Аптанын жаңылыгы
Учурда Орусияга байланыштуу окуялар арбыды. «Путиндин чокусу», ОРТ менен КТРКнын жыштыктарынын алмашышы, орусча аталыштагы аймактардын айынан Тил комиссиясынын жетекчисинин кызматынан кол жуушу...
Албетте, Орусиянын Кыргызстан үчүн экономикалык жактан өзгөчө орунга ээ мамлекет экени талашсыз.
Бирок ушул өлкөгө тиешелүү маселелерде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келген учурлар болбой койбойт. Алсак, өткөн аптада ОРТ менен КТРКнын жыштыктарынын орун алмашып калганына байланыштуу Орусиянын элчилиги нааразычылыгын жашырган жок. Ал эми биз тарап “КТРК жакшы көрсөтпөйт” деп,
ОРТнын болсо сапаттуу техникалык жабдуусу бар экенине таянып жыштыктар алмашылганын айтып, түшүндүрүү менен убара.
Бул ортодо Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин ысымын Кыргызстандагы чокулардын бирине ыйгаруу маселеси да кызуу талкууга алынууда. Бул сапар “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев чокуга Путиндин ысымын ыйгарууга каршы чыкты. “Кыргызстанга кошкон салымы үчүн Путинге мамлекеттик сыйлык берсек жарашат. Бирок жердин атын эмес”,- дейт Камчы мырза.
Бул аптада Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимов «жер-суунун орусча аталыштарын кыргызчалайбыз» деп ээрден шыпырылды. Ал эми анын ордуна кызматка келген Рыскелди Момбеков мындай кадамга баруу эртелик кыларын билдирет.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Советтер Союзу кулаган соң бир топ постсоветтик өлкөлөр орусча аталыштардан арылып, эчак эле түпкү аталыштарына кайтышкан.