(Башы өткөн сандарда)
Али ордунан турду. Тигинин түбүнө кааласа жетип коёт болчу. Түрмөнүн түбүндө чиритет эле. Бирок анткенде эмне? Элес менен өзүнүн кызына окшогон наристени аяды. Ата-эненин айынан балдардын азап чеккени туура эмес. Бул адилетсиздик.
– Кааласам, сени түрмөдө чиритет элем. Бирок Элес үчүн андай кыла албайм. Кызың үчүн... Кандай ит болсоң да анын атасысың. Бирок сенин жазаң ушул болсун. Иттигиңди Элеске айтып бересиң. Ошол убакта, ошол саатта эмне болгонун эч жашырбай ийне-жибине чейин айтып бересиң.
Азим онтоп жиберди. Жан талаша башын чайкады.
– Андан көрө өлгөнүм оң. Элес мени эч качан кечирбейт. Мен андай кыла албайм.
– Кыласың! Андан башка чараң жок. “Шкураңды” сакташ үчүн бардык нерсени жашырбай айтып бересиң.
Тиги көшөрө башын чайкады. Али аны тиктеп туруп өктөм сүйлөдү.
– Баары бир угат. Сенден болбосо, менден. Эгерде өзүң айтпасаң бул “иштериңдин” баарын прокуратурага өткөрүп берем. Эки жолу утуласың.
Азимдин айласы кетти.
ххх
Элес ошол түнү жаман түш көрүп уктабай чыккан. Белине чейин сазга батып, аны куткарам деп жан талашып жаткан Алини көрдү. Жакшы эле ага колун сунайын дейт, бирок жете албайт. Ары жакта Азим турган экен, аны жардамга чакырайын десе өзү ылай. “Ай, сенин кебетең кантет?” дейин дегиче ойгонуп кетти. Аябай тердеп, жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй лакылдап согуп жатыптыр. Эмнегедир коркуп калган. Адатта түшкө деле маани берчү эмес, бирок бул жолу кызыктай боло берди. Эртеси күнү кечке маал Азимдин машинеси дарбазанын алдына келип токтогонун терезеден көрдү. “Ии, келиптир” деп ойлогуча болбой Алинин машинеси куйрук улаш келип токтоду. Таң кала түштү. Бул экөө эмне кылып жүрөт? Алардын үйүн Али кайдан билмек? Эмне деп ойлонушун билбей шалдайып эле туруп калды. Азим кирип келди. Өңү купкуу, бир нерсе болгондой. Көздөрүн ала качат.
– Айсулуу кайда? – деди ал.
– Уктап жатат.
– Жакшы, кел, биз сүйлөшүп алышыбыз керек болуп калды.
– Эмне болду?
Али аркасынан кирип келип босогодо туруп калды. Элес оозуна сөз келбей экөөнү алмак-салмак тиктеди. Эки дайра биригиши мүмкүн, бирок бул экөө чогуу болушу мүмкүн эмес эле. Буттарынан ал кете түштү.
– Эмне болду? – деди шыбырай. Үнү чыкпай калгандай сезилди.
Үчөө тегерек столдо отурушту. Бири-бирине тагдыры чырмалган үч адам маңдай-тескей отурушту.
– Эмне болду? – деди Элес чыдамы кете.
Азим сөздү эмнеден баштаарын билбей калды.
– Мен... Мен сенин балдарыңды...
– Менин балдарымды?
– Али экөөңдүн балдарыңды... Он жыл мурун... – эмне деп айтарын билбей мукактанып жатты Азим. Али Акай Элеске тике карады.
– Мен биздин балдарыбыз жоголгон күндөн кийинки датада түшкөн бир сүрөттү таптым. Жакында эле. Сүрөттө арткы фондо бир машина турат. Изилдеп отуруп ал унаа сенин күйөөңдүкү экенин таптым. Кандай болгонун сага эми өзү айтып берсин.
Элестин көздөрү бакырайып кетти. Адегенде Алини, анан Азимди тиктеди. Жер жарылып кетсе кирип кетчүдөй абалда отурган Азим аялынын көзүн карай албады.
– Эмне деп жатат?
– Лимон... Балдарды ал уурдады. Түрмөдөн чыккан күнү эле менин машинемди сураган. Баш тарта алган жокмун. Бердим. Болгон күнөөм ошол. Балдарды алып качарын билген эмесмин. Эмне деп карган десең карганып берем. Сенин балдарыңды уурдашын билгенимде эптеп токтотот элем. Кийин билдим. Кеч болуп калган.
– Сен эмне деп жатасың? Кантип сен... Ушунча жыл...
Калтыраган аял күйөөсүнөн көзүн албай турду.
– Айта албадым, Элес. Сен мени кечирбейт болчусуң. Күнөөм жок жерден күнөөлүү болуп отурам. Менин машинемди гана сураган. Башка пландарын мага айткан эмес.
– Жалган!
Элес чыңырып жиберди. Азимдин жакасына жармаша берди колдору. Көздөрүнө тике карады.
– Лимон сага айтпай кылмак эмес! Сен билгенсиң! Кайда менин балдарым? Кана, айт дедим сага!
Колунан келсе тытып жеп койчудай жаалданып кетти. Азимди тытып, уруп, тээп, тиштеп жатты. Токтоо аялдан мындайды күтпөгөн экөө тең эч нерсе дей албай туруп калышты. Бир маалда Али Элести тигиден ажырата берди.
– Болду эми, өзүңө кел. Кудай булардын жазасын берет. Элес, мени карачы...
Элес бакырып жатты. Буркурап боздоп балдарын азыр эле жоготкондой зыркырайт. Анын абалын чыдап карап туруу кыйын эле, Али Акайдын да көзүнөн жаш кетти. Элести кучактап тынчтандырууга аракет кылды. Бир кезде алсырап чарчаган аял Алинин эркине моюн сунду. Экөө кучакташып алып ыйлап жатышты. Экөө биринчи жолу он жылдан кийин балдарын чогуу жоктошту. Экөөнө тең бул жоготуу оор экенин, бирдей күйүп, бирдей өрттөнгөнүн экөө тең ушул көз ирмемде гана түшүнүштү. Ызы-чуудан ойгонуп кеткен Айсулуу бакырып жаткан апасын, аны кучактап ыйлап жаткан чоочун адамды, экөөнү карап селдейип турган өз атасын көрдү.
– Ата? – деди ал.
Үн чыккан жакты үчөө тең жалт карашты. Азим эки аттап жетип кызын кучактай бооруна кысты.
– Кызым, коркпо, баары жакшы.
ххх
Элес уккан чындыкты акылына сиңире албай жатты. Азим кызын уктатып кайра чыкканда ал өзүнө келип калган эле. Бетин жууп келди да, Азимдин так маңдайына отурду.
– Кана, баарын айт!
– Элес...
– Ийне-жибине чейин!
Азим оор үшкүрүп алды.
– Сенин турмушка чыкканыңды Лимон оор кабыл алды. Бир нече күн тамак ичпей коюптур. Ооруп да калыптыр. Биз дары-дармек алып барып турдук. Бир күнү барганымда сен тууралуу бардык маалыматты билишимди суранды. Кимге тийдиң? Кандай жашап жатасың? Кайда жашап жатасың? Айтор, баарын билип мага айтып бер деди. Мен силер тууралуу бардык маалыматтарды жыйып барып бердим. Андан кийин менден эч нерсе сурабай калды. Менин сага болгон сезимдеримди билип калган экен. Калган иштерди Теңдик деген бала аркылуу жүргүзүп жатты. Сен турмушка чыккандан тартып, ал түрмөдөн чыкканга чейин сенден кабардар болуп турду. “Мен аны баары бир жашатпайм” дечү. “Эки балалуу болуп калды, эмне кыласың?” деген сөздү такыр уккан жок. Акыркы жылдары мен да андан алыстап, өзүмдүн бизнесим менен алек боло баштадым. Арабыз бир топ эле алыстады. Түрмөдөн чыкканда менин машинемди сурады. Эч бир нерсе айткан жок. Балдардын жоголгону тууралуу кабарды укканда эле Лимон экенин билдим. “Бүт Кыргызстан издеп жатат, балдарды бер, мен жеткирип берейин” дедим байланышып. “Ишиң болбосун!” деди. Эки күндөн кийин Лимондун Төө-Ашууда жол кырсыгынан каза болгонун уктум. Ал кезде башка машине айдап жүргөн, менин машинем өзүмдө болчу. Балдар тууралуу эч кимден кабар ала албадым. “Унаада өзүнөн башка эч ким жок экен” дешти. Өлүгүн алганы баргандар да жалгыз болчу дешти. Балдарды кайда берген, кимге тапшырган, эч ким билбеген боюнча калды.
– Эмнеге мага айткан жоксуң? Башында, эң башында?
– Сени жоготуп алгандан корктум. Балдарды таба албагандан кийин жарасына тийип эмне кылам дедим. Убакыт өтсө унутулат деген ой болду. Орто жерден минтип баары ашкере болот деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Анан Айсулуу төрөлдү. Сен кайра жаңыдан жашай баштадың. Өз колум менен бактымды бузгум келбеди...
(Уландысы кийинки санда)