ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-январдан 19-январга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Бул апта ичинде кой жылдызынын өкүлдөрүн пайдалуу ишмердүүлүк коштойт. Өнөктөштүктөн жана кызматташтыктан баш тартпаңыз – алар материалдык пайда алып келиши мүмкүн. Ал эми сүйүү жаатында эмоцияны ооздуктаганга туура келет. Өзүңүздүн чындыгыңызды далилдейм деп түгөйүңүз менен мамилеге жарака кетирип албаңыз. Ички туюмуңузга ишенсеңиз, керектүү убакта, керектүү жерде болуп, кубанычтуу кабар угасыз. Апта аягы күтүүсүз сапарга чыгышыңыз мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Эсиңизде болсун: эч ким ката кетирүүдөн корголгон эмес. Ошондуктан жаралган маселеге капа болуунун ордуна кырдаалды кантип оңдоону чечкениңиз жакшы. Апта сизден финансылык активдүүлүктү, чоң нерсеге каражат салууну талап кылат. Кыймылсыз мүлк алганга да ыңгайлуу убакыт. Андыктан топтогон каражатыңыз болсо, алга! Майрамдардан кийин организмиңиз “гастрономиялык эс алууга” муктаж болот. Ден соолукка кам көрүп, жеңил тамактарга басым жасаңыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Чала тааныш адамдарга жөнсүз акча сарптаганды токтотуңуз, андан көрө ошол акчаны үйгө алып келиңиз дешет жылдыздар. Өзгөрүүнү кааласаңыз, биринчи өзүңүздөн баштаңыз, мисалы, спорт менен машыгууну, йогага барууну адатка айлантуу керек. Бойдоктордо жагымдуу таанышуулар орун алышы күтүлөт, бирок мамиле кыска гана убакытка созулат. Башкалар менен бат тил табышкан жөндөмүңүз аптанын аягында жардамга келип, келечекке пайдалуу сунуш аласыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Үйдө болобу же жумуштабы, өзүңүз биринчи демилге көтөргөндөн карманыңыз. Андан көрө башкаларга баам салып турганыңыз жакшы. Табиятыңыздан сарамжалдуулукка жакынсыз, андыктан алдыңкы жарым жылга каржы иштерин пландап койгонуңуз жакшы. Чыгармачыл бөйөндөр эргүү таппай кыйналышат. Апта аягында сизге бересе болгондор акчаны кайтарып, көңүлүңүз көтөрүлөт. Анан да күтүүсүз конок келип дасторкон жайышыңыз ыктымал.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Искусство, спорт же илимий тармакта эмгектенгендер, бул аптада жумушта көзгө көрүнөрлүк жеңишке жетесиздер. Анан да керектүү адамдардын көзүнө көрүнүп, карьералык тепкичтен көтөрүлүүңүз мүмкүн. Үйдө отуруп, “күнүмдүк жасаган жумушумду байкашпайт” деп капа болгон кожойкелер жакындарынан белек алып же жылуу сөз угуп кубанышат. Жыл башы болсо да өзүңүздү чарчаңкы сезесиз, андыктан дем алышта ызы-чуудан качып, тынч жерде эс алуу сунушталат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Көбүрөөк эс алып, үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүш керек деген кеңештерге чындап кулак салганга убакыт жетти. Колуңуздан келишинче эс алып, жакындарыңызды эркелетиңиз. Бул убакыт сиз үчүн терапия болгонун кийин сезесиз. Жаңы таанышуулар иш чөйрөсүндө пайдалуу тааныш күтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Досторуңуздун сын-пикирин таарыныч менен кабыл албай, жакшылап ойлонуп көрсөңүз, адилеттүү сөздөр айтылганын байкайсыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Аптанын башы таразалар үчүн жагымсыз өтүшү ыктымал. Себеп: башкалардан көп нерсе үмүт этип алып, ал ишке ашпай көңүлүңүз чөгөт. Туура эмес тандалган сөздөрдүн айынан талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Аптанын ортосу, тескерисинче, жагымдуу жаңылыгы менен маанайыңызды көтөрүп, алдыга кадам таштоого энергия берет. Бул жыл сиз үчүн өзгөрүүлөрдүн убактысы, ал өзгөрүүнүн башы ушул аптада орун алышы ыктымал. Даяр болуңуз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Дагы деле жалкоолугуңузду жеңе албай жатканыңызды сезесиз. Эгер жеңбесеңиз, анда көптөн үмүт этпей эле коюңуз, башкаларды да күнөөлөгөн туура эмес. Жумуш жаатында иштешүү сунушун аласыз, менин деңгээлим эмес дебей, мүмкүнчүлүктү шап билектен алыңыз. Аптанын аягында жакындарыңыздын, курбу-достордун кеңешине кулак салып, таза абада сейилдеңиз, табияттан энергия алыңыз. Достордун ашар ишине кол кабыш кылышыңыз ыктымал.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Кесиптик умтулуунун убактысы, коомдук статусту жогорулатууга жана ошонун натыйжасында материалдык булакты жакшыртууга ыңгайлуу мезгил. Ашыкча кеңеш айтып жашооңузга кийлигишкен адамдар болот. Кеңешти угуңуз, бирок көңүлүңүзгө туура келген чечимди өзүңүз чыгарыңыз. Көптөн бери кыялданган максаттардын бири ишке ашып кубанасыз. Жыл бою энергияга бай болом десеңиз, спортту ушул аптадан баштап жандандыруу керек.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада сизге түшкөн, айтылган, уккан маалыматтын баарын тыкыр текшериңиз, болбосо алдамчылардын тузагына түшүү коркунучу жогору. Романтикалык жаатта бир нече вариант чыгып, кимисин тандасам деген дилеммага туш болосуз. Жумушта ашыкча активдүү боло бергениңиз айрымдарга жакпай, бут тосуулар орун алышы мүмкүн. Андыктан кеңеш айтуу, идея келип, алдыга койгон пландар менен бөлүшүү ою жаралганда өзүңүздү карманганга аракет кылыңыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Суу куярлар тактыда! Алардын энергиясы айланасындагылардын баарынын башын айлантып, эмнеге мындай активдүүлүк болуп жатканы суроо жаратышы мүмкүн. Бирок суу куярлардын өздөрү бул суроонун жообун билбейт. Үй-бүлөдө мамилени сындоочу кырдаал жаралышы ыктымал. Мунун баары сизге карата айтылган башкалардын сөзүнөн келип чыгат. Иммунитет төмөндөп кеткендиги тууралуу организм кабар берет, өзүңүзгө кам көрүңүз.

Балык
(20.02–20.03)

Канчадан бери артка жылдырылып келген чыгармачылыкка киришүүгө же болбосо саякатка чыгууга ылайуктуу учур. Алыска сапарга чыгууну пландап жүрсөңүз, ушул аптада ишке ашырыңыз. Диванда жатып кыялданган жакшы, бирок андан турууга да убакыт жетти. Жумуш жок деп жүргөндөр, издеген табат деген принципти карманса, табат. Сүйүү жаатында жаңычылдыктарга ачык болуп, таанышыңыз, чакыруулардан баш тартпаңыз, күтө бербей өзүңүз демилге көтөрсөңүз да жарашат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан