Кыргызстанда автоунаа салыгы жоюлду. “Салыктар жөнүндө” жарлыкка кол койгонун президент Садыр Жапаров 8-январда өзүнүн социалдык желедеги расмий баракчасы аркылуу жарыялады.
– Автотранспорт салыгын толук жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койдум. Бул чечим “Жол фонду жөнүндө” мыйзамдагы күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сомдон чогултууну караган норма күчүнө киргенине байланыштуу. Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизель майынан 1 сомдон алына баштады ,– деди президент.
Садыр Жапаров автоунаа салыгы боюнча мамлекетке карызы бар жарандарга амнистия берилгенин да билдирди.
– 2025-жылдын 1-январына чейин автоунааларына салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу боюнча тапшырма бердим. Салыктын бул түрүн төлөбөй жүргөндөр абдан эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик, – деди Жапаров.
Ошондой эле ЭТТК боюнча жумушчу топ түзүлгөнү, дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылганы айтылды.