Жаңы жылга ТАНДАЛМА САЛАТТАР

Дагы бир жылды жыйынтыктап, жаңы – 2025-жылды тосуп алуу алдында турабыз. Майрамдык шаң жаратууну, конок тосууну ойлонуп, “дасторконго эмне койсом?” деп жатсаңыз керек, балким. Анда биз сунуштаган тандалма, даамдуу, тоюмдуу, көп убакытты албай даярдалган салаттардын рецепти сизге жардамга келсин.

 

“ДААМ” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар (4-6 порция үчүн):

Тооктун төш эти – 300 грамм

Консерваланган ананас – 200 грамм

Катуу сыр сорту – 100 грамм

Жумуртка – 4 даана

Грек жаңгагы – 50 грамм

Майонез – 2-3 аш кашык

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин, жумуртканы сууга кайнатып, бышырып алабыз. Муздаган соң этти тарамына карай кол менен бөлүп алабыз. Ал эми жумуртканы аарчып, тең экиге бөлүп, аны кайра 2-3кө бөлөбүз.

2. Ананасты банкадан чыгарып, суусун болушунча сарыктырып, орточо чоңдукта үч бурчтук кылып туурайбыз. Сыр да жука, үч бурчтук формасында тууралат.

3. Жаңгактын жарымын кесегирээк майдалап азыктарга кошобуз. Баарын майонез менен аралаштырабыз да, тарелкаларга салабыз. Үстүнө майдаланган жаңгак себелеп, жаңы жылдык дасторконго коё берсеңиз болот.

 

“СЕБЕТ” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Бадыраң – 100 грамм

Ышталган тоок эти – 100 грамм

Туздалган бадыраң – 50 грамм

Катуу сыр сорту – 80 грамм, корзина үчүн 100 грамм

Жумуртка – 3 даана

Помидор – 50 грамм

Майонез – 2 аш кашык

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Сырдын 100 граммын сүргүчтөн өткөрүп, пергамент кагазы төшөлгөн электр табасына 8-10 диаметрдеги 4-5 жука тегеректерди салабыз. 150 градуста ысып турган электр мешине эригенче (орточо 5 мүнөт) салып чыгарабыз. Бир аз муздай түшкөндө кекстин формаларына салып, муздаткычка сала туруу керек. Себеттин формасы даяр.

2. Жумуртканы сууга бышырып, аарчып, бардык азыктарды узунунан ичке кылып туурайбыз. Майонез менен аралаштырып, себеттерибизге салып, фантазияңызга жараша кооздоп дасторконго коё бериңиз.

 

“ТОКИО” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Баклажан – 120 грамм

Крахмал – 1 аш кашык

Катуу сыр сорту – 80 грамм

Помидор – 150 грамм

Черри помидору – 50 грамм

Болгар калемпири – 20 грамм

Салат жалбырагы, рукола – 1 боодон

Өсүмдүк майы – кууруу үчүн 200 миллилитр, аралаштыруу үчүн 2 аш кашык

Лимон ширеси – 1,5 аш кашык

Соя соусу – 1 аш кашык

Сарымсак – 1 тишче

Туз – татымына жараша 

Даярдоо ыкмасы:

1. Баклажандын сыртын ала-була кылып аарчып, тегерек же чоң-чоң кесебиз. Крахмалды себелеп аралаштырабыз.

2. Көмөч казанга май куюп ысытып, баклажанды кууруп чыгарабыз. Баклажан менен кошо кабакчаны да ушинтип бышырып кошуп жиберсеңиз болот.

3. Помидор, болгар калемпирин чоңураак, черри помидорун экиге бөлүп, бир идишке салабыз. Ашкөктөрдү да жууп-кургатып, кол менен 2-3кө бөлүп кошобуз.

4. Сыр ичке тилимдерге кесилип кошулат.

5. Өсүмдүк майына лимон ширесин, соя соусун, туз, эзилген сарымсакты кошуп аралаштырабыз. Азыктардын үстүнө соусту куюп аралаштырып, тарелкаларга сала бериңиз.

“МИКС” САЛАТЫ 

Керектелүүчү азыктар (3-4 порция үчүн):

Уй эти – 250 грамм

Майда картошка – 200 грамм

Черри помидору – 100 грамм

Салаттын микс жалбырактары – 150 грамм

Соя соусу – 1 аш кашык

Терияки соусу – 25 миллилитр

Өсүмдүк майы – 200 миллилитр (кууруу үчүн)

Туз – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти жука тилип, соя соусун кошуп бир саат маринаддап коёбуз.

2. Картошканы аарчып, тең экиге бөлүп, крахмалын чыгара муздак сууга жууп, кургатабыз.

3. Көмөч казанга май ысытып, картошкаларды салып, оодарып эки тарабынан тең кызартып бышырып чыгарабыз. От күчтүү болгону жакшы.

4. Көмөч же гриль көмөч казанга бир аз май куюп, эт тилимдерин эки тарабынан кызартып бышырып чыгарабыз.

5. Черри помидорун, шпинат менен салат жалбырагын экиге бөлүп, азыктарга кошуп баарын терияки соус менен аралаштырабыз.

Асел Ишенбай кызы

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1150, 20-26-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан