Үйүңүзгө жараша мүнөзүңүз

Психологияда “үй – адамдын өздүгүн чагылдырган күзгү” деп айтылат. Чынында эле ар бир адамды жашаган үйү, андагы буюм-тайымдардын жайгашуусуна карап адам тууралуу көп нерсе билсе болот. Сиз да өзүңүз тууралуу билгиңиз келдиби, анда психологдордун бул жаатта айткан маалыматтары менен бөлүшөбүз.

Эшик

Чү дегенде эле кире бериштеги эшиктен баштайлы. Көпчүлүк кире беришке эшик тандоодо классикалык күңүрт түстөргө басым жасашат. Бирок башкалардан айырмаланып, өзүнүн өзгөчө экенин көрсөткүсү келгендер да бар. Мисалы, кызыл эшиктин ээлери өзүн дайыма башкалардын көңүл борборунда сезгиси келген, чыгармачыл адам десе болот. Ал эми көк түстү тандагандар “токтоолук, жана да токтоолук” деген принципти карманган, кандай учур болбосун “муздак” акыл-эс менен эсептешкен адамдарга кошулат. Жашыл – салттуу баалуулуктарга маани бергендердики, үй-бүлөсүндө, өзүндө, жакындарынын жашоосунда гармония болуусун каалашат. Боорукер, эрки бекем адамдар жашыл түскө жакын болушат. Кара – консервативдүү көз караштагы, өзгөрүүлөрдү жактырбаган, тынч жашоону баалагандардын түсү. Анан да караны байлыкка, бийлекке жеткиси келген, амбициясы чоң адамдар тандашат. Ак түстөгү эшиктин ээлери өзүнө да, өзгөлөргө да сын көз карашта болушат. Үйүндө, жумушунда болобу идеалдуу тартип, тазалыкты көзөмөлдөп тургусу келген перфекционисттер. Боз эшикке басым жасалса, анда анын кожоюнунда туруктуулукту, тынчтыкты сүйгөн мүнөз бар. Көп учурда тобокелдикке барышпайт жана өзүнө ашыкча көңүл бурууну да жактыра беришпейт. Күрөң түстөгү эшиктердин ээлери көп учурда өз ыңгайлуулугуна басым жасашат. Бир нерсе кыларда ойлонуп, кандай пайда келерин таразалап туруп чечим чыгарышат.

Үйдөгү тазалык

Эшиктен киргенден кийин көзгө эмне көрүнөт – бөлмөдөгү тазалык. Эгер кайсы учур болбосун үйү жыйнактуу жана таптаза болсо, анын мүнөзүндө жеңил ойлуулук, тобокелчилик деген сапаттар жок. Алар үчүн үйүндө, жумушунда, кийген кийиминде, ичкен тамагынан бери тартип болушу керек. Мындай адамдардан чыгармачылыкты, күтүүсүз кадамдарды күтпөш керек. Аларда бир топ алдыга түзүлгөн план бар, ошол менен жакшынакай жашай беришет.

Кир, чаң баскан, керексиз буюмдар толтура, көрүнгөн нерсе көрүнгөн жерде жатат, кийим-кече тамак-аш менен аралашып кеткен үйлөрдү көрдүңүз беле? Бул үйлөрдүн кожоюндарын баштаган ишин аягына чыгарбаган, өзүнүн жашоосун эптебегенден кийин бирөөнүкүн кантет деген суроо жараткан, тартип деген сөздөн алыс адам деп сүрөттөсө болот.

“Чыгармачыл баш аламандык” дегендер да бар. Мисалы, өз убагында идишин жуубайт, төшөгүн жыйнабайт, кайсы кийими кайда экенин унутуп калган болот. Бирок мындай баш аламандык көп кайталанбайт. Мындай адамдар көп функционалдуу эмес. Тагыраагы, анын мээси үй жыйнаганга караганда башка маанилүүрөк нерсеге алаксып жатат. 

Шкаф

Ар бир үйдө кийимдер турган шкаф болот. Демек, шкаф ээлеринин мүнөзүнө кезек берели. Кийим салган жерде идеалдуу тартип, кыры чыгарыла бүктөлүп, тизилген кийим-кечелер. Мындай тартипти кармангандар – акылдуу, логикасы күчтүү, аң-сезими бийик, жашоосун каалагандай өзгөртө алган сапаттарга ээ. Ошол эле учурда айланасындагыларга кызыксыз сезилиши мүмкүн.

Кийимдер эптеп салынып, бырышып-тырышып, томолоктолуп турса – түнт, башкалардын өз жашоосуна аралашканын каалабаган, жабык, сезимтал адам болушу мүмкүн. Дагы бир себеп, мындай адамдарда жөн гана жалкоолук сапат жеңип кеткен. Аны өзгөрткүсү да, жалкоо экенин моюнуна алгысы да келбейт. Мындай адамдардын шкафы эле эмес, жашоосу да баш аламан, баш-аягы жок күндөр менен өтүшү ыктымал.

Эгер үйү таза, тыкан, ал эми шкафын ачсаң кийимдер үстүңө төгүлүп калса, анда бул адам өзүн кабыл ала элек. Ал коомчулукка башка, үйүндө башка образда жашайт.

 Шкафта 5-10 жылдан бери кийилбеген кийим бар, бирок кайсы бир учурда кийип калышым мүмкүн деп сакталып жүрөт. Мындай “сактагычтар” өткөнүн оңою менен коё бере албаган, эскерүүлөрдү мээсине сиңирип алган адам деп мүнөздөлөт. Жаңыга акча короткусу келбейт, “биздин убакта мындай эле”, “аны алып эмне кыласың акча коротуп” деген сыяктуу сөздөрдү көп колдонушат.

Төшөк

Эртең менен эринбей төшөгүн жыйнап кеткен адамдар – бактылуу жашоого, ийгиликтерди багынтууга, жаңы нерселерди үйрөнүүгө кыялданып эле койбой, аракет көргөндөр болуп эсептелет. Төшөк жыйнагычтар өзүн, жакындарын, үйүн, жашоону, айлана-чөйрөнү сүйүп, ар бир нерсенин баасын билишет. Мындай адамдардын көбү жашоодо ийгиликтүү адамдар болуп эсептелет.

Ал эми тескерисинче, “кечинде кайра эле келип жатам да” деп төшөгүн жыйнабай кеткен адамдар да көп. Буларда кайдыгерлик сапат басымдуу. Өзүнө, жумушуна, жанындагыларга кайдыгер. Өзгөрүүлөрдү каалабайт, аракет деле кылбайт. Мындайча айтканда, күнүмдүк жашоосу менен эле жашай берет, болсо болду, болбосо жок 

Кыскача...

- Кызыгы, байпак салган суурмасы чачык, байпактар иретсиз тургандар жашоодо майда-чүйдөгө чейин көңүл буруп, баамчыл келишет делет. 

- Китептерди коллекциялаган, үйүндө сөзсүз китеп болуусун каалаган адамдардын кругозору кенен, жаңыга ачык келишет. Алар бир эле китеп эмес, башка нерсени деле коллекциялашы мүмкүн. Саякаттаганды жакшы көрүшөт.

- Муздаткыч дайыма азык-түлүккө толуп туруусун каалаган адамдар сыйчыл, меймандос мүнөзгө ээ. Алар көпчүлүк менен отуруп сүйлөшкөндү, шаан-шөкөт менен эс алганды жактырышат. Ошондой эле дүкөн, базар кыдырып соода кылганды жакшы көрүшөт.

- Иш столунда керексиз эч нерсе койбой, дайыма таза-тыкан кармагандарды ишенимдүү адамдар деп билсек болот. Аларга кандай иш болбосун же купуя сыр болбосун, ишенип тапшыра бериңиз. Мындай адамдардан жоопкерчиликтүү кызматкерлер чыгат.

- Жууп-тазалаган каражаттардын түрүн колдонгондор да бар эмеспи. Алар башкалардан консервативдүүлүгү, бийликти жакшы көргөн лидерлиги менен айырмаланат. Мындай адамдар өзүнүн, жакындарынын жашоосун көзөмөлдөп, кандай маселе чыкпасын дароо жардам бергенге даяр келишет.  

 

Асыл Орозбекова    

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1149, 12-18-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан