң керек. Кээде жаныбызда жүргөн күйөөбүзгө ээ боло албай калабыз. Аялын таштап алыста жүргөн үй-бүлөлүү эркектерге Кудай берет да. Эч ким көрбөйт деп эле каалаганын кыла беришет.

Баянды ой баса түштү...

 

xxx

Батирде көп адам жашагандыктан кечинде жуунуучу бөлмөгө кезек жаралып калчу. Баян жумуштан келип эле душка түшкөнгө камданып жаткан. Аялын таарынтып 5-6 күндөн бери үйгө түнөбөй жүргөн баягы киши бүгүн пайда болуп калыптыр. Көздөрү ойноктогон орто жаштагы мырза Баянды карап:

– Куш келипсиз, сулуу, биздин гаремге. Душка кезек күтүп жатасызбы, сизден кийин мен. Менден кийин дагы төртөө бар. Узун кезекти кыскартып чогуу эле түшүп чыкпайлыбы?

– Эмне дейсиз?!- тааныша элек мырзадан мындай жосунсуз тамаша угуу өтө өөн учурады Баянга.

– Сиз мени ким деп ойлоп жатасыз, байке, уялбайсызбы, дагы ооз ачсаңыз аялыңызга айтам!

– Акырын! Башында баарыңар эле "байке, байке" деп келесиңер, анан эле кантип байкеңерди сүйүп калганыңарды түшүнбөй башыңар айланып калат.

Кезеги жетип калганын көргөн Баян эшикти тарс жаап душка кирип кетти.

 

xxx

Таң эрте Чика Баянды ойготуп, экөө шаша-буша кийинип үйдөн чыгып кетишти.

– Текшерүүлөр катуу болуп жатыптыр метролордо, кечээ мекендештердин ватсапп тайпасынан окудум. Эгер полицияга түшүп калсак экөөбүз бири-бирибизди тааныбайбыз, мейлиби? Менин айып пулдарым көп, кармалсам дароо эле депортация кылып ташташат. Ошол үчүн акча төлөп болсо да кулакка тээп кутулуп кетишим керек.

– А менчи?

– Тирүү жансың го, бирдеме кыласың да. Өтө кыйналсаң кечээги Кадыр акеңе чал.

– Кайсы Кадыр аке?

– Кечээ сени менен душка чогуу түшөм дегенчи.

– Сен аны кайдан билдиң?

– Ал үйдө менин төрт кулагым, төрт көзүм бар. Сага көзү түшүп калыптыр, жөн койбойт. Андан көрө ошол кызыгуусун пайдаланып башка батирге чыгып алсаң болот. Өллө “бабник” байке, кыз көрсө акчасын аябайт, андайларды акчага сындырыш керек.

– Чика, менби? Акча үчүн чоочун киши мененби?

– Уфф, жетишет, Баян, периште боло бербечи эми. Өзүңдү таза сактап калам десең, эшектей иштешиң керек. Бизди Кудай эркек менен аял бири-бирине керек болсун деп жараткан. Бул жакты Москва деп коёт, каалаганыңдай жаша, ич, же, ойно. Кантип акча таап жатканың эч кимге кызыгы жок. Эптеп үйдөгүлөргө акча салсаң болду, аны кантип таап жатасың, оорудуңбу, кыйналдыңбы, башы да оорубайт.

– Сени билбейм, Чика, менин бир тууган агам бар, бардык кадамымды сурап турат... Ушул маалда Баяндын телефонуна Атыргүл жеңесинен СМС келди. “Баян кургур, элдин акчасын алдап алып, качып кетиптирсиң. Бизди эмне күнгө калтырдың? Агаң жүрөгү ооруп ооруканада. Биздин сендей кызыбыз жок”... Баян өңү кубара жеңеси жазган катты кайталап окуп жатты. Көпкө ойлонуп кеткенгеби, жанына келип калган полиция кызматкерин байкабай калыптыр.

– Уважаемая, документы покажите,- деп буйрук берген тондо кайрылды. Баян эмне кыларын билбей, эки-жагын карап Чиканы таппай калды...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1149, 12-18-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан