Косметологиянын популярдуу продукцияларынын бири – энзим пудрасы. Энзим пудрасы качан пайда болгон? Эмне максатта колдонулат? Зыяны жокпу? Бардык типтеги терилерге болобу? Бул суроолорго жоопту макаладан издеңиз.
ЭНЗИМ – БЕЛОК
Пудра дегенде макияжга керектүү, беттеги тактарды жапкан, тон берген косметикалык каражатты элестетебиз. Бирок энзим пудрасы макияжга эмес, кам көрүүчү каражаттарга кирет. Ун сыяктуу порошок түрүндө болот. Аталышын чечмелейли: энзимдин өзөгү майда-майда энзим деп аталган ферменттерден турат. Андыктан алыс кетпей энзим пудрасы аталып калган. Бул ферменттер жашылча-жемиштерден алынат. Энзим түзүлүшү боюнча кадимки белокко жакын келет, курамында эң көп энзим ферменти бар өсүмдүк – папайя. Папайядан папаин заты алынып, тамак сиңирүүнү жакшыртуучу, ичеги-карын ооруларына каршы, байламталарды бекемдөөчү дары-дармектер жасалат. Андан сырткары косметикалык каражаттар, анын ичинде энзим пудрасы да жасалат.
МЕКЕНИ – ТҮШТҮК КОРЕЯ
Түштүк Корея маданияты, ашканасы, косметикасы дүйнө жүзү боюнча канатын кенен жайганы талашсыз. Энзим пудрасынын мекени да Түштүк Корея болуп саналат. Корейлер бул каражатты 2010-жылдары эле ойлоп табышкан. Бирок дүйнө жүзү боюнча акыркы жылдары гана популярдуулугу артып, косметологдордун изилдөөсүнө айланган.
ЭМНЕ МАКСАТТА КОЛДОНУЛАТ?
Энзим пудрасынын негизги максаты – бет терисиндеги өлүү клеткалардан тазалоо, жумшак пилинг болуп саналат. Беттеги жаңы түшкөн майда сепкилдерди, тактарды кетиргенге жардам берет, терини агартат, безеткиден арылууга, поралардын жабылуусуна шарт түзөт. Энзим пудрасы – пилинг, скраб деген каражаттардын жаңыланган, жумшартылган түрү десек болот. Пудранын курамындагы:
Папаин (папайядан алынат) – антибактериалдык касиетке ээ. Андыктан теридеги сезгенүүлөргө каршы күрөшөт. Беттеги акне, тактарды агартууга жардам берет, терини тынчтандырат.
Бромелаин (ананастан бөлүнүп чыгат) – теринин эпидермисиндеги өлүү клеткаларды тазалап, жаңылануусуна жардам берет. Сезгенүүгө каршы каражат, теринин майлуулугун жогорулаткан себум менен күрөшөт, беттеги шишик менен күрөшөт, пораларды тарытат.
Фицин (инжир) – инжир мөмөсүнөн алынган энзим терини нымдандырып, азыктандырып, жаркыраган түс берет.
Липаза (күн карама, буудай, козу карын) – өсүмдүктөрдөн алынган бул энзим бромелаин сыяктуу майлуу терилерди тазалоо кызматын аткарат. Теринин микрофлорасын калыбына келтирип, антибактериалдык кызматты да аткарат.
Амилаза (картошка, жүгөрү, батат, буудай) – негизги кызматы – теридеги полисахарид калдыктарын жок кылуу. Полисахариддер сырткы факторлордон улам пайда болот, мисалы, эшиктеги чаң, косметикалык каражаттар, же болбосо зат алмашуунун бузулушунан улам. Полисахариддер себум менен биргеликте пораларга толуп, нымдандыруу процессин жайлатат.
КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Көпчүлүк косметологдор энзим пудрасынын зыяны жок деп эсептешет. Ошентсе да колдонууга каршы көрсөтмөлөр бар.
- Аллергиктер энзим пудрасын колдонууда абайлаш керек. Бет терисине коёрдон мурун колдун терисине коюп көрүңүз. 3-5 мүнөттөн кийин кычышуу, кызаруу же башка дискомфорт жаралбаса гана бетке коюу керек.
- Сезимтал теринин ээлери да абайлап колдонсун. Пудрадан кийин териңиз кызарса же ачышса, кычышса, бул каражаттан баш тартыңыз.
- Териси майлууларга да сунушталбайт. Анткени энзим териде себум затынын көбүрөөк бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Себум өз кезегинде терини ого бетер майлуу кылып жиберет.
- Териде ачык, ириң жарасы барларга да болбойт.
- Дерматит, экзема, күйүк жана башка сезгенүүлөрдө тыюу салынат.
СУНУШТАЛАТ
• Бет териси кургактарга
• Безеткиси барларга
• Териси түлөп, кургап, катуу болуп жаткандарга
• Сепкил жана башка майда тактарды кетирүүгө
КӨП КЫЗМАТ АТКАРАТ
1. Жуунуучу гель. Бетке жуунуучу гель катары колдоном десеңиз, жарым чай кашык пудраны алаканга саласыз, ага жылымык суу кошуп гель сыяктуу абалга келгенде алакандарды бири-бирине сүртсөңүз көбүк болот. Көбүктү бетке, моюнга укалоо жолу менен 1-2 мүнөт сүртөсүз да, жууп саласыз.
2. Скраб. Энзим пудрасын скраб катары колдонгусу келгендер алгач бетти суулап аласыз, анан пудраны бетке коюп, 1-2 мүнөт укалаңыз да, жуунуп коюңуз.
3. Маска. Маска үчүн пудраны суу менен аралаштырганда ботко абалында коюу болушу керек. Бетке масканы сүйкөп (көздүн айланасына сүйкөбөңүз), 5 мүнөттөн кийин жууйсуз.
4. Чачтын өсүүсүнө жардам берет. Ал үчүн башты жуурдун алдында керектүү өлчөмдөгү шампунду колго куюп, ага 1 чай кашык энзим пудрасын кошуп жакшылап аралаштыруу керек. Даяр аралашманы чачтын түптөрүнө сүйкөп, 4-5 мүнөт укалоо керек. Анан жылуу суу менен чайкап коёсуз. Бул процедура башка пилинг катары таасир берип, өлгөн клеткаларды кетирип, жаңы клеткалардын пайда болушуна шарт түзөт. Натыйжада чачтын саламаттыгы артат.
5. Денеге пилинг. Денедеги өлгөн клеткаларды кетирүүгө да жардам берет. Ал үчүн алгач денени суулап алуу керек. Анан кургак колго пудра салып, денени укалоо жолу менен сүртүп чыгып, бүткөндө жылуу суу менен чайканып коёсуз.
Эскертүү! Энзим пудрасын колдонордун алдында сөзсүз беттеги макияжды тазалоо керек. Макияж жок болсо да бетти гель, гидрофил майы же башка каражат менен жууп туруп, анан пудраны колдоносуз. Аптасына 1-2 жолу гана колдонуу керек.
Асыл Орозбекова