ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 23-декабрдан 29-декабрга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Профессионалдык жаатта күтүүсүз окуялар, өзгөрүүлөр жаралышы мүмкүн. Андыктан жумушта ойлоп жүргөн пландарыңыз болсо, ишке ашырганга аракет кылыңыз. Жыйынтыгы жемиштүү болот дешет жылдыздар. Аптада дарегиңизге карата сындарды угасыз, терикпей оңдочусун оңдоп, мааниси жогун кулак сыртынан кетиргенге аракет кылыңыз. Туугандарыңыздын бири сиз билбеген сырды ачат, ал маалыматтын келечегиңизге пайдасы тийиши толук мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптанын башын максималдуу түрдө пайдаланганга аракет кылыңыз, дал ошол күндөрү ар бир кадамыңызды ийгилик коштойт. Анан да чынчылдык жана адилеттүүлүктөн тайбаңыз, болбосо жакын деп санаган адамыңыздын ишеничинен чыгып каласыз. Аптанын экинчи жарымында кыжырыңызга тийген кырдаал жаралышы мүмкүн. Эмнеси болсо да сырттагы негативди үйгө алып келбей, үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте майрамдык маанайда жакшы эс алыңыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Кыйынчылыктардын, тиричилик маселелердин бир бөлүгүн башка бирөөнүн моюнуна жүктөөдөн коркпоңуз. Сизге физикалык да, моралдык да эс алуу керектелет. Шаршемби, бейшемби күндөрү ички туюмуңуздун жана жөндөмүңүздүн арты менен пайдалуу ишке кириптер болосуз. Өзүңүзгө болгон ишенимди өстүрүңүз. Аптада бойдоктор, өзгөчө эгиздер жылдызындагы айымдарга кыялындагы мырзасына жолугуу мүмкүнчүлүгү жогору, байкабай өткөрүп жибербеңиз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жыл жыйынтыкталып баратат, андыктан бул апта сизден күжүрмөн эмгекти талап кылмакчы. Карьерадагы жогору же төмөн жакка секирик дал ушул күндөрдөгү эмгегиңизге, талантыңызга, бал тилиңизге жараша чечилет. Ийгилик! Эске тутуу, көңүл бурууңуз начарлагандай сезим жаралышы мүмкүн. Мунун баары стресстен. Андыктан дем алыш күндөрү мээни сергитүү үчүн шаан-шөкөттөн алыстап, бир-эки күн болсо да тынч жерде, телефон-интернетсиз эс алуу сунушталат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Сырттагы адамдар менен кыйынчылыктар, ошондой эле үй-бүлөдөгү келишпестиктер сиздин ал адамдарга койгон жогорку талаптардан улам болушу мүмкүн. Мүмкүн болсо, текебердик мүнөзүңүздү артка жылдырып, баарын жумшак сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылыңыз. Жумушта жакшысы маанилүү иштерди колго алуудан убактылуу баш тартыңыз. Бейшембиден тарта көкүрөк толо дем алып, жеңилдей түшөсүз. Дем алыш күндөрү активдүүлүктөн алыс болуңуз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Сүйүү фронтунда өзгөрүүнү каалаган маанай жаралышы ыктымал, маанайга жараша мүмкүнчүлүк да чыгат. Ички туюмуңузга ишенип, жүрөктүн эшигин кенен ачыңыз. Сиздин кеңешиңизге, жол көрсөтүүңүзгө муктаж адамдар кайрылышат, жардам колун сунганга аракет кылыңыз. Жумуштагы ишенимдүү чечимдериңиз, чыгармачылык эргүүңүз башка кесиптештерге да жакшы таасир берип, жамааттык активдүүлүк күч алат. Андыктан дем алыш күндөрдү эмгектенүү менен өткөргөн оң.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Үйдө отурган кожойкелер тажатма күндөрдөн, окшош тиричиликтен тажап, күнүмдүк жашоосунда өзгөрүүнү каалашат. Ал өзгөрүүнү башкалардан күтпөй өзүңүз колго алыңыз, башкалар сиздин чечимиңизге баш ийип берет. Аптада башкалар менен тил табышуу, көндүрүү жөндөмүңүз жогору экенин байкайсыз. Бул жөндөмдү кандай жана кимге колдонууну өзүңүз байкаңыз. Сасык тумоолоп калуу коркунучу бар, андыктан жылуу кийинип, иммунитетти жогорулатууга аракет кылыңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жагымдуу, ошону менен катар келечекке пайдалуу адамдар менен таанышуу күтүлөт. Алыс жолго чыккандан баш тарта туруңуз, жол кырсыгына кабылуу коркунучу бар. Анан да бул аптада карыз алуу, карызга берүү деген окуялардан оолак болуңуз. Болбосо аласаңызды ала албай, бересеңизди бере албай убара тартасыз. Сизден жогору турган адамдардын нааразычылыгы күчөгөнүн байкайсыз, аны жоюу үчүн сизден оор жумуштан качпай эмгектенүү талап кылынат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Өзүңүздүн келбетке, ден соолукка кам көрчү апта. Андыктан улам эртең деп артка жылдыра бербей, кеч боло электе колго алыңыз. Жаңылык жоктун өзү жакшы жаңылык дегендей, бул күндөрү олуттуу өзгөрүүлөргө алып келчү окуялар, жаңылыктар күтүлбөйт. Апта аягы сапарга чыгасыз, жагымдуу жолугушуулар орун алмакчы. Айдоочу болсоңуз, жолго чыгардын алдында машинаңызды техникалык кароодон өткөрүп коюңуз, болбосо суукта ээн жолдо калып каласыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Текечерлердин жашоосунда маанилүү бурулуш жасай турган окуялар ушул аптада орун алышы мүмкүн. Андыктан баарына даяр туруңуз. Кандай ишке киришпеңиз, достордун, жакындардын колдоосу менен баары ишке ашып, көңүлүңүз жай болот. Бир гана кызуу кандуулук, эмоция менен чечим чыгаргандан алыс болуңуз. Жеке жашоодо өткөн чактагы окуяларды, адамдарды коё берсеңиз, келечек сизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы адамдарды сунаштаарын унутпаңыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Убакыт зымырап учуп, күндөр кандай өтүп жатканын байкабай каласыз. Бирок дал ушул күндөрү эски достор сиздин көңүл бурууңузга, камкордугуңузга муктаж болушат. Убакыт таап жолугушууга барыңыз, оң эмоциялар менен кайтасыз. Балалуулар балдарынын ийгилигине күбө болуп сүйүнүшөт. Алдыга койгон максаттарыңыз ишке ашсын десеңиз, алдын ала пландарыңызды эч ким менен бөлүшпөңүз. Апта аягында каржылык киреше алып келүүчү жумуш чыгат.

Балык
(20.02–20.03)

Жемиштүү ишмердүүлүккө, окуп жаткан билимди жакшы өздөштүрүүгө энергияны, эргүүнү өзүңүз табыңыз. Таппасаңыз, кийин ал иштердин артын жабуу кыйынчылык жаратат. Майдачылдык мүнөздү колго албасаңыз, түгөйүңүз менен келишпестикке кабылып, ортодо олуттуу чыр чыгышы мүмкүн. Кечиримдүү болуп, кечирим сураганга да даяр туруңуз. Аптанын аягы иште атаандаштык сезими күч алып, тоону томкоргонго даяр болосуз. Негизгиси, тобокелдиктен алыс болсоңуз эле ийгилик сиз тарапта.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1150, 20-26-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан