Өлкөдө “Сугат айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгону маалымдалды.
2025-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бул мыйзамдагы негизги өзгөртүү – “мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган” деген сөздөрдүн алып салынышы. Мындан ары аталган мораторий менчигинин түрүнө карабастан, жалпы билим берүү объектилерин, саламаттыкты сактоо объектилерин, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге колдонулбайт. Тагыраагы, оорукана, мектеп сыяктуу мекемелерди куруу үчүн сугат, айдоо жерлерин трансформациялоого уруксат берилет.
Мындан тышкары мораторийдин таасиринен суу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер чыгарылган. Демек, ГЭС, суу бөлүштүрүүчү жай сыяктууларды куруу үчүн да айдоо жерлерди колдонууга мүмкүн.
Буга чейин аталган мораторий энергетикалык курулуштарды жүргүзүүгө да тоскоолдук жаратып жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары айтып келишкен.