ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ - 2025. Жылан жылы ийгилик ээрчитип келеби?

Жыл жаңырарына аз убакыт калды. Демек, артка бир кылчайып, өткөн күндөрдөн жыйынтык чыгарып, алдыга жаңы максаттарды коюуга учур келди. Жаңыра турган Жылан жылы ийгилик алып келеби? 

Жылан эмнени талап кылат, кимдерди колдойт?

2025-жыл Чыгыш гороскобу боюнча – Жашыл жыгач жылан жылы. Ал өз өкүмүн 2025-жылдын 29-январында баштап, 2026-жылдын 16-февралында аяктайт.

Жылан өзүнө ишенген, ички туюму күчтүү, айланага шашпай чыдамдуулук менен саресеп салып, ыңгайлуу учурду күткөн жаныбар. Эгер анын тынчтыгын бузуп, чочутса чагып, уусун чачат. Андыктан жыл ичинде анын куйругун баспай, тынчтыкты сактап, чыр-чатактардан качуу керек. Негативдүү эмоциялар оңдоого болбой турган терс жыйынтыктарга жеткириши мүмкүн. Жылан өзүндө акылмандыкты алып жүрөт, ошондуктан астрологдор Жылан буга чейинки ачылбай келген эшиктерди ачат дешет. Бирок бул мүмкүнчүлүктү колдонууда жаңылбаш үчүн 7 өлчөп, бир кесүү керектелет. 2025-жыл акылга салып иш кылгандарды, өсүүгө умтулгандарды колдойт. Бул философтордун, ойчулдардын убактысы. Акыл эмгеги менен иштегендердин ити чөп жеп, иши алдыга жылат.

Чычкан

(1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020)

Эркиңизди сыноо жылы. Өзүңүзгө ишенип, чыдамкайлык көрсөтсөңүз, ар кандай кырдаалдан чыгып кете аласыз. Жазында бир орунда отурбаңыз, тил үйрөнүңүз, курстарга барыңыз. Жайында тобокелге салуудан чочулабаңыз. Күз – жетишкендиктердин даамын татуучу убак.

Каржы. Акчаны маңдай тер менен табыңыз. Алдоо жолу менен табылган акча жукпайт жана көп эселеп чыгып кетет. Бизнес идеяңыз болсо, аны ишке ашырууга март, август ылайыктуу. Жыл ичинде кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүктөр жаралат.

Иш, карьера. Башкы куралыңыз – интеллект болмокчу. Жаңы вакансиялардан кабардар болуп туруңуз. Карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө жылдын 2-бөлүгү ылайыктуу.

Сүйүү, мамиле. Үй-бүлөлүүлөр ийкемдүү жана сабырдуу болушу керек. Сын-пикирди адамды сындыра турган деңгээлде катуу айтпаңыз. Жашоо принциптериңиз жазында сизди туюкка камайт. Бойдоктор көп нерсени билүүгө кызыкдарлыгы, активдүүлүгү жана юморго жакындыгы менен башы бошторго жага алышат.

Ден соолук. Иммунитетти көтөрүү үчүн дайым кыймылда болуу кажет. Жазында уйкусуздуктан же муун ооруларынан жапа чегишиңиз ыктымал.

Уй

(1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009, 2021)

Тең салмактуулукту сактоо жылы. Жыл ичинде акыл-эсти жыйдырбай күтүүсүз кырдаалдар жаралып турат. Зыян тартпаш үчүн жагымсыз окуяларга даяр туруңуз. Жылдын 2-жарымында чечим кабыл алууда жаңылбоого аракет кылыңыз. Кеч күздө баалуулуктар, максаттар боюнча оюңузду өзгөртүүчү окуяларга кабыласыз.

Каржы. Жыл башында кошумча киреше табууга эшиктер ачылат. Күздө кымбат буюмдарды сатуу же сатып алууда алдамчыларга алданып калуудан этияттаңыз. 

Иш, карьера. Лидерлик сапатыңыз кызматтан көтөрүлүүгө шарт түзөт. Жайы жумушту аркалап кетүүгө күчүңүз жетсе, анда чамдаңыз! Бизнеси барлар жазында жаңы өнөктөштөрдү табышат.

Сүйүү, мамиле. Бойдоктор жайдын башында күтүүсүз жерден болочок жан шериги менен таанышышат. Үй-бүлөлүүлөргө чыдамкайлык тилейбиз. Кылдан кыйкым издеген учурлардын көп кайталанышы күтүлөт.

Ден соолук. Психологго кайрылып, бала кезде алган психикалык жаракаттардын таасиринен арылуу сунушталат. 

Жолборс

(1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010, 2022)

Ак, кара тилкелердин жылы. Ийгиликтер менен кошо жагымсыз окуялар шаштыңызды алып эшик каккылап турат. Андыктан бош убактыңыз болбой, баарына жетишүү үчүн жыл бою жан үрөп иштейсиз.

Каржы. Кирешеңиз мурдагы деңгээлде калат. Акчаны үнөмдөбөсөңүз, каржылык абалыңыз оорлошот. Күзүндө банктан насыя же бирөөдөн карыз албаганга аракеттенип, мүмкүнчүлүккө жараша жашоо кечириңиз. Болбосо жыл аягына чейин карызыңыз үйүлүп кетиши мүмкүн.

Иш, карьера. Бул жаатта сюрприз болбойт. Чогуу иштешкендер менен сый мамилени сактап, жетекчиликке каршы уюшулган кутумдардан алыс болуңуз. Болбосо, жаңы иш издеп каласыз.

Сүйүү, мамиле. Бойдоктордо өмүрү кыска сүйүүлөр, романтика көп болот. Үй-бүлөлүүлөр дайыма чогуу болбосо, ортодогу ынтымак ыдырайт. Бири-бири жөнүндө айың кеп угуп мамиле муздашы мүмкүн. Ортого от жаккысы келгендер жок эмес.

Ден соолук. Жазында жана жыл аягында өнөкөт оорулар тынчыңызды алат, дарыланыңыз.  

Коён

 (1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011, 2023)

Бөтөнчө жыл. Көндүм адат жана принциптерге жабышып албай, рамкадан чыксаңыз гана ийгилик келет. Жай ортосунда түйүндүү маселе бир топ кыйнайт. Таразалап, салкын кандуулук менен чечим чыгарган оң. Башка жакка көчүү, мураска ээ болуу, күтүүсүз саякат сыяктууларга даяр туруңуз.

Каржы. Жазында утуш, бонус, сыйлыктарга ээ болосуз. Акчаны үнөмдөсөңүз эле баарына жетет. Жайында киреше азаят, шопинг, интернеттен буюртма кылып товар алуудан баш тартуу кажет.

Иш, карьера. Жыл сизге көкөлөө жана ылдый түшүү сценарийин даярдоодо. Кандай болгон күндө да өзүңүздү бир калыпта кармап, чөгүп же көөп кетпеңиз. Иш алмаштырам десеңиз, жаз жана күз мезгилдери ылайыктуу. Кандай болсо да туугандардын кол алдында иштөөдөн качыңыз. Анткени оңтойсуз жана жагымсыз окуялар көп болот.

Сүйүү, мамиле. Сүйүктүүңүздүн майда кемчиликтерине көз жумуңуз. Анткени сиз деле идеалдуу эмессиз. Гармонияны сактоо үй-бүлө үчүн зарыл.

Ден соолук. Жыл ичинде кулак, мурун, тамак ооруларынан абайлашыңыз керек. 

Балык (ажыдаар) (1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012, 2024)

Бийиктикке умтулуу жылы. Ажыдаардын бийиктикке умтулуу, бийликти самоо тилеги Жыландан колдоо табат. Анткени экөө “тууган” келишет. Чамдаңыз, жашооңуздун көп тармагында жакшы өзгөрүүлөр болот, кабыл алыңыз. Июнь жана июль – кыйынчылык мезгили. Сентябрда сизге пайда алып келүүчү чечимдерди кабыл аласыз. Күздөгү ийгиликтер энергия тартуулайт.

Каржы. Күтүлбөгөн жерден киреше кирип турмакчы. Андан тышкары белек же чоң сыйлык аласыз. Жылдын 1-жарымында көп акча таап, аны жылдын 2-жарымында чоң иштер үчүн жумшаган туура.

Иш, карьера. Амбицияны ишке ашырууга жаз мезгили ылайыктуу. Ар тараптан ийгилик коштойт. Жакшы сунуштар түшөт. Буга чейин даабай келген ишти колго алсаңыз шыр уланып кетет. 

Сүйүү, мамиле. Иш менен жеке жашоону тең салмакта кармап, кызганычтан алыс болуу  сунушталат. Болбосо ортодон жарака кетип мамиле туңгуюкка кептелиши мүмкүн.

Ден соолук. Олуттуу коркунуч жок. Йога, сүкүт тартуу кыйынчылыкта сизге жардам берерин эске тутуңуз. 

Жылан

(1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013)

Эскиден арылып, келечекке кам көрүү жылы. Өзгөрүүлөргө, жаңыланууга даяр туруңуз. Тагыраагы, жыландар эски терисин сыйрып ташташы керек. Быйыл иште ката кетирдиңиз, башкалар сизди сатып кетишкенин көрдүңүз, акчаны күмөндүү ишке жумшадыңыз. Эми ушулардан жыйынтык чыгарып, катаны кайра кайталабаңыз, алдыга чечкиндүү кадам таштаңыз.

Каржы. Ири кирешелер көрүнбөйт, бирок айдан айга акча жетип турат. Жазында алдамчылардан сак болуңуз. Үйдө эмеректерди жаңыртуудан, чет өлкөгө чыгуудан карманып, акча топтоңуз.

Иш, карьера. Жумушта майда чыр-чатактар болуп турат. Бирок көрө албастардын капканына түшүп калбай, ишти андан ары улантып кете берүү керек. Жетекчилик сиздин талантты, лидерлик сапатты баалап айлыгыңызды көбөйтөт.

Сүйүү, мамиле. Жеке жашооңузда майда кризистер болуп турат. Ушактарга ишенип, сүйүктүүңүздү суракка ала бербеңиз. Ага ишеним артыңыз. Ошондо баары жайында болот.

Ден соолук. Мезгилдик оорулардан, жаракаттардан сак болуңуз. Аллергия кыйнабасын десеңиз, анда мурда жеп көрбөгөн жемиштерди жегенден абайлаңыз.

Жылкы

(1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014)

Ийгиликтер үчүн салгылашуу жылы. Жылдын 1-жарымында өзүңүздү селкинчек тепкендей сезесиз. Бирде өйдөгө чыгып, бирде ылдыйга түшүп жүрүп отурасыз. Бул сизди чыйралтып, эркиңизди чыңдап, чоң иштерге даярдап коёт. Максаттарга жетүү үчүн позитивдүү энергия менен кошо каарданууну, кыжыр келүүнү да колдоносуз.

Каржы. Жазга чейин чыңалуу менен иштегениңизге карабай кирешеңиз маанай көтөрбөйт. Май айынан тарта каржылык абалыңыз жакшырып, бир топ нерсе сатып аласыз. Күздө кошумча майда кирешелер түшүп турмакчы. 

Иш, карьера. Ишти такалбай сүйрөп кетип, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрө билгениңиз күздө карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө түрткү берет. Кирешеңиз да көбөйөт. Бирок жоопкерчилик да өсөт.

Сүйүү, мамиле. Мамилелерди бекемдеп, жаңы деңгээлге чыгаруу сунушталат. Буга чогуу эс алуу, жакшы эмоциялар менен бөлүшүү да жардамга келет.

Ден соолук. Омуртка, боор, бөйрөк ооруларынан сактаныңыз. Ооруп калсаңыз, акырына чейин толук дарылануу керек, болбосо жыйынтык болбойт.  

Кой

(1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015)

Өзгөрүүлөрдүн жылы. Таасирдүү адамдар менен таанышып, аларга жакын болуу сизге жаңы долбоор, жаңы кызмат орун ээлөөгө жол ачарын эскертебиз. Жай – кыялдарды ишке ашырууга ылайыктуу убак. Чуркап, изденип, заман талабына ылайык өзгөрүп, жаңыча жашоо баштоого умтулуңуз.

Каржы. Тажрыйбага таянып, жакшы адамдардын кеңештерине кулак салып, жаңыча иштесеңиз гана акча үзүлбөйт. Жазында сизди чоң белек күтөт. Октябрда эңсеген буюмуңузду сатып аласыз.

Иш, карьера. Кааласаңыз, жумуш алмаштырыңыз. Маселелерди бир четинен, акыл-эстүүлүк менен чечүү сунушталат. Болбосо, көбүнөн жыйынтык чыкпай калат.

Сүйүү, мамиле. Бойдоктор жактырганын торго түшүрө алышат. Баш кошууга май, сентябрь айлары ылайык. Түгөйү барлар чогуу саякатка чыгышса, бири-бирине чынчыл болушса, мамилелери бекемделет.

Ден соолук. Уктоо, жумуш, эс алуу режимдерин бир калыпка салыңыз. Ашыкча иштеп чарчоо ден соолугуңузга залакасын тийгизет.

Маймыл

(1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016)

Акылга таянып жашоого көнүү жылы. Эмоцияга эмес, акылга таянып иш кылганда гана баары жакшы болот. Жаз – капиталды көбөйтүүгө ыңгайлуу учур. Жайында амбицияны ооздуктап, кырдаалдарды туура баалап иш кылыңыз. Күздөн тарта жеке жашоону жолго коюуга, үйдөгү ыңгайлуулукту жакшыртууга киришкен туура. 

Каржы. Жыл ичинде буга чейинки топтогонуңуздан кол жууп отуруп калышыңыз мүмкүн. Андыктан жакындарыңыз менен чыгашаларды кыскартууну акылдашыңыз.  Киреше жайдан тарта гана көбөйө баштайт.

Иш, карьера. Кесиптештер менен улам чырдаша берсеңиз, карьералык баскычтан жогорулашыңыз кыйын. Жайында көйгөйлөр көп жаралып, чарчайсыз. Күмөндүү долбоорлорго катышпаңыз. Болбосо акырында сиз күнөөлүү болуп, бүт көйгөйдү моюнга илип аласыз.

Сүйүү, мамиле. Жазында үй-бүлөдө бейпилдик өкүм сүрөт. Жайында каржы жетишпестиги талаш-тартыш жаратышы ыктымал. Бойдоктор кол сунган адамы макул болсо, никени эртелете беришкени оң.

Ден соолук. Ашыкча иштеп чарчоо ден соолугуңузга терс таасирин тийгизет. Туура тамактанып, спортко жакын болсоңуз оору-сыркоо жолобойт.    

Тоок 

(1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017)

Сыноолорго каршы аракеттин жылы. Тагдыр сизге кандай гана сыноолорду тартуулабасын чыдамдуулук, акылгөйлүк менен чыгып кетесиз. Сизге кары жана жашы жете элек жакындарыңыз көйгөй жаратат. Аларды колдоого же алар менен тил табышууга да энергияңыз коройт. Жайында эс алып, ойду бир жерге топтоп алыңыз.

Каржы. Тапканыңыз муктаждыктарды жабышы үчүн жан үрөп иштеш керек болот. Ишенимдүү адамдар бизнес баштоого жол көрсөтөт. Бирок чыгаша тартып күйүп калбоо үчүн жети өлчөп, бир кесүү кажет.

Иш, карьера. Карьерадан жогорулоого апрель, июль ылайыктуу. Көптөр жумуш алмаштырышат.

Сүйүү, мамиле. Сүйүктүүңүз менен жашоого, келечекке көз караш, максаттарды сүйлөшүп, анализдеп, пландарды такташып алышыңыз зарыл. Бул жашоого реалдуу карап, өз убагында туура чечим чыгаруу үчүн керек. Мүмкүн, жалпы кызыкчылык үчүн жеке кызыкчылыктардан баш тартасыз. 

Ден соолук. Тамактанууда боорго күч келтирбегендей болуңуз. Өз алдынча диета кармабай, диетологго кайрылган оң.

Ит

(1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018)

Изденүү жылы. Жаз мезгили бир калыпта өтөт. Жаңы жеңиштер үчүн күч, энергия топтоого ылайыктуу убак. Жылдын 2-жарымында бир силкинип алып, изденип, жаңы нерселерди үйрөнүп, жасап, көзгө көрүнөсүз. 

Каржы. Туруктуу киреше кыйналбай жашоонун негизи болуп берет. Бирок чоң буюм, кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн акчаны үнөмдөө маанилүү. Салыктарды өз убагында төкпөсөңүз, тууму өсүп, эки эсе чыгаша тартасыз.

Иш, карьера. Жоопкерчиликтин баарын моюнуңузга илип, бизнести да жалгыз сүйрөп кыйналбаңыз. Үзөңгүлөш досторду, пикирлештерди тартыңыз. Жазында ийгиликтер сиздики болмокчу. Жайында киреше көбөйөт. Атаандаштар менен негизсиз тирешүүдөн, жетекчиңиз менен кайым айтышуудан качыңыз.

Сүйүү, мамиле. Сүйүктүүңүздү ашыкча  кызгануудан, андан шектенүүдөн алыс болуңуз. Болбосо улам чыр чыга берип үйдөн береке качат.

Ден соолук. Жазында окулистке кайрылып көздү текшертүү сунашталат. Көрүүнүн начарлап кетүү коркунучу бар. Күздө жол кырсыктарынын алдын алыңыз.

Доңуз

(1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019)

Күрөшүү жылы. Жаңы мүмкүнчүлүктөр үчүн күрөшүү, укукту, жеке көз карашты, кол тийбестикти коргоо жылы. “Комфорт зонасын” таштап, өжөрлөнүп иштөө керектелет. Тоскоолдуктарды достордун жардамы менен жеңесиз. Күздөн тарта жашооңуздун ак тилкеси башталат. Максаттарга жетүүгө, жашоодон ырахат алууга умтулуңуз.

Каржы. Жылдын 1-жарымында күтүлбөгөн чыгашалар болот, демек, капчык бөксөрө түшөт. Күздө кирешелер көбөйүп кубандырат.

Иш, карьера. Айрым кесиптештердин тукуруусунан улам жамаат менен чырдашып калуудаан сак болуңуз. Алардын сиз аркылуу каршылаштарынан кутулгусу келишет. Жайдын ортосунда сизди жаңы иш оруну, жакшы маяна күтөт.

Сүйүү, мамиле. Үй-бүлөлүүлөр үчүн жыл негизинен тынч өтөт. Бойдоктор үйлөнүү сунушун киргизерден мурун бийкечтин мүнөзүн жакшылап талдап, түбөлүк өмүрлүк жар боло алабы деп ойлонуулары зарыл.

Ден соолук. Жыл ичинде жаракаттарга кабылуу коркунучу жогору. Жол жүрүүдө, оор көтөрүүдө абайлоо зарыл.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1150, 20-26-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан