(Башы өткөн сандарда)
– Мен кетейин...
Элес селт эте түштү. Алинин жаңы көргөндөй бакырая тиктеп турду. Бул көз караштан жан азабын көрбөй коюу мүмкүн эмес эле. Али Элестин көзүндөгү ушул азапты жууп салып, анын мурункудай жаркырай карашын тиледи. Бул көз ирмем үчүн ал баарына даяр болчу. 10 жыл ичи экөөнү тең тагдыр ушунчалык уйпалаган экен, таптакыр мурунку Али менен Элеске окшобой турушту. Канаты сынган куштай экөө эки жерде жарадар. Ал эми кайсы бир учурда булар бакыттын жетинчи асманына чыгып, бактылуу жашаган учурлары болбоду беле? Бири-бири үчүн жан бергенге даяр түгөйлөр эмес беле?..
– Сеники туура чыкты, сенин айткандарың туура экен... Сен дагы жеңдиң мени!
– Кайдагы жеңиш, Элес? Бул жеңиш эмес. Көк беттик, өжөрлүк да эмес болчу. Сен мени дагы деле түшүнгөн жоксуң.
– Мен сенин жаныңда болушум керек эле. Мен сен ишенген нерсеге ишенишим керек болчу. Эми баары кеч...
Өкүнүч өзөгүн өрттөп жатты аялдын. Күйөөсү Азим жанында турганын да унутуп койгондой эле. Азим эч нерсе дей албады. Бир билгени – аялы эч качан ага минтип караган эмес, ичи күйүп туталанып кетти.
– Сен ишиңди бүтүрдүң, эми кет! – деди Алиге.
Али үн катпай эшикти көздөй жөнөдү. Элес анын аркасынан бир обдулуп барып токтоп калды.
ххх
Балдарын кайдан, кантип издешти билбей кайрадан бир туңгуюкка кептелди Али. Анын балдарын Лимон уурдаганы белгилүү болду. Кимдин машинеси менен уурдаганы да белгилүү. Логикага салып караганда, Элести коркутуп өзүнө кайтарыш үчүн же өч алыш үчүн балдарды уурдап кетти. Уурдап кеткенден кийин “балдар менде, мага кел” деген же ушул сыяктуу билдирүү Элеске келиши керек эле. Ал дагы жок. Уурдагандан эки күндөн кийин өзү Төө-Ашууда кырсыктап өлүп калып жатат. Ал эми балдар ким менен калды, кимге таштады, белгисиз.
Башын ташка урса да, жүз чакырым жерге жүгүрсө да белгисиз. Куду Акбара менен Ташчайнар бөлтүрүктөрүн издегендей жан аргасы кылып бакырып жибергиси келет кээде. Ушунчалык жаны кашаят. Анан акылына келип, өзүн токтотуп, кайра эле үмүткө жетеленет. “Табылат, алар жашап жатышат, жүрөгүм алдабайт менин. Менин кызым менен уулум жашап жатат. Кайсы бир күнү табам” дейт кашкөй көңүлү. Ушундай күндөрдүн биринде дарбазасын бирөө каккылады. Короодо машинесинин бир нерсесин оңдоп жаткан. Карала-торала болгон боюнча эшикти ачты. Элес!
Келет деп ойлогон, жаңылбаган экен.
– Салам.
– Салам.
Бири-бирин тиктеп туруп калышты.
– Үйгө кирбейсиңби?
Элес акырын кадам таштады. Короо, үй, баары көзүнө жакшы көрүндү. Ал жашоосунда ушул гана үйдө толук бактылуу болгон эле. Бирок ал дагы аз гана убакытка созулду. Али чай койду. Балдарынын сүрөттөрү дагы деле маңдайында илинүү турат. Бажырайып карашат. “Апа, кош келдиң! Биз атам менен жашап жаттык, жанында болбосо да жүрөгүндө. А сен бизден дароо үмүт үздүң. Башка жактан уя издеп кеттиң” деп жатышкансыйт бир чети. Алар да Элести күнөөлөп турушкандай эле.
– Ыйлабачы.
Элес эми гана көзүнөн жаш агып жатканын байкады.
– Кааласаң сүрөттөрдү алып коёюн.
– Жок, тура берсин. Реалдуулуктан качыштын кереги жок. Эң биринчи экөөбүздүн урушканыбыз ушул себептен болгон. Сен жокто мен балдардын сүрөтүн алып катып салгам. А сенин буга ачууң келген. Биринчи жолу мени жаакка чапканың да ушундан улам болгон.
– Мен сени ал кезде түшүнбөгөн экем. Канчалык сага оор болгонун билбептирмин. Кайра-кайра жараатыңды сыйрып жатканымды да билген эмесмин. Сени деле мендей сезимдер менен жашайт дегем. Көрсө...
– Биз эки башка дүйнөнүн адамдары элек да, Али. Сен дайым чындыкты издедиң. Мен чындыктан, реалдуулуктан безип качкан аялмын. Эч бир убакта чындык менен жашаган жокмун. Бул мага ата мурасы катары бир нерсе. Балдардын сүрөттөрүнөн качканым да ошондон.
– Мен сени күнөөлөдүм. Жок дегенде Элес менин жанымда турган жок деп ыза болдум.
– Мен сага баарын айтып бергени келдим.
– Кереги жок.
– Сага керек болбосо мага керек. Моюнумда оор жүк бар. Андан кутулбасам болбойт. Сен, мен, балдарыбыз үчүн мен бүгүн сага бардык чындыкты айтып берүүгө келдим.
– Азим менен эмне болдуң?
– Ажыраша турганымды айттым. Кызыбызды алып кетип калды. Мени ошентип жазалайм деп ойлоп жатат.
– Кызыңды жакшы эле карайбы?
– Азимдин толтура күнөөсү бар. Бирок жакшы ата. Кызынын жанынан карыш жылгысы жок. Бир аз убакыт өткөндөн кийин алып келет мага. Аны билип турам.
– Сенин тагдырыңа кызыктай адамдар жазылган экен, Элес. Бири чындыкты издеген, бири криминал, дагы бири...
Элес жылмайды. Анын ыйдан кызарган көздөрүнө бул жылмаюу жарашып турду. Элес сулуу аял эле. Эмнегедир Али ушундай баа берди ичинен. Аттиң, бирок бул сулуулук көп учурда бактысыздык алып келет турбайбы адамга. Элес баянын баштады.
– Бар экен, жок экен, бул жарык дүйнөгө Элес деген кыз келген экен. Атасынын эркеси, апасынын жалгыз кызы болуптур. Бирок бул дагы жомок.
– Сен атам менен апамды такыр билбейм дебедиң беле?
– Атам түрмөдө, апамдын кайда экенин билбейм деп айткым келбеди. Аларды жүрөгүмдөн чийип салгандыктан ушинтсем керек. Мен он жашымда таякемдин колунда калдым. Бирок мен да бир кезде бактылуу кыз элем. Атам менен апам жанымда кезде мен да бактылуу элем да.
Атам, менин атам Кудайдан жөө качкан адам болгон. Кудай ага өңдү-түстү, келбетти ушундай мол берген экен, бирок адамдык сапаттардан куру-жалак калтырган окшобойбу. Аферист, кимди болсо алдай алган, шылуун, эң таш боор адам менин атам эле. Кичинемден ата-энемдин урушун да көп көрдүм. Кайдан-жайдан үйүбүздө укмуш көйнөктөр, кымбат буюмдар пайда болуп калчу. Анан бир күнү жегенге наныбыз жок калар эле. Укмуштай барчылык да, жокчулук да кезектешип турчу. Атам акчасы болгондо укмуштай ресторандардан тамактанып, кымбат машинелерди минип калчу. Эки айдан кийин эле алардын бири жок, өзү да жоголуп кетчү. Атамдын мындай жашоосуна апам жакшы эле чыдаптыр. Экөө бир жолу аябай катуу урушту.
– Ичиңдеги баланы алдыр! – деди атам.
– Кудайдан корксоң боло, беш айлык баланы кантип алдырам? Мен төрөйм, Элеске бир тууган болуп чоңоёт.
– Эй, мээңди иштетчи, бир баланы бага албай жатып экинчисин эмне кылабыз?
– Азат, сен шектүү иштериңди токтотсоң. Туруктуу бир ишке кирсең, кантип эле эки баланы бага албай калабыз? Башкалар алты-жети баланы деле багып жатышат го.
– Жок, болбойт. Мен жакында бир чоң иш кылам. Сенин мага жардамың керек. Төрөйм деп сулуулугуңду жоготосуң.
– Сенин ыплас иштериңди кылбайм!
– Кыласың!
Атам апамды сабай баштады. Мен бакырып жибербейин деп жаздыгымды оозума тиштеп жата бердим. Азыр ойлойм, менде атамдын каны бар да. Андагы кайдыгерликтин бир тамчысы болсо да менде бардыр. Болбосо акыл-эс кирип калган 7-8 жаштагы кыз элем. Эмнеге апамды коргободум?
– Балдар коркот, коргоюн десе да коргой албайт. Сен күнөөлүү эмессиң, – деди Али Элести аяп карап.
(Уландысы кийинки санда)