Сурма Тургунаалы кызы, ырчы: «Эгиз уулдуу болуп, кубанычка бөлөнүп отурам»

Сүйүнчү, окурман! Ырчы Сурма Тургунаалы кызы эгиз уулдуу болуп, энелик бакытка балкып турган убагы. “Ай, кызым”, “Тай-тай, балам”, “Ошко” деген ырлары менен эл оозуна алынган ырчы айымдын кубанычын тең бөлүшүп, маекке тарттык. 

– Сурма айым, аман-эсен көз жарып алышыңыз менен куттуктайм. Бешик боо бек болсун! Учурда эне-баланын ден соолугу жакшыбы?

– Чоң рахмат! Кудайга шүгүр, жакшыбыз.

– Эгиз уулдарды кучагыңызга алганда өзгөчө толкунданып, жоопкерчилик мурдагыдан дагы чоң экени сезилди да?

– Албетте, эгиздер негизи башкача болот экен. Буга чейин бир кыз, бир уулду тарбиялап келгенбиз. Улуу кызым 1-класста окуйт, балам 5 жашта. Кош бойлуу кезде кандай түйшүк болорун ар бир эне билет. Биринчиден, эгиздерди жарыкка алып келүү эки эсе жоопкерчиликти, экинчиден, мыкты ден соолукту талап кылат экен. Башында биз билген эмеспиз эгиз экенин, бардык нерсе Кудайдан тура. Кийинки текшерүүлөрдө гана эгиз экени белгилүү болду. Жолдошум экөөбүздө тең өзгөчө сезимдер, өзгөчө күтүүлөр болду. Балдар аман-эсен жарыкка келип, көкүрөгүмө жаткырышканда бир башкача сезимдерге бөлөндүм. Бул көкүрөгүң элжиреген абалды энелик сезимди баштан өткөргөн адам гана түшүнөт. Ал учурда кандай абалда болгонумду сөз менен айтып берүү кыйын.

– Социалдык тармактарга кош бойлуу экениңизди жарыялаган жоксуз. Тойлордо деле кош бойлуулугуңузду билдирбей алып жүрдүңүзбү?

– Ооба, негизи эле жеке жашоомду көп жарыялай бербейм. Эл бизди чыгармачылык аркылуу аздыр-көптүр тааныгандан кийин көбүрөөк чыгармачылыкка байланыштуу маалыматтар менен бөлүшкөнгө аракет кылам. Андыктан кош бойлуу экенимди деле жарыялоону туура көргөн жокмун. Эгиздерди күтүп жатканыбызды деле бир гана жолдошум экөөбүз билдик. Жарыкка алып келгенден кийин анан сүйүнчүлөөнү туура көрдүк.

– Эгиздердин аттарын билсек болобу? Ысым коюу жоопкерчилиги кимде эле?

– Азырынча ысым коё элекпиз, ата-энелерибиз менен жалпы кеңешип, чогуу жакшы ат тандайлы деп чечтик.

– Ата-энелер деп калдыңыз, эгиз неберелүү болуу өзгөчө белек да. Алар үчүн бул жаңылык сонун маанай тартуулады болуш керек.

– Айтпаңыз, алардын кубанычында чек жок. Баарынын сүйүнүчтөрү ичке батпай турган чак. Аларга дагы күтүүсүз болду да эгиз экени.

– Айрым айымдар жолдошуна кыз төрөп бердим, уул төрөп бердим, аны-муну алып бер деп назданып шарт коюшат экен, сизде бул жагы кандай?

– Мен бул нерсеге маани бербейм. Кыз төрөдүм, уул төрөдүм, муну алып бер дегенди туура эмес көрөм. Эң негизгиси тапканыбыздын баары, биз көргөн ырыскынын баары жолдошум экөөбүздүкү тең деп билем. Башында эгиз балалуу болорубузду сүйүнчүлөгөнүмдө кубанычтан көзү жашылданып, "мен сага алтын буюм алып берем" деген өзү эле.

– Кош бойлуулук учуру кандай өттү?

– Адамдан адам жаралышы оңой эмес дегенге дагы бир жолу ынандым. Чындыгында курсагым абдан чоң болду. Чоң көтөрдүм. Башында аябай токсикоз болуп кыйналдым. Кош бойлуу учурумда Кудайдан балдарымдын, өзүмдүн ден соолугумду жана операциялык төрөтүүнүн жардамысыз (кесарево) өзүм эле төрөйүн деп тиленип жаттым. Азыр балдарымды колго алганы анын баары артта калды. Кудайга шүгүр.

– Жолдошуңуз же өзүңүз тараптан эгиз төрөгөндөр бар беле?

– "Гениңерде жок болсо кандай болду" деп ушул суроо баарын кызыктырып жатат. Чынын айтсам, эгиздер экөөбүз тарапта тең жок. Мунун баары Кудайдан экен. Эң негизгиси, генде жок дебей Кудайдан сурай билиш керек. Кудай кабыл кылат. "ЭКО кылдырдыңарбы?" дегендер дагы болууда. Ал нерсеге биз муктаж эмес элек, Кудайга шүгүр, уул-кызыбыз бар. Акчанын күчүнө таянып ал нерсени жасатып көрө тургандай деле акчалуу эмеспиз. Кудайдын буйруганы, бергени болду. 

– Келиңиз, эми чыгармачылык жөнүндө сүйлөшөлү. Жылды жыйынтыктоо алдында турабыз. Бул жыл сиз үчүн кандай болду?

– Кудайга шүгүр, быйылкы жыл абдан жемиштүү жылдардан болду. Үй-бүлөбүздүн катары толукталып минтип эгиз уулдуу болуп отурабыз. Чыгармачылыкта тынымсыз эле кызмат үстүндө болдук. Жыл башында музыкалык студия ачканбыз. Андан соң сулуулук салонун ачтым. Учурда экөө тең өз жолуна түшүп, иши жүрүп жатат. Студияда вокал, комуз, аккордеон, фортепиано, гитара боюнча айына 30-40тай окуучуну окутуп келебиз. Колдон келишинче ырларды жаздырып жатабыз. Айтор, чыгармачылыктын тегерегинде гана мээнет кылып келе жатабыз.

– Айына 30-40 окуучу болсо, жоопкерчилик чоң экен да, ээ?

– Мугалим катары жоопкерчиликти аябай сезем. Эл мени ырчы катары эле тааныса, окуучуларыма катардагы эле мугалиммин. Эл алдына чыгып ырдап коюу менен мугалимдик жумуштун орду такыр эки башка. Мугалимдик иштин жүгү оор.

– Жыл сайын жыл аягында Тотомидин-Сурма дуэти активдүү иштечү. Бир аптадан кийин эле ишке чыгам дебейсизби?

– Жок, бул нерсеге алдын ала даярдандым. Негизи биздин жумуш ошондой эмеспи. Жыл аягында жылдык отчёт дегендей, тытынып жаңы жылдык кечелерге катышып, эфирлерден баш тартпаганга аракет кылчубуз. Эми азыр иштен дагы чоң жеңишке жетишип отурам. Азыр балдарымдын жанында убакыт өткөргөн кымбат мага.

– Жакшы өргүү каалайбыз! Маегиңизге рахмат!

 

Динара Акимова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1149, 12-18-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан