Дональд Трамп: “Орусия-Украина согушу 6 айда токтошу мүмкүн”

Орусия-Украина согушу 6 айдын ичинде аякташы мүмкүн. Мындай пикирди 7-январда маалымат жыйынында АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп билдирди. Бул согуштун тутанышына АКШнын учурдагы президенти Жо Байден күнөөлүү деген пикирин кайра кайталады Трамп.

Айта кетсек, президенттикке талапкер кезинде Трамп “мен президент болуп калсам, Орусия-Украина согушун 1 суткада токтотом” деп убада берген.

Дональд Трамп Орусия президенти аны менен жолугууга кызыкдар экенин, бирок бул жолугушуу президенттик ант берүү аземинен кийин болгону туура болорун белгиледи.

Трамп Канада АКШнын 51-штаты болушу керек, Гренландия АКШга өтүшү зарыл, Панама каналына мындан ары АКШ ээлик кылышы кажет деген чуулгандуу сунуштарын кайрадан кайталады. Трамптын ант берүү аземи 20-январда болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан