Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынай Нарбаева эжебиз чыгармачыл инсан катары гана эмес, жөнөкөй адам катары да сый-урматка татыктуу айым. Ар дайым башкаларга жардам берүүгө шашып турган ырчы менен бул жолу жашоо турмуш, жан дүйнө сыры, эл билбеген жактары боюнча баарлаштык.
– Саламатсызбы, “Супер-Инфонун” башкы бетине сүрөткө түшүү үчүн өз колуңуз менен көйнөк тигиптирсиз. Тикмечилик да өнөрүңүз бар турбайбы?
– Саламатсыңар. Көйнөктү кошуна курбумдун жардамы менен тиктик. Өзүңдү улам силкип турсаң, адамда жаңы таланттар ачыла берет экен. Таятам ат жабдыктарын жасаган, аялдардын зер буюмдарын кооздогон уста болгон экен. Ал кишиден мага да өткөнбү деп ойлойм, кээде бут кийимиме чейин өзгөртүп жиберем (күлүп). Тагынчактарымды өз колум менен жасайм, мага ошол жасап жаткан процесс жагат.
– Жакшы. Билишимче, жерди да жакшы иштетесиз...
– Жер менен алышкандан ырахат алам. Бир жолу ишке катуу берилип кеткен окшойм, дачадагы чарбагым менен алышып отуруп убактым өтүп кетиптир. Кечинде тойго бармак элем. Шашылып жасанып, тойго чыктым. Иштеп жатканда малинанын, карагаттын шактары колумду тытып кетиптир. Эми бир укмуш, моюндарыма чейин тытылган, колдорум жооруп, барсылдактар чыгып... Мени көргөн киши ырчы эмес эле, өмүр бою кетмен чапкан аял окшойт деп ойлогондой абалда элем. Жеңи узун көйнөк кийип алып колумду улам-улам катам десең (күлүп). Огороддо иштегенде убакытты унутуп калмай жайым бар.
– Акыркы убактарда психологдор менен иштешип, өзүңүздү издеп, изилдеп жургөндөйсүз. Буга эмне түрткү болду?
– Баары 2020-жылкы пандемиядан башталды. Кыйналган элге жардам бердик. Тойлордо жүрө берип, элдин көбү жакшы эле жашайт деп ойлоп жүрүпмүн. 5 баласы болсо, бешөө тең майып бир энени, тоголонуп ачка жаткан кичинекей балдарды көрдүм. Баарын айтсам дастан болуп кетет, эл аралаганда укмуштай окуяларды көрөт экенсиң. Эмоционалдуу адам экенмин, баарын жүрөккө жакын кабыл ала берип, пандемия бүткөндө деле өзүмө келе албай койдум. Депрессиянын чуңкуруна терең түшүп кеттим. Ырдамак тургай, сүйлөгүм келбей калды. Эң биринчи – 36 жыл мугалим болуп иштеген мектептен кеттим. Чечимди бир мүнөттө эле кабыл алдым. Анткени такыр алым калбай калган эле. “Айлык көбөйдү, иште” деп директорум болбойт. Анда менин акчага карабай калган учурум эле. Ыйлагым эле келет, эч кимге сүйлөгүм келбейт. Балдарым да “ыйлаак болуп эле, сөз көтөрө албай калдыңыз” деп жатышты. Ушундан улам психологдор менен иштеше баштадым.
– Жыйынтыгы жакшы болгон окшойт, азыр анын бири байкалбайт, көзүңүз жанып калыптыр...
– Жакшы, шүгүр. Өзүмдү издеп көп психологдор менен иштештим. Азыр андагыдан башка Алтынаймын. Ток пейил болуп калдым. Шашып, дүйнөнүн ишинин баарын мен бүтүрчүдөй жүрчүмүн. Мектепте иштейм, кечинде тойлорго барам, бала-чака, тиричилик, тууган-урук... Баарынын жүгүн көтөрүп алчу экенмин. Эми өз жүктөрүн өз колдоруна бердим.
– Канча жыл ушундай ыргак менен жашадыңыз?
– Өмүр бою. Төрт жыл эле болду, ыргак жайлап, өзүмдү сүйүп, баалап, шашпай, ырахаттанып жашай баштаганыма. Мурун баары үчүн жашап, тек өзүм үчүн гана жашабаптырмын. Баарын ойлочу экенмин, ойлорумда бир гана Алтынай жок экен. Кызыгы, мен өзгөргөндө үй-бүлөм да өзгөрдү. Чыртылдап эле жиним келип турчу, антпей калдым. Өзүмдү сүйүп, баалап калдым.
– Мисалы, кантип?
– Акча тапсам эле тиричиликке, балдарыма, күйөөмө деп жүрө бериптирмин. Былтыр өзүмө абдан кымбат телефон алдым (күлүп). “Азыр көтөрбөгөндө, качан көтөрөсүң?” дедим. Өзүмө зер буюм тартууладым. Жазында өзүмө “муравей” деген мотороллер белек кылдым. Канча жылдан бери огородго селитра, кык, суу ташыйм. "Эмнеге мен бул иштин баарын жөө жүрүп кылышым керек?" дедим. Кыскасы, өзүмдү жашоонун алдынкы “фонуна” койгонго ашыга баштадым. Өнөкөт бронхитим бар эле, аным жоголду. Жүрөгүм ооруп эки жолу ооруканага жатып чыккам, мунум айыкты. Көз тийбесин.
– Мыктысыз. Сөз нугун эми чыгармачылыкка бурсак. Учурда ырчылар кризиске кептелгендей сезилет, жарк эткен ырлар жок. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Себеби көп. Азыр эл, ошол эле учурда ырчылар дагы өз жашоосуна үңүлүп, кайра жаралуу учуру жүрүп жатат деп ойлойм. Жашоо образ, социалдык абал, өлкөдөгү болуп жаткан окуялардын баары эле таасир берет.
– Азыркынын Рыспай Абдыкадырову барбы?
– Ал инсан өзүнө өлбөс үлгү тургузуп кеткен да. Ага жетеби билбейм, бирок азыр Түмөнбай Колдошов, Алишер Тоотаев, Болот Токтобаев, Токтобек Асаналиев деген ырчылыр мыкты чыгармаларды чыгарып жатышат. Мен үйдө ушулардын ырларын угуп ырахат алам. Арасынан Түмөнбайдын эмгекчилдигине баа берем. Жаштар да чыгып жатышат. Өзүмдү айтсам, көптөн бери концерт бере элекмин. Ойлор бышып келе жатат, буюрса, бир күнү болот.
- Өзүңүз тууралуу эч ким билбеген бир фактыны айтып бериңизчи?
- Эч ким билбеген, ээ? Көзүмдү жумсам, мурдум өзүнөн-өзү кыймылдап турат. Ушуну эч ким билбейт. Мына, карасаң (көрсөтүп). Кичинемде апам “Алтынайдын мурду кыймылдап калыптыр, жини келип жатат окшойт” деп калчу. Апам эле билчү окшойт чамамда...
- Сизди жүз пайыз билген адам ким?
- Эч ким. Мени бир өзүм жана Кудай Таалам эле билет. Өзүң менен кошо кете турган сырлар болот экен. Жакын адамың да билбеген, билсе да түшүнө албаган нерселер бар. Ал бир гана Жараткан менен адамдын ортосундагы сыр болуп кала берет.
- Жашоодо абдан оор көңүл калууга туш болгонсузбу?
- Ооба. Бир акын “өлбөй туруп өлүп көрүү, чоң эрдик” деген экен, дал ошондой абал болду менде. Асманым жерге түшүп кеткендей эле болгон. Бирок ошол абалдан чыга тургандай күч таптым.
- Сизди бакытка чулгаган эмне?
- Бала-чакамдын, бир туугандарымдын амандыгы, эл журттун тынчтыгы бакытка бөлөйт. Кичүү кызым чоңоюп калды. Убактымдын көбүн ошол кызым менен өткөрөм. Жеке мектепте окуйт, эртең менен мектепке бара жатканда куду аскерге кетип жаткандай узатып, келгенде кайра ошондой тосуп алам (күлүп).
- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат! Жан дүйнөңүздө ар дайым бейпилдик болсун.
Нуржамал Жийдебаева