Майыптыгы бар балдардын саны өсүүдө

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдө майыптыгы үчүн жөлөкпул алган балдардын саны өсүүдө. Мисалы, акыркы 5 жылда алардын саны 17 пайызга өстү. Мунун ичинен ар бир алтынчы бала балдардын шал оорусунан (ДЦП) жабыркайт деген маалымат айтылды.

2023-жылдын аягындагы статистика боюнча, Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 18 жашка чейинки куракта 37 миңден ашык бала бар. Бул – жалпы майыптыгы бар жарандардын 16 пайызы. Эксперттердин айтымында, 1-топтогу майыптыгы бар балдардын санынын өсүшүнө балдардын жетиштүү тамактанбашы, алардын энелеринин анемиядан (аз кандуулук) жабыркашы, балдардын өз убагында медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, дарыланып турушуна шарты жок үй-бүлөлөрдө төрөлүшү башкы себеп болууда. Ошондой эле диагностика коюп, ооруну аныктоонун жакшырышы да майыптыгы бар балдардын санынын көбөйүшүнө негиз болууда деп айтылат маалыматта. Кош бойлуу эненин ден соолугунун начардыгы, йод жетишсиздиги, аз кандуулук, кош бойлуулук мезгилинде эненин сасык тумоо сыяктуу илдеттер менен оорушу, начар экология дагы баланын оорукчан, алсыз, өз маалынан эрте төрөлүшүнө жеткирип, андай балдар чарчап же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга айланып жатышат дешет адистер.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан