Армения, Абхазия сыяктуу өлкөлөрдөн алынып келинген автоунаалар мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жакында атайын жарлык чыгарды. Ал жарлык “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” деп аталып, көптөгөн автоунааларга байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат деп эсептелүүдө.
Жарлыкка ылайык, аталган өлкөлөрдөн алынып келинген автоунаалар каттоого алынып, легалдаштырылат. Белгилей кетсек, буга чейин жарандар автоунааларын мыйзамдаштырууну суранып бийликке кайрылып келишкен. Бирок бийлик аларды мыйзамдаштыруудан баш тартып жүргөн. Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы эч кандай документи жок андай автоунаалар мыйзамдаштырылбай турганын айтып, укуктук абалы белгисиз унаалардын ээлерине “митингге чыгабыз деп коркутпагыла” деп эскертүү берген эле. Жарлыкка ылайык, легалдаштыруу үч этапта жүргүзүлөт:
Биринчиси – укук белгилөөчү документтери бар автоунааларды каттоо. Экинчиси – укук белгилөөчү документтери жок, бирок техникалык абалы жакшы унааларды легалдаштыруу. Үчүнчүсү – укук белгилөөчү документтери жок унааларды сатуу, утилдештирүү же өлкөдөн ташып чыгуу.