Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Жетекчиңиз менен көрүшүү үчүн уруксатым бар. Өзү мени күтүп жатат.

– Азим Сатарович “эч ким менен байланыштырба” деген, бирок сиз...

Менеджер кыз Али Акайды таанычу эле, ага жок дей албай кыйылып турду. Али кыжырдана түштү. “Азим Сатаровичиң дурайын” деп алды ичинен. Сыртынан жылмайып, менеджер кызга сылык кайрылды.

– Эми чоң эле адаммын го. Сизди алдамак белем? Мага жолуга турган күндү Азим мырза да чыдамсыздык менен күтүп жүрөт.

Али Акайдын таттуу сөзүнө жылмайган кыз бир нерсе дегиче Азим өз кабинетинен чыга калды.

– Азим Сатарович, бул киши...

– Саламатсыз, сиз мени чыдамсыздык менен күтүп жатканыңызды айттым! Чоң кыз ишенбей жатат.

Али какшыктай Азимдин көзүнө тике карады. Эки эркек көз ирмемчелик убакыт бири-бирин тиктеп калышты. “Мунун менде эмне иши бар?” деп жүрөгү шуу дей түштү. Алинин көзүндө жек көрүү менен кошо кызыгуу да бар эле. “Элес мунун эмнесине арбалды экен?” деди мурунку аялынын азыркы күйөөсүн жактырбай. Жымшык көздөрүн ирмегилеп, Азим алдында турган Алини бүшүркөй карады. Сыртынан таанычу, биринчи жолу бет келиши.

– Эмне керек?- деди орой.

– Ишим бар!- деди Али да тиштене. Өткүр көз карашы Азимди куйкалап бара жаткандай болду. Эмне десе? Сүйлөшпөй койсобу? Мынча келди, демек, бир билгени бар.

– Болуптур, кир...

“Кир деп койгонун кара, азыр сага көрсөтөм” деди ичинен жаны кашайган Али.  Кабинетине киргенден кийин дал маңдайына отурду. Азим да анын көзүн жалтактабай түз тиктеди.

– Эмне керек сага?

– Эмне болду анчалык?- деди мыскылдаган Али. 

– Мага конок болуш үчүн келбедиң, айтчуңду айт да тезирээк чыгып кет.

– А колдоруң эмне калтырап жатат?- деди Али жай гана.

Азим колдорун карай калды. Чын эле кагаз кармап турган колдору титиреп жаткан экен. Буттары да титиреп жатат, байкаса. “Эмне болуп жатам?” деп өзүнө кыжырлана түштү. Али аны жек көрө тиктеп турду. Сумкасынан папка алып чыгып столуна ыргытты.

– Эки айдан бери изилдеп жүрүп сага укмуш “досье” топтодум. Бул документтер менен бери дегенде 5 жылга камаласың. Эң мыкты камералардын бири сеники болот. Эч кам жебе.

Азим калтыраган колдору менен папканы ачып кагаздарды карай баштады. Контрабандалык жол менен алынып келинген товарлар, кириш-чыгышынын баарын жазып, схемасын кошо чийиптир. Эки ай изилдеп жүргөнү чын окшойт.

– Далилиң барбы?

– Мени журналист дейт. Далилсиз жүрөмбү мен? Далил көп!

Али шашпай телефонун алып чыкты. Видеодо Азимдин жакында эле иштешпей калган кол алдындагы эң ишенимдүү адамы сүйлөп жатыптыр. Товарлардын кириш-чыгыш операциясын сайрап бериптир. “Энеңди, бирине да ишеним жок, мындай бурулсаң эле аркаңдан канжар урганга даяр акмактар”... Азим моюнун буруп кетти.

– Элдин баарына таза бизнесмен катары көрүнүп жүрүпсүң! Бирок сендейлер эч качан оңолбойт. Сазга батканы баткан...  Сендейлердин азабын жакындары тартышат.

– Элес?

– Элес же кызың! Эмне айырмасы бар. Ооздорунан арам тамак кирип жатканын билгенде...

– Мунун баарын мага шоу көрсөтүш үчүн чогултпаган чыгарсың. Элеске айта турган болсоң ага эбак бармаксың. Мага келдиң. Эмне керек сага?

– Ооба, айта турган болсом Элеске бармакмын. Муну кызганыч же башка катары караба. Кызыңар бар. Мен тийишпейм. Менин каалаганым башка. Эми мындай, колумдагы бул далилдер менен органга кайрылсам сага сонун “шоу” уюштуруп беришет. Өмүр бою унута албайсың. Андан кам жебе. Бирок менин максатым сени ал жакка киргизиш эмес. Мага керек нерсени бересиң, мен  колумдагынын баарын далил-малили менен кошо жок кылам.

– Ии де.

– Ооба. Куткарсаң өзүңдү куткардың. Болбосо жок.

Азим ойлонуп калды. Аркасынан казып баштады дегенди укканда эле болжолу менен Али Акай экенин билген. Бирок мынчалык “терең” казат деп ойлогон эмес. Түлкү изин кандай мыкты жашырса, Азим да дал ошондой изимди жашырдым деп ойлоп жүргөн. Бирок болбоду. Азим оор үшкүрдү.

– Айт, сага эмне керек?

Али телефонунун экранына сүрөт чыгарып, тигинин бетине жакындатты.

– Датасын кара. Менин балдарым жоголгон күндүн эртеси. Мына, бул машине сеники. Менин балдарым кайда?

Азим башын чайкады. Каректерине жаш толуп чыкты. Эки баланы телмире тиктеди. Кайра башын чайкады.

– Мен сенин балдарыңды билбейм...

Али өзүн жоготуп жиберди. Куду илбирстей атырылып барып тигинин кокосуна жабышты. Жүзүнө былч эттире муштап, дубалга сүйөп муунтуп кирди. Өзүн унутуп койду. Эчен жылдан берки үмүтү, сагынычы, кайгысы, ызасы баары чогулуп келип, өзүн унуттуруп салды. Азимди өлтүрүүдөн да кайра тартпайт эле. Көзүнө тиктеп туруп “балдарыңды билбейм” деп жалган айтканына чыдабады. Кудай жалгап, ошол учурда менеджер кыз кирип келип бакырып жиберди. Али Акайдын колдору бошой түштү. Жүзү кызарып кара-көк болуп кеткен Азим ошондо араң бошонду. Менеджер кыздын үнүнөн улам башка кызматкерлер да кирип келишти.

– Бул эмне деген уятсыздык? Милиция чакырабыз.

– Али Акайбы бул?

Кызматкерлер өз ара сүйлөшүп жатышты. “Чыккыла” деди энтиккен Азим. Колу менен “кеткиле” дегендей ишарат кылды. Эч нерсени түшүнбөгөн кызматкерлер ийин куушуруп чыгып кетишти. Эки бурчта энтиккен экөө гана калды.

– Өлтүрө жаздадың, келесоо!- деди Азим көйнөгүнүн жакасын түздөп.

– Эмкиде чындап колумдан соо чыкпайсың.

– Чындап эч нерсе билбейм.

– Сенин машинең турат.

– Машине меники! Бирок менин эч нерседен кабарым жок болчу. Лимон түрмөдөн чыкканда эле менин машинемди айдап жүргөн.

– Лимон?

– Ооба. Башка ким болмок эле?

– Өлгөн адамга шылтай салып качканы турасыңбы? Аныңдын көрүн казып сураймынбы балдарымды?

– Ишенсең да, ишенбесең да, мени тирүүлөй отко салсаң да бир билгеним ошол. Лимон уурдады балдарды. Мен анын планын кийин билдим. Билгенде да кеч болуп калган.

– Калп айтасың!

– Лимон өлдү. Мен калп айтканда эмне? Ал жерде турган менин машинем, моюнума алам. Бирок балдарыңды мен качырган жокмун. Өзүң ойлосоң, мага эмне кереги бар эле? Биз Элес менен кийин жолуктук. Лимон тирүү кезинде Элеске кызыгып эмес, жөн гана анын жанында туруп калган эркектерди бычтырып салчу. Ал ушундай жинди эле. Түрмөдөн андан бетер жырткыч болуп чыгыптыр. Болбосо, кимдин акылына балдарды уурдамак келмек? Мен да кийин билип нес болдум.

– Элес... Ал эмнени билет?

– Ишен, эч нерсени билбейт. Балдардын Лимон колдуу болгонун да, Лимон менин машинемди минип жүргөнүн да билбейт. Билсе мени менен жашайт беле? Менден балалуу болот беле?

Али Акай көзүн жумду. Жок дегенде ушундай болсун. Жок дегенде балдарынын апасы бул окуяны билбеген болсун. Жок дегенде тереңде бир сезимдерде Элеске деген таза сезим калсын. Ичинен жеңилдене түштү. Бири-бирине чынжырдай байланган эки эркек өз ойлору менен алек эле. Алар өз балдарын ойлоп жаткан. Азим Элес чындыкты билсе кызын алып кетип каларын ойлоп, жаны кашайып турду. Али болсо өз балдары тууралуу жиптин учу кайра колунан чыгып кеткенине ишене албай жатты. Тагдыр ага дагы кандай жол даярдап турганын ким билсин?..

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1150, 20-26-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан