Фиброз – өпкөнү берч баскан оору

Оорулардын ичинде демитип, жөтөлтүп, буттарды шишитип, тырмактарды томпок тарттыртып кыйнаган оору бар. Ал өпкөнүн фиброз дарты. Мунун келип чыгышы, дарылап айыктыруу жаатында маалыматты сиздер менен бөлүшөбүз. 

Дартта өпкөдө аба алмашуу, дем алуу кыйындайт

Өпкө – жуп орган. Көөдөн көңдөйүндө, жүрөктүн 2 тарабында жайгашкан. Экөөсүнүн салмагы адамдарда 800-1800 граммга чейин жетет. Өпкөнүн көлөмү дем алуу учурунда чоңоюп, дем чыгарган учурда кичирейип турат.

Оң өпкө 3, сол өпкө 2 бөлүктөн турат. Оң өпкө беркисине караганда 10 пайыз чоңураак. Адамдын дем алуу системи 1 мүнөттө 8 литр аба керектейт. Бул убакта адам 15-16 жолу дем алат.

Өпкөдө аба баштыкчалары- альвеолдор бар.

 Бир эле өпкөдө алардын саны 300-350 миллионго чейин жетет. Алар өпкөнүн капиллярдык кан тамырлары менен кошо биз дем алган кычкылтекти канга өткөрүп, кайра кандан көмүр кычкыл газынын сыртка чыгып турушун камсыздайт. Башкача айтканда, газ алмашуу милдетин аткарат. Кайсы бир себептерден улам ошол альвеолдордун арасындагы тутумдаштыргыч ткандар керегесине (стенка) чейин өсүп кетет. Калыңдап жана катуу тартат. Бара-бара берчке айланат. Бул фиброз деп аталат. Натыйжада альвеолдордун керегеси сезгенип, түзүлүшү өзгөрөт. Серпилгичтиги жана чоюлчаактыгын жогото баштап, калыңдайт. Фиброздордун айынан альвеолдордун керегесинен кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын өтүшү кыйындайт. Башкача айтканда, өпкөдө газ алмашуу бузулат.

Альвеолдордун арасындагы тутумдаштыргыч ткандар ката баштаса пневмосклероз, берч болуп калса пневмофиброз, туташ берч болуп жарабай калса пневмоцирроз деп аталат. Дарт түрдүү жаш куракта кездешет. Фиброз өпкөнүн бир же эки жагында тең кездешиши мүмкүн.

Дарттын 2 формасы бар

• Чектелген фиброз. Мында фиброз майда жана саны аз, башкача айтканда, майда очоктуу, ошондой эле өпкөнүн канча бир бөлүгүн ээлеп чоң очоктуу болуп бөлүнөт.

Дарттын жеңил түрүндө оору белгилери билинбейт, газ алмашууга анчалык терс таасир тийгизбейт. Оор түрүндө демигүү, жөтөлүү сыяктуу белгилери болот.

Диффиуздуу фиброз. Дарт өпкөгө тарап кеткен болот. Газ алмашуу өтө начарлайт, бейтаптын абалы да начарлайт. Өтүшүп кетсе майыптыкка же өлүмгө чейин жеткирет. 

Абанын булганышы да дартка себептер

Дарттын жаралышын шарттоочу себептер булар:

• Химия терапия үчүн колдонулган айрым дарылар, кээ бир антиобиотиктер, жүрөктүн аритмия жана бронхиалдык астма оорусуна каршы айрым дарылар (уулуу таасирлери болушу мүмкүн)

• Тукум куучулук, тамеки чегүү

• Абанын булганышы. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында абанын булганышы катталууда. Жылуулук электр станциялары, жеке мончо сыяктуулар көмүр жагат. Унаалар, темир иштетүүчү цехтер да көп. Алардан чыккан уулуу заттар абага кошулат. Андыктан жалпы коомчулук, өкмөт бул жаатта атайын иш-аракеттерди көрүүлөрү зарыл.

• Булганган аба, анын ичинже смог дем алуу жолдорун дүүлүктүрөт жана сезгендирет. Организмге таза аба жетпей кычкылтек “ачарчылыгы” жаралат. Мындан тышкары, белгилеп кеткендей, фиброздун жаралышынын бир себепкери болуп калат.

• Өпкөнүн ооруларынан дарыланбай койсо да оорусунун үстүнө фиброз кошулушу мүмкүн. Анткени иммунитет начарлайт, оорудан улам милдетин жакшы аткара албай жаткан өпкө аба менен кирген бактерия, вирустар менен оңгулуктуу күрөшө албай фиброз жаралышы ыктымал.

• Оорунун өтүшүп кетишине аймактарда пульмонолог врачтардын жетишсиздиги да себепкер болууда. Анткени убагында туура диагноз коюлбай калат.

• Гипс, акиташ, көмүр сатып иштегендерде аталган оорунун жаралуу коркунучу чоң. Алар жумушун алмаштырып, болбосо убак-убагы менен рентгенден өтүп, өпкөсүнүн абалын байкап туруулары зарыл.

• Химиялык заттардан уулануу.

• Радиация жана башка. 

Дарттын жалпы белгилери

• Өпкөнүн оорушу, демигүү. Башында жумуш кылганда, кийин жөн турганда деле билинет

• Жөтөл. Азыраак какырык чыгуу менен коштолот

• Тамакка табиттин жоголушу

• Буттар шишийт, моюн веналары жооноёт

• Дарт өтүшуп баштаганда тырмактар да жооноюп, томпок тартат

• Денеге кычкылтектин жетишсиздигинен тери, адамдын өңү бозоруп турат

• Өпкөнүн чоң бөлүгү фиврозго кабылса жүрөк бат-баттан согот, адам демигип, кышылдайт. Айрымдарда жүрөк оорусу жаралышы ыктымал

• Адам жумуш жасай албай шалдырайт

Дарылоодо консервативдүү жана операция ыкмасы керектелет

Дарылоо үчүн бейтап ооруканага жаткырылат. Өпкөнүн рентгени, компьютердик томографиясы, анализдер керектелет. Жыйынтыкка жана оорунун түрүнө карата дарылоо башталат. Бирок негизи пневмофиброздо тутумдаштыргыч ткандар берч болуп калгандан кийин кайра калыпка келбейт, дарылаганда сорулуп кетпейт. Андыктан фиброздор майда болсо аны көп дарылап кереги жок. Бирок кийин ракка айланып кетүү коркунучу бар. Андыктан 1 жылда 2 ирет рентгенге түшүп, абалын байкап туруу кажет. Микроб же башкалардан улам сезгенип, чоңоюп же жаңылары жаралуусу мүмкүн.

Эгер фиброз чоң болсо, операция жасалып, жабыркаган жер кесилип салынат. Анткени өпкө өзүнүн милдетин кыйынчылык менен аткарып, дем алуу кыйындап, өпкөдө суу толуп шишип кеткен болот.

Дарылоо ичине бронх, альвеолдорду кеңейтүүчү, сезгенүүнү кетирүүчү, оорутууну сездирбөөчү, витаминдер топтому, жасалма дем алдыруу ыкмалары жана башкалар колдонулат.

Айрымдарда оору өтүшкөндо пневмония дарты да жаралат. Мында өпкөнүн кан тамырларынын басымы жогорулап дарылоо кыйын болуп калат.

Бейтап дарыланып чыккандан кийин үйүнөн дарыланууну улантат. Бейтапканадагы врачына каттоого туруп, убак-убагы менен текшерилүүдөн өтүп турат. 

Дарттын алдын алуу

• Өпкөгө зыян тийгизүүчү товарларды сатып же колдонуп иштөөдө, мисалы, көмүр, аки таш, гипс, асбест жана башкада бет кап тагынуу керектелет.

• Өпкө оорусу болсо (пневмония, кургак учук жана башка) аны өткөзүп жибербей убагында дарылап айыктыруу. Чала дарыланууда дарт кайрадан акырындап жанданып, оор түрүнө өтөт же үстүнө дагы бир башка дарт кошулушу ыктымал.

• Жүрөк оорусунун дарыларын ичип жүргөндөр, өзгөчө аритмияныкын, ар 6 ай сайын өпкөсүн текшертип, врачтан кеңеш алып туруулары зарыл. Бул оорунун жаралашын жана аны өткөрүп жибербөө үчүн керек.

• Дегеле соо адам деле 1 жылда 2 ирет рентгенге же флюорографияга түшүп, өпкөсүндө оору бар же жок экендигин билип туруусу кажет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1149, 12-18-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан