Максат Тургуналиев: “Сенаторго кыргыз тилин, ырларын үйрөттүм”

Буга чейин Түштүк Кореяда депутаттыкка шайланган мекендешибиз тууралуу жазганбыз. Бул жолку каарманыбыз учурда Польша парламентинде иштейт. Кыргыз жигити кантип сенатордун башкы ассистенти болуп иштеп калды? Жумушу эмнелерден турат? Бул суроолордун жообу кызыктырса, маекке көз салыңыз. 

“Эмне үчүн Польшаны тандадым?”

– Кичи мекеним – Таластын Аманбаев айылы. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчисимин. 2007-жылы мектепти бүтүп, Кыргыз-Орус Славян университетине тапшырдым. Ал жерди бүткөндөн кийин магистратурада окудум, анан докторантурада окууну чечип,  Европадагы окуу жайларды караштыра баштадым. Тагдыр буюрган экен, Польшанын Познань шаарындагы Адам Мицкевич атындагы университеттин студенти болуп, 2016-2017-жылдары “Жаш илимпоздор үчүн стипендия” программасы аркылуу билим алдым. Аталган окуу жай Польшадагы алдынкы 3 университеттин бири. Окуу жай бардык чыгымдарымды төлөп, 2 жыл бою стипендия берип турду. Бул студенттер үчүн чоң жардам да. Эмне үчүн Польшадан билим алууну тандадым? Анткени бул жерде Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу жашоо жеңил, арзаныраак. Орус тилин билгендер үчүн поляк тилин үйрөнүү да салыштырмалуу жеңил. Бала кезден эле чет өлкөдө окууну, саякаттоону кыялданчумун, ошол кыялым ишке ашты. 

“Сенаторго ачыгын айтканым жагып калыптыр”                             

   – 2018-жылдын май айында Польшанын сенатору Ян Филипп Либицкий кыргызстандык студенттерди парламентке чакырды. Ошол жолугушууда ал менден “кандай пландарың бар?” деп сурап калды. “Жакшыраак жумуш болсо иштемекмин” дедим. Бир жарым айдан кийин ал мага өзүнө ассистент болууну сунуштады. Керектүү документтерди чогултуп, маектешүүгө бардым. Баарлашууда Польшанын саясаты, саясий партиялары, Сенаты  тууралуу билбесимди ачык айттым. Ага ачыгын айтканым жагып, “буюрса, бизде иштеп калсаң баарын билесиң” деди. Июнь айында ошол сенаторго ассистент болуп жумушка алынып, азыркыга чейин иштеп келе жатам. 2023-жылы күзүндө Либицкий 4-жолу Сенатка шайланды. Негизи башка сенаторлордун 1 эле ассистенти болот. Либицкий мырзанын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан (ред.: баса албайт), ага 2 ассистент керек. Аны майыптар арабасында сүйрөп, автоунаада ары-бери ташып жандап жүрүүгө, документтер менен иштөөгө мени башкы жардамчы кылып алды.

“Сенатор мени баласындай эле жакшы көрөт”                                

  – Жумушум абдан кызыктуу. Албетте, кыйынчылыктары дагы бар. Эмгек келишими боюнча менин милдеттерим – сенатордун эл алдында сүйлөй турган сөздөрүн, пресса үчүн кыска маалыматтарды даярдоо, парламентарийдин стратегиясын түзүү. Иш боюнча Польшанын ар кайсы шаарларына тез-тез каттап турам. Эл менен жолугушам. Жумушумдун арты менен кадыр-барктуу адамдар менен таанышып, баарлашам. Алардан мотивация алам. Украина, Бельгия, Чехия, Грузия жана башка өлкөлөрдө иш сапары менен болдум.

Сенатор Либицкий 2011-жылдан бери Польшадагы кыргыздарга ар түрдүү колдоо көрсөтүп келет. Сенатор өзү шайланган округдан алыс эмес жерде жашашы керек. Анткени шайлоочулар менен тез-тез жолугушуу өтүп турат. Ошого байланыштуу сенатор менен батирде 3 жыл чогуу жашап калдык. Жумуштан кийин чай ичип кененирээк сүйлөшүп калабыз. Ал үй-бүлөсү, балалыгы, кыялдары тууралуу айтып берчү. Ошентип жүрүп жакын болуп кеттик, мени баласындай жакшы көрүп калды. Мен ага кыргыз тилин, кыргыз ырларын үйрөттүм. Азыр кыргыз тилин бир топ билет.

Либицкий мырзага 6 район карайт. Сенаторлор мамлекеттен бөлүнгөн акчага өзүнө караштуу округга мектеп, бала бакча сыяктуу жайларды салдырып берет. Кийинки шайлоолордо жасаган ишине жараша добуш алат. Акча таратып добуш сатып алуу деген түшүнүк жок бул жакта.

“Кымбат жол тандабаста жүргөн сенаторлор жокко эсе”

– Польша парламенти Жогорку палатадан – Сенаттан жана төмөнкү палатадан – Сеймден турат. Сенат – мыйзам чыгаруу укугуна ээ. Сеймде 460 депутат, Сенатта 100 сенатор бар. Сенаторлор Сеймден келип түшкөн мыйзам долбоорлорун карап, аларды өзгөртүшөт, кабыл алышат же четке кагышат. Жогорку кызматтарга жетекчи дайындашат. 6 жыл ичинде Польша парламентинин ишин, саясатын, элге жасаган мамилесин, кыскасы, ички ашканасын жакшы эле билип калдым десем болот. Парламенттегилер мыйзамды сыйлап таза иштешет, жөнөкөй келет. Алардын бардык мүлкү, кирешелери декларацияда ачык көрсөтүлөт. Кыргызстандагыдай болуп кымбат унааларда, жол тандабастарда жүргөн сенаторлор чанда. Бизнесмен адам сенатор боло алат, бирок аларга өкмөт айлык төлөбөйт. Текеберленип кымбат унааларда жүргөндөр адатта кийинки шайлоодо парламентке өтө албай калышат. Эл аларга добушун бербей коёт.

“Кантип Польшада окуса болот?” 

– Польшадагы окуу жайлардын стипендиялык программасына өтүү үчүн англис же поляк тилин билүү керек. Абитуриенттин бакалавр же магистр даражасы да болушу зарыл. Стипендиялык программага мурда Польшада окубаган студенттер гана кошула алышат. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн аттестат жана жогоруда аталган тилдерди билүү жетиштүү.

“Бул шаарга жумуш издеп келгендер аз, анткени айлык жогору эмес”                            

– Познань – Польшанын эң чоң 5 шаарынын бири. Мында 600 миңдей адам жашайт. Мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайлар көп болгондуктан, калктын көпчүлүгүн студенттер түзөт. Познанда айлык акы анчалык жогору эмес. Ошондуктан бул шаарга жумуш үчүн келгендер азыраак. Ошондой эле бул шаар Польша, жалпы эле Европа боюнча арзан шаарлардын бири болуп саналат. Бул жакта тамак-аш, батир акысы башка шаарларга салыштырмалуу бир топ арзан. Бирок Кыргызстан менен салыштырсак, албетте, кымбат. Познанда кыдырып, көрүүчү жайлар көп. Мисалы, Падыша чеби (замок), Эркиндик аянты, Шопендин эстелик жайы, улуттук музей, Чоң театр, круассандар музейи жана башкалар. Варшавада коомдук унааларга билеттер 75 жана 25 мүнөт үчүн деп сатылат. 25 мүнөт үчүн дегени 70 сомдун, 75 мүнөт үчүн дегени 90 сомдун тегереги. 1 ай үчүн лимитсиз билеттин баасы 2000 сомдой болот. Ошондой эле 6 айга же 1 жылга билет алууга болот. Студенттер үчүн 50 пайыз арзандатып беришет. Мен көбүнчө өзүмдүн жеке автоунаам менен жүрөм.

“Бош убактымда досторго жолугам”

– Бир айда 3-4 гана күн эс алам. Бул күндөрү польяк жана кыргыз досторум менен жолугам. 5 жыл мурун Познань шаарында он чакты гана кыргыз болсо, азыр көп. Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарды күн сайын окуп турам жана мекенибиз өсүп-өнүгөт деп ишенем. Буюрган күнү мекениме кайтып барып, иштейм. 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1149, 12-18-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан