Жакында белгилүү көк бөрүчү, “Сары-Өзөн” командасынын коргоочусу Аалы Назаров Тинатин Насирдинова аттуу төкмө акынга баш кошуп, өлкөдө дагы бир жаш үй-бүлө түптөлдү. Жаш жубайларды кепке тарттык, махабат баянын угалы.
– Аалы, Тинатин, куш боо бек болсун! Быйылкы жылды үй-бүлө куруу менен жыйынтыктап турасыңар. Негизи быйыл баш кошобуз деп пландадыңыздар беле?
Аалы: – Чоң рахмат! Бир башыбыз эки болуп, жылды жакшы жаңылык менен жыйынтыктап жатабыз. Негизи биз баш кошууну кийинки жылы күзгө пландап жатканбыз. Кудайдын буйругу ушундай экен, баары биз пландагандан эрте болуп кетти.
Тинатин: – Каалоо-тилектериңиздерге рахмат! Жолдошум айткандай, бизде жакшы жаңылык болуп, буюрса, өзүбүздүн чакан мамлекетибизди түптөп баштадык. Менде деле быйыл турмуш жолуна аттануу планы жок болчу. Нике кайып дейт, 2024-жылдын аягында өз адамымды кезиктирип, Кудайдын буйругу менен баш кошуп калдык.
– Аалы мырза, сүйүктүүңүздүн колун көк бөрү талаасынан сураганыңыз өзгөчө болду. Идея өзүңүздүкүбү? Буга чейин көк бөрүдө мындай нерсе боло элек эле...
А.: – Ооба, мындай нерсе көк бөрүдө орун ала элек болчу. Сүйгөн кызымдын колун башкаларга окшобой өзгөчө кылып сурагым келчү. Ойлонуп отуруп, анан ушул идея келди. Көк бөрү боюнча муундар аралык мелдеште 1998-жылкы муун финалга чыга турган болсок, сүйлөшкөн кызымдын колун сурайм деп ниет кылып койгом. Кудай жалгап, финалга чыкмак тургай, мелдештин жеңүүчүсү болдук. Анан идеяны ишке ашырдык. Буюрса, окшошту го дейм.
– Көп элдин алдында толкунданат бекенсиз?
Т.: – Алгач эле мага “эптеп ушул талаадан кетишим керек” деген ой келди. Видеодон көрдүңүздөр болуш керек, мени ээрчитип келе жаткан бала “бул жакка жүрүңүз” деп эле колумдан тарткылап калды. “Колумду коё бер” деп ал баланы колго чаап жаттым. Милиция кызматкерлеринин курчоосун жарып чыкканда эле алдыбызда Көк бөрү федерациясынын жетекчилиги турганын көрүп тынчтанып, түздөнүп туруп калдым. Элден сүрдөнөт экенсиң. Анан гүлдү көргөндө гана колумду сурайт окшойт деп түшүндүм. Ага чейин бул нерседен таптакыр кабарым жок эле.
А.: – Элдин алдында, анын үстүнө түз эфир дагы тартып жатканга толкундоо, сүрдөө болду. Бирок баштаган ишимди аягына чыгарып, максатыма жетиш үчүн эч нерсеге карабашым керек эле.
– Тинатин, ал күнү сизди ат майданга эмне деп ээрчитип барышты?
Т.: – Ал жакка барганым да кызык. Аалы экөөбүз кыз-жигит катары көп деле сүйлөшкөн жокпуз да. Көк бөрүдө муундар аралык оюндар башталып, Аалы ошону менен алпурушуп жүргөн. Мен өзүмдүн чыгармачылыгым менен алек элем. Бир күнү телефондо сүйлөшүп жатканыбызда Аалы “комуз менен ырдап бербейсиңби?” деп суранып калды. “Кайсы ырды суранасың?” десем, Сыймык Бейшекеевдин “Жалгызымсың” деген ырын айтты. Тамашалап, “финалга чыксаң ырдап берем” деп койгом. Анан финалга чыккан күнү кечинде чалып, “эртең комузуңду алып ат майданга келе бер” деп жатпайбы. Башында көнбөй жаткам. Анан курбу кыздарым “убада бергенден кийин аткарыш керек” деп эки жагыма өтүп жатып мени көндүрүштү. Аалыга айтпай эле барып ырдап бермей болуп жөнөдүм. Бир кезде бул чалып “досум бул жакка келе жатат, сени кошо ала келет” деп калды. Ат майданга келсек, эл жык-жыйма экен. Көк бөрү көргөнү биринчи жолу барышым. Элдин көптүгүнөн алпаруучу отурган жакка өтө алган жокпуз. Комузду машинада калтырып, оюн көрүп отуруп калдык. Анан эле оюн бүткөндө кол суроо болуп кетпедиби.
– Аалы, сизде “жок” деп койсо эмне болот деген чочулоо болдубу? Ал күнү ата-энеңиз дагы оюн көргөнү барган экен, алар сиздеги жаңылыкты билишет беле?
А.: – Жок, досумдан башка эч ким билбейт болчу. Баарына күтүүсүз болду окшойт. Ал эми “жок деп койсочу” деген коркуу сезим болгон жок. Тескерисинче, макул болот деген бекем ишеним бар болчу.
– Тинатин, кай жактын кызы болосуз? Өнөр адамы экениңизди билебиз, өзүңүздү окурмандарга кененирээк тааныштыра кетсеңиз...
Т.: – Түбүбүз Нарын облусунун Жумгал районунан. Бирок Кеминдин Кара-Булак деген айылында төрөлүп-өскөм. 7-класска чейин айылда окуп, 11-классты Бишкек шаарынан бүтүрдүм. Анан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин театралдык-искусство бөлүмүнө тапшыргам. Бирок актёрлук кесипти аркалабастан, музыкалык бир аз билим алып башка өнөрдү аркалап кеттим. Буюрса, кыргыздын байыркы өнөрлөрүнүн бири болгон төкмөлүктү аркалап келе жатам, Баян Акматовдун шакиртимин. Учурда насаат, терме, дастандарды үйрөнүп жатам. Ошондой эле «Манас» театрындагы төкмө акындардын катарында сабак алып, өнөр жуктуруп жүргөн учурум. Буга чейин үч-төрт айтышка чыктым. Комуздан дагы сабак алам. Азыр негизинен өзүмдүн үстүмдөн иштеп жаткан учурум десем болот. Өнөрлүү өлбөйт дегендей, өнөрдүн арты менен акырындан ийгиликтерге жетип келе жатам. Дос таптым, жакшы адамдар менен тааныштым. Эми үй-бүлөлүк жашоону бир нукка салып коюп, өнөр жолун улантам деген ойдомун.
– Сиздерди үй-бүлө курууга жеткирген мамиле кандайча башталды? Кантип таанышып калдыңар эле?
Т.: – Досторубуз аркылуу таанышып калганбыз. Негизи Аалы Назаров деген көк бөрүчү бар экенин билчүмүн, интернет желесинен көрүп жүрчүмүн. Соңку жылдары мен дагы жылкыга кызыгып, кыз куумай, кыз жарыш деген оюндарга катышып калдым. Аалы менен таанышып калышыма ушул нерселер дагы түрткү болду көрүнөт. Таанышып көргүлө деп мени ага, аны мага сунушташып, таанышып калдык. Кыз-жигит катары бир айдай сүйлөштүк, 3 жолу жолугуштук, анан эле баш кошуп алалы деп калды (күлүп).
– Аз эле убакыт сүйлөшүпсүздөр. Бири-бириңиздерди канчалык деңгээлде билесиздер?
А.: – Тинатин, мен кыялданып, издеп жүргөн кыз болуп чыкты. Жүрөк сезет да. Аны өмүрлүк жар кылуу үчүн көп сүйлөшүүнүн деле кереги жок болчу.
Т.: – Балким, чынында баары бат болуп кетти. Аалы көп сүйлөбөгөн олуттуу мырза. Мен тескерисинче, көп сүйлөйм. Эң башкысы – мени сыйлайт, уга билет.
– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңөр үчүн рахмат! Бактылуу болгула!
Динара Акимова