Курч сюжеттүү “Сиз чалган номер” дорамасы

Узап бараткан жылдын хит сериалдарынын катарына кошулган “Сиз чалган номер” дорамасы тууралуу сөз кылалы. 22-ноябрда Netflix платформасына чыккан корейлердин бул сериалы 2-3 күн ичинде 50дөн ашык мамлекетте жогорку рейтингди багындырган. Триллер жанрындагы тасма көрөрманды эмнеси менен тарта алгандыгын макаладан окуңуз. Сиз да бул сериалды көрүп жатасызбы, окурман?

 

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2024-жыл, 22-ноябрь

Жанры: триллер, драма, мелодрама, детектив

Режиссёру: Пак Сан У

Канча серия: 12

Башкы ролдордо: Ю Ён Сок, Чэ Су Бин, Чан Гю Ри, Им Чоль Су, Хо Нам Чжун жана башкалар

Эмне жөнүндө?

Келишимдик негизде үйлөнүү учурлары Түштүк Кореяда жайылгандыгын бул темада көп тартылган тасмалардан улам байкаса болот. “Сиз чалган номер” да аталган теманын айланасындагы окуяларга байланган. Пэк Са Он – Түштүк Корея президентинин эң жаш маалымат катчысы кызматын аркалайт. Саясий үй-бүлөдөн чыккан, саясатка келгенге чейин аскер корреспонденти, ар кандай кризистик кырдаалдарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү кызматтарында да иштеген. Мына ушундай перспективдүү мырза келишимдик негизде Хон Хи Жу аттуу кызга үйлөнөт. Түгөйлөрдүн туугандары баары Хи Жу Пэк Са Онго тең эмес деп эсептешет. Анткени кичинекей кезинде автокырсыктан алган жаракатынан улам кыз сүйлөбөй калган. Учурда сурдокотормочу болуп иштейт.

Пэк Са Он менен Хон Хи Жунун бирге жашаган 3 жылдык өмүрү кошуналардыкындай эле өтөт. Эки башка бөлмө, анда-санда сүйлөшүүлөр, керекпи, чогуу отуруп да тамактанышпайт. Үйлөнүү той саясий коопсуздуктан улам деп жашыруун өткөндүктөн, экөөнүн күйөөсү-аялы экенин туугандардан башка эч ким билбейт. Мына ушундай кунарсыз өтүп жаткан күндөр бир учурда бузулат... Пэк Са Онго “аялыңды уурдап качтык...” деген телефон чалуу келет. Дал ушул чалуудан кийин канча жылдан бери катылып келген үй-бүлөлүк сырлар, таарыныч, түшүнбөстүк, коркуу-коркутуу жана башка толгон токой окуялар башталат... Учурда дорама жарымынан ашып калды, январдын биринчи аптасында аяктайт.

Эмнеге бул сериалды көрүш керек?

1-себеп: Аял-күйөө ортосундагы маселе. Аялы менен күйөөсү бири-бири менен сүйлөшпөсө, ортодо көңүл коштук, кайдыгерлик орун алса үй-бүлө бузулары ачык көрсөтүлгөн. Дорамадан ар бир түгөй көңүлүнө алып, мамиледеги оңдой турчу учурларды көрсө болот.

2-себеп: Курч сюжет. Тасманы көрөрдүн алдында кайсы жанрда экенине көңүл бөлөсүң го. “Сиз чалган номерде” бир нече жанр бири-бири менен аралашып жүрөт да, бири-бирине эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Тасмадан каармандардын сырты жалтырак, ичи калтырак жашоосунун драмасын, алар кабылган коркунучтарды, изилдөөлөрдү, жек көрүүдөн артка кайтып романтикалык сезимдердин жаралуусун көрөсүз. Айтор, эмоцияга бай долбоор.

3-себеп: Актёрдук курам. Чынында, тасманы өргө же аңга сүйрөөдө ага тартылган актёрдук курамдын салымы чоң. Бул тарабынан алганда да идеалдуу топ десек болот. Пэк Са Ондун ролунда көпчүлүк сүйгөн актёр Ю Йон Сок. “Сиз чалган номер” актёр үчүн дагы бир ийгиликтүү долбоор болду окшойт. Аны биз “Мугалим Ким, романтик доктор”, “Мистер Саншайн”, “Ооруканадагы даанышман жашоо” жана башка хит сериалдарынан улам тааныйбыз. Ал эми анын аялы Хон Хи Жунун ролунда 30 жаштагы актриса Чэ Су Бин. Ал Хон Хи Жунун тынчтыкка, коркунучка, белгисиздикке, караңгылыкка баткан жашоосун чагылдырып жатат. Актрисаны “Мен робот эмесмин”, “Полициянын курсанттары”, “Жылдыздар кайда түшөт?” дорамаларынан көрсөңүз керек.

4-себеп: Персонаждардын тажатма эместиги. Дорама башкы эки каарманга байланган эмес. Көпчүлүк каармандардын ар биринин кызыктуу, татаал, сырдуу тагдыры бар. Ар биринин сырын ачууга аракет кылуу менен серия аягына кантип чыкканын байкабай каласыз.

5-себеп: Динамика. Бир каарманга же бир окуяга байлануу, анын айланасында созулуу деген нерсе жок. Сюжет динамикалуу өнүгөт да, бирде романтикага, бирде драмага, бирде триллерге айланат.

Кошумча фактылар

  • “Сиз чалган номер” дорамасын тартуу иштери 2024-жылдын 30-июнунда башталган.
  • Дорама вебтундун сюжетинде жарыкка чыгып жатат. Вебтундун автору – жазуучу Геон Емел Нё. Ал эми вебтун "The Number You Have Dialed" романынын негизинде жазылган.
  • “Сиз чалган номер” сериалынын альтернативдүү аталышы – “Телефон чырылдаганда”.
  • Чыгарманы экрандаштырган, тагыраагы, сериалдын сценарийин жазган – Ким Жи Ун.
  • Дорама Кореядагы Дудук-дүлөйлөр коомунун нааразычылыгын жараткан. Анткени айрым эпизоддордо актёрлордун дудукча жаңдап сүйлөгөндөгү колунун кыймылдары такыр башка маани берип калган. Тартуучу топ кечирим сурап, кемчиликтерди кайра оңдоп чыгышкан.

Асыл Орозбекова    

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1151, 27-декабрь-2-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан