Актан Исабаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Апам ырларымды сындаса жарашмак, бирок антпейт»

“Апасы бар адамдар эч качан картайышпайт” деген кеп ырас окшобойбу. Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев апасы тууралуу өзгөчө берилүү менен маек куруп берди. Апасы жөнөкөй инсан эмес, атактуу комузчу Самара Токтакунова экенин билсеңиз керек, окурман.    

“Чет өлкөгө кетсе ыйлап жиберчүмүн”

– Апам Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, элге белгилүү инсан. Өмүрүн элине арнаган, эли да ага ыраазы болгон бир керемет жан. Бактыга жараша, бул киши – менин апам. Апам тууралуу баяндап бериш мен үчүн сыймык, анын мыкты сапаттарын ачып бериш колумдан келеби деп бир аз шектенип да турам. Кеп апамдын таанымалдыгында эле эмес, чынында, өзгөчө адам. Мени абдан эркелетип өстүрдү. Кичинемде бети-башымдан чопулдатып өөп, мээримин төгүп турчу. Башка апалар энелик гана жүктү көтөрсө, менин апам элдин жүгүн кошо көтөрдү да. Чет өлкөгө гастролго көп кетчү, андайда канчалык кармансам да болбой көзүмдөн жаш агып кетер эле. Алдыда сагынычтуу күндөр күтүп турганын балалык жүрөгүм сезчү окшойт. 

 

“Өмүрүнүн көбүн өзү үчүн жашаган жок”

– Апамдын эрки күчтүү. Бүтүндөй өмүрүн комузга арноо көп кишинин колунан келбейт. Чынында, өмүрүнүн көп бөлүгүн өзү үчүн жашаган жок. Эли, өнөрү үчүн жашап, инсандык тараптан алганда көп нерсени курмандыкка чалды. Ошол эмгеги, кайраты, эрки өмүр бою жемишин берип келе жатат. Бүгүнкүгө чейин. Ошондуктан апамды абдан баалайм.

Апамдын эмгегин айтканда атамды кошуп кетпесем болбос. Тилекке каршы, атам бул дүйнөдөн жаш кетти. Ал киши кыйын менеджер, күчтүү композитор эле. Апамдын талантын баалаганы, аздектегени башкача болчу. Өзөк деген нерсе бар, ошол нерсе атамда күчтүү эле. Баарын бир нукка салып, үй-бүлө менен чыгармачылыкты тең салмакта кармап, кимге эмне керек, кандай мамиле кылыш керек, айттырбай билип турчу. Бизди бир да жаман сөз айтып урушуп же жазалаганы эсимде жок. Анын көз карашы эле өрт болчу. Бир жаман тиктеп койдубу, болду, андан ашкан жаза жок эле мен үчүн. Толтура сөз айткандай эле жетчү бир көз карашы. Көз карашы менен айту сөздүн баарын айтып койчу. Бизди мээримге бөлөп карады. Кээде тамашакөй эле. Мени көптөр атама окшоштурушат. Өзүм да атама окшоштугум көбүрөөк го деп ойлойм. Апама токтоолугум окшош, калганы бүт эле атамдын көчүрмөсүмүн (күлүп).

“Камыр тамактарды жакшы жасайт”

– Апам камыр тамактарды жакшы жасайт. Кичинемден апамдын жасап беришин күтүп, тамшанып жеген тамагым – челпек. Билишимче, бул тамакты апама атам үйрөтсө керек эле. Анткени атам да өзгөчө жакшы көрчү. 

“Менин музыкалык жөндөмүмө ишенет”

– Чыгармачыл үй-бүлөдө өскөндүктөн, өнөрдүн кадыр-баркын жакшы түшүнөбүз. Атам муну бизге жакшы сиңирди. Кийингенинен тарта жүрүш-турушуна чейин чыгармачыл адам кандай болушу керектигин ал киши өз үлгүсү менен көрсөттү. Бир тууганым Аслан байкем, мен, апам, баарыбыз атам коюп кеткен баалуулуктар менен жашап келе жатабыз. Апам менин жана байкемдин чыгармачылыгын жакшы түшүнөт. Сын айткан эмес ушуга чейин. Анткени музыкалык жөндөмүмө толугу менен ишенет. Эмнеге дегенде биз, агам экөөбүз көрүнүктүү ата-эненин көлөкөсүнө жашынган жокпуз, өз күчүбүз менен ийгиликтерге жетиштик. Көп эмгек кылып, атыбызды жасадык. Ата-энебиз тараптан бирөөгө “баламды колдоп койгула” дегендей мамиле да, эч бир ишарат да болгон жок. Мен ушуга абдан баа берем. “Балдарыбыз ийгиликке өздөрү тырмалаңдап болсо да жетсин” дешти. Адилеттик кылышты жана бизди эч бир рамкага салышкан жок. Анткени чыгармачыл адамдар рамкага такыр сыйбайт. Ырларым чыкканда апам сөзсүз угат, бирок сындабайт. Көптөгөн таланттуу адамдардын устаты болгон киши, ырларымды сындаса жарашат болчу. Балким, мени жакшы көргөнү үчүн аяйттыр. 

“Апама бир жолу таарынгам”

– Кээде биз такыр тентектик кылган жокпузбу деп ойлоп кетем. Бирок андай эмес, ар бир бала тентектик кылат да. Жогоруда айткандай, атам менен апам көп учурда чет өлкөдө сапарда жүрүштү. Алтымышка жакын өлкөнү кыдырышты. Биз тентектик кылсак да таенемдикинде же туугандардыкында кылсак керек. Атам менен апам ошого көрбөй калышты окшойт (күлүп). Көрбөсө кантип жаза бермек эле?

Апама таарынган учурум болдубу? Ооба, бир жолу таарынгам. Бала кезибиз... Анын чет өлкөдөгү гастролдон келе жатканын аябай даярданып күткөнбүз. 31-декабрь күнү күндүз Франциядан Кыргызстанга учуп келмек. Андан мурун телефон аркылуу сүйлөшкөн элек. Бирок так ошол күнү ал жакта кар көп жаап, туман түшүп учак уча албай калат. Апам Париждин аэропортунан Жаңы жылды тосуп, биз үйдө апабыз келбей калып абдан капа болуп тосконбуз. Ошол окуя эсимде. Анткени кичине кезиңде апаңдын өзүн гана эмес, анын белектерин да күтөсүң да (күлүп).

“Бизди ток пейил чоңойтушту”

– Бизди абдан ток пейил кылып тарбиялашты. Курсагыбыз да ток, сүйүүнү да жетиштүү берип, эң бактылуу балалыкта чоңойдук. Белектер көбүнчө чет өлкөлөрдөн келер эле бизге. Ток өскөндүн белгиси ушул, материалдык байлыкка жулунбай, ак эмгегибиз менен жашап келатабыз. Болор-болбоско жулунуп жаткан кээ бир адамдарды карап таң калам. 

Азыркы учурда апамдын көңүлүн көтөрүүгө, ага белек берип кубантканга аракет кылабыз. Белек эле эмес, жашоодо жакшылыктын баарын апама тилейм. Күчүм жеткен да, жетпеген да жакшы нерсенин баарын апама ыраа көрөм. Анын көзүнөн кубанычтын бир ирмемин көрсөм болду, бул мен үчүн чоң бакыт. Агам экөөбүз тең гүлдү айланган көпөлөктөрдөй болуп апамды кубантсак деп аракет кылып келебиз. Азыркы учурда убакыт абдан чоң дефицитке айланбадыбы, убакыт бөлүш чоң белек. Андыктан убактымдын көбүн апама арнаганга аракет кылып келем. Белектин баары эле материалдык ченем менен ченелбеши керек. Чыныгы белек – жан дүйнөнүн төрүнөн орун берүү, сүйүү деп эсептейм.

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан