Ошентип балык жылы жылан жылына орун бошотуп берди. 2025-жыл дүйнө, Кыргызстан үчүн кандай жыл болот? Астролог, экперттер айтып беришти.
КЫРГЫЗСТАНДА...
Андрей Рязенцев, астролог: «Башкаруунун жаңы ыкмалары кирет»
– 2025-жылы Кыргызстанда геосаясатта, экономикада, өндүрүштө, маданиятта эски системдер кулай баштап, ордуна башкаруунун жаңы, прогрессивдүү ыкмалары кирип, кайра түзүүлөр жүрөт. Санариптик технология өсүп, кичи ГЭСтер, жолдор курулат. 15-март – 7-апрель аралыгы жаңы инвестициялар агылып келчү убак. Апрелде саясатта, коомдо чыңалуулар өкүм сүрүшү мүмкүн. Жазында коңшу мамлекеттер менен кызматташуу, көйгөйлөрдү чечүү жаатында жаңы келишимдер түзүлөрү күтүлүүдө. Ошондой эле жол куруу, туризмди өнүктүрүү жаатында чоң иштер башталмакчы. Жайында жана күзүндө бийлик стратегиялык мааниге ээ чечимдерди кабыл алат. Жыл ичинде көп тармакта баалар кымбаттайт.
Алмаз Абдекиров, экономика министрлигинин башкармалык жетекчиси:
«Курулуш иштери активдүү уланат»
– Ички дүң продукцияны 1 триллион 624 миллиард 87 миллион сомго жеткирүү пландалууда. Курулуш тармагында: үйлөрдү, жолдорду, энергетикалык жайларды, мектеп, бала бакча, ооруканаларды куруу иши активдүү уланат. Айлык акы орточо 0,8 пайызга жогорулайт. 2025-жылдын 1-майынан тарта электр энергиясы үчүн тариф өсүп отурат.
Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: «Жаз эрте келет»
– 2025-жылы кыш 2024-жылга салыштырмалуу 13 күнгө эрте бүтөт. Демек, жаз былтыркыдан 13 күн эрте келет. Үркөр жылдыз 28-апрелде батат. Андан кийин күн тез ысыйт, жер бат кургайт. Жыл аягында биринчи кар эрте жаап, тоолуу аймактарда эгиндин кар алдында калуу коркунучу чоң. Ай жаңырган, ай толгон жана тогоол күндөрү аба ырайы бузулат.
• Ай толгон күндөр – 14-январь, 12-февраль, 14-март, 13-апрель, 12-май, 11-июнь, 11-июль, 9-август, 5-сентбярь, 7-октябрь, 5-ноябрь, 5-декабрь.
• Ай жаңырган күндөр – 29-январь, 28-февраль, 29-март, 28-апрель, 27-май, 25-июнь, 25-июль, 23-август, 22-сентябрь, 21-октябрь, 20-ноябрь, 20-декабрь.
• Тогоол күндөр – 8-январь, 4-февраль, 4- жана 31-март, 28-апрель, 18-июнь, 15-июль, 12-авуст, 8-сентябрь, 6-октябрь, 2- жана 30-ноябрь, 23-декабрь. Тогоол күндөрү эски оорулар козголот, иммунитет начарлайт. Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар этият болушу зарыл. Ата бабаларsбыз тогоол күндөрү той берген эмес, көчкөн эмес.
Чолпон Сманова, нумеролог: «Эсептеше бербей, кайрымдуу болуу керек»
– Нумерологияда 9 жылдык цикл бар. Ар бир 9 жыл сайын адамдын жашоосу жаңырат. 2025-жыл ошол 9 жылдык циклдин аяктоо, 2026-жылы башталчу жаңы циклге өтүүгө дардык көрүү жылы. Цикл аяктап жаткандыктан адам 9 жылдык жашоосунун жыйынтыгын чыгарып, анализдеп, эскилерден арылып, жаңыларга орун бошотушу керек болот. Эскиден арылбаса жаңы нерселер келбейт. Мисалы, эски кийим, эски эмерек, сизге жакпаган адамдар, келечексиз иштер, баарынан арылуу кажет.
Таарынычты коё берип, таарынтып алгандардан кечирим сурап, акыл-эсти тазалаңыз.
Карыздардан кутулуп, бүтпөгөн курулуштарды аягына чыгаруу зарыл. Болбосо кийинки 9 жылдык циклге калып кетет. Алдыга так максаттарды коюп, аларга жетүү үчүн план түзүү зарыл. 2025теги сандарды кошсок, 9 саны келип чыгат. Анын энергиясы күчтүү, адамды кысат. Андыктан ден соолукка кам көрүү сунушталат. 9 санынын термелүүсү да күчүү. Жашоону, чөйрөнү жана ой жүгүртүүнү өзгөртүп, заман менен кошо алдыга жылууга, жан дүйнөнү өстүрүүгө даяр болуу керек.
2025-жылы жер титирөө, жер көчкү, сел каптоо сыяктуу жаратылыш кырсыктары, ажырашуулар, бизнестен күйүп кетүүлөр көп болушу мүмкүн. Ар бир иште “эмне пайда табам?” деп эсептеше бербей, башкаларга кайрымдуу болуу сунушталат.
Азиз Момуналиев, сюцай адиси: «Таза эмес жол менен табылган акча эселеп чыгып кетет»
– Өлкөбүздүн эгемендик күнү, айы, жылы жана 2025 санынын жалпы суммасы – 3 (31.08. 2025. 3+1+8+2+2+5=21. 2+1=3) Демек, Кыргызстан 2025-жылы 3 санынын таасиринин астында болот. Ал эми 3 санында туулган адамдарды, түзүлгөн өлкөлөрдү Юпитер планетасы башкарат. Юпитер – бийлик, эмгек, энергия, билим, акылмандык, кайрымдуулуктун планетасы. Өлкө үчүн 2025-жыл тазалануу, адилеттүүлүк, акыйкаттык, өнүгүү, өзгөрүүлөр жылы. Кыргыз эли түпкү тамырына кайрылып, баалуулуктарга мындан да көп көңүл бура баштайт. Акыйкаттык жылы болгондуктан жыл ичинде акчаны ак эмгек менен табуу зарыл. Алдоо, пара алуу жолу менен табылган акча 4-5 эселеп чыгып кетет, жоопко тартылып калуу да мүмкүн. Эң жакшы күн – бейшемби, бул күндү Юпитер башкарат.
ДҮЙНӨДӨ
Тарыхта болбогондой ысык болобу?
Дүйнөлүк климатолог, геофизиктер 2025-жылы Күндүн активдүүлүгүнүн 11 жылдык цикли бүтүп, жаңы цикл башталат дешүүдө. Андыктан 2025-жылы табигый кырсыктар көп катталышы күтүлөт. Жыл тарыхта болуп көрбөгөндөй ысык болот деген маалыматтар бар. Мөңгүлөр тез эрип, океандарда суунун деңгээли көтөрүлөт. Күндүн активдүүлүгүнө байланыштуу суу астындагы жанар тоолор атылат. Магниттик бороон көптөгөн байланыш спутниктеринин ишине терс таасир тийгизип, радиобайланыштар, интернет үзгүлтүккө учурап турат. Адистер 2025-жылы планетада кыйраткыч күчкө ээ 21 катуу шамалдын болушун болжолдошууда.
• Мунай, доллар, автоунаа...
Күйүүчү майлардын баасы туруктуу болбойт. Күздө баасы түшүп, кайра көтөрүлөт деген божомол айтылууда. Доллар февралга чейин туруктуулугун сактайт, анан түшө баштайт деген маалымат бар. Электромобилдердин сатылышы кескин өсөт.
Ванга эмне деген?
Орусия Батыштын кыйраткыч басымынан арылат. Экономикасын калыпка келтирүүгө мүмкүнчүлүк алат, алдыга жылат. Кытай менен Индиянын алакасы жакшы жолго коюлат. 2025-жылы жаңы союздар түзүлөт. Ал союзга постсоветтик өлкөлөрдөн Орусия, Беларусь, Казакстан жана башкалар кириши мүмкүн. Украинадагы согуш аягына чыгат. Аскердик кагылыштардын айынан Европа бүлүнүүгө учурайт. Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда аскердик кагылышуулар болушу мүмкүн. Евросоюз жоюлат деген да божомолдор бар.
Нострадамус эмне деген?
Француз астрологунун алдын ала айткан божомолу боюнча, 2025-жылы Европада согуш жүрөт. Миллиондогон адамдар согуш, жакырчылык, климаттык өзгөрүүлөрдөн улам өлкөлөрүн таштап кетишет. Миграция күчөйт. Дүйнөнүн бир топ аймактарын ачарчылык каптайт. Кытай дүйнөлүк аренада ортомчулук милдетти аркалайт.
Жылан жылы кайсы белгилүүлөр төрөлгөн?
Дүйнөлүк атактуулар Чарльз Дарвин, Пабло Пикассо, Авраам Линкольн, Мухаммед Али, Индира Ганди, Александра Пахмутова, Жон Кеннеди, Кристиан Диор, Николай Коперник, Аристотель Онассис жана башкалар туулган. Ал эми Кыргызстанда мушкер Алмазбек Раимкулов, ырчы Мүзүр Мамбетов, көк бөрүчү Рустам Тыналиев жана башкалар жарыкка келишкен.
Жылан жылында кандай окуялар болгон?
• 1905-жыл – Биринчи орус революциясы
• 1917-жыл – Октябрь революциясы
• 1941-жыл – Улуу Ата Мекендик согуш
• 1953-жыл – Иосиф Сталин көз жумган
• 2001-жыл – АКШдагы эгиз
мунарага террордук чабуул
жасалган жана башка
Канымжан Усупбекова