Метапневмовирус: Илдетти Кыргызстанда 2 адам жуктуруп алганы аныкталды

Учурда дүйнө коомчулугун метапневмовирус деген жаңы илдет чочулатууда. Кытайдан тутанган бул илдет канчалык кооптуу? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмне дейт? 

Кыскача маалымат

Очогу, датасы – Кытайдын Пекин шаары, 2025-жылдын 2-январы

Оорунун козгогучу – адамдын метапневмовирусу

Жугуу жолу – аба аркылуу

Ооругандардын саны – орточо 258 000 (алгачкы 5 күн ичинде). Дарт көбүнчө балдар арасында жайылууда.

Каза тапкандар – жок (7-январга карата)

Оору катталган өлкөлөр – Кытай, Малайзия, Украина, Улуу Британия, Индия, Эстония, Казакстан, Кыргызстан жана башка

Иммунитети алсыздар абайлашы керек

Окумуштуулардын айтымында, оору салыштырмалуу жеңил өтөт. Бирок башка инфекциялар сыяктуу эле иммунитети начар, карылар, балдар (өзгөчө 5 жашка чейинкилер) абайлашы керек. Оору пневмонияга айланып, өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европа бюросунун жетекчиси Ханс Клюге илдеттин жайылуу масштабы азырынча төмөн экенин билдирди. ДСУнун Кытайдагы кеңсеси абалга дыкат көз салып турганын белгилейт ал. 

Оорунун белгилери

Оорунун белгилери коронавирустун жана сасык тумоонун белгилерине окшош.

• Баштын жана тамактын оорушу, алсырап-шалдыроо

• Мурун бүтүү, жөтөл, демигүү, булчуңдардын оорушу

• Дене табынын көтөрүлүшү

• Кээде денеде бүдүрлүү кызыл темгилдердин пайда болушу

Кантип алдын алуу керек?

Адистер колду бат-баттан самындап жууп турууну, антисептик колдонууну, коомдук жайларда бет кап тагынууну, ооруган адамдарга жакын барбоону, чүчкүрүп же жөтөлгөндө ооз-мурунду кол менен жабууну сунуштап жатышат.

Гүлжигит Аалиев, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы: «Бул илдет үчүн атайын дары деле жок» 

– Кыргызстанда ОРВИ-скрин реагент топтомдору бар. Аны менен дем алуу жолдорунун вирустарын, мисалы, риновирус, аденовирус, бокавирус, коронавирус, метапневмовирусту аныктап, тез диагноз коюуга болот. Кыргызстанда 2 адамда метапневмовирус бар экендиги жогоруда айтылган реагенттен табылган. Илдетти дарылоо үчүн атайын чыгарылган дары-дармектер жок. Дарылоо оорунун белгилерине жараша жүргүзүлөт. Мисалы, жөтөлдү, баш ооруну басуучу, дене табын түшүрүүчү, мурун бүтүү менен бүдүрлүү темгилдерди кетирүүчү дары каражаттар колдонулат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан