КУУДУЛДАРДЫ СЮЦАЙ ИЛИМИ ТАРАЗАГА САЛАТ

Сюцай илими боюнча, адамдын туулган күнү – анын аң-сезим, акыл саны. Демек, туулган күнүңүздөгү сандардын жыйындысы сиздин тагдырга, мүнөзүңүзгө таасир этет. Эл көзүндөгү куудулдарга аталган илим кандай мүнөздөмө берет? Сюцай адиси Кундуз Таштанованы тыңдайлы.

“Күмөндөр Абылов эксперименттен коркпогон адам”

Алп куудул Күмөндөр Абыловдун туулган күнү 1958-жыл, 30-август (30.08.1958). Туулган күнүндөгү сандарды кошобуз, 3+0=3. Демек, аң-сезим саны – 3. Миссия санын табуу үчүн туулган күнү, айы жана жылындагы сандарды бири-бирине жалгыз сан келип чыккыча кошобуз. 3+0+0+8+1+9+5+8=34=3+4=7. Демек, миссия саны – 7. 

Аң-сезим саны 3төр (айдын 12, 21, 30унда туулгандар) харизмасы күчтүү, максатка умтулган, үйрөткөндү жакшы көргөн адамдар. Курч акыл, мыкты логика менен ички туюмга, чыгармачыл жөндөмгө ээ. “Билем” деген сөздү көп айтышат. Мыйзамды бузушпайт. Адамды билимине карата баалашат. Анализдөөнү, эксперимент жасоону, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууну жакшы көрүшөт.

Миссиясы 7лер өздөрүнө ашыкча ишенген, өзүмчүл, энергиялуу, шашма, сынды бетке айткан, кекчил, таарынчаак, бирөөгө оңою менен ишене бербеген жандар. Өздөрүн жылдыз сезип, кайда болсо эл мени бааласын деп турушат. Жашоого алуу үчүн жаралгандар. Үйүндө же жумушунда болсун, сөзү, иш-аракеттери менен кризис жаратып башкаларды өзгөрүүгө, башкача ойлонууга, башкача жашоого аракет кылууга түртүшөт. Өздөрүн, айланасындагы адамдардын баарын идеалдуу кылгылары келишет. Ошондуктан башкалардын да жашоосун көзөмөлдөп, акыл үйрөтүп, ар тараптан чектей беришет. Стресс, фобиядан жапа чегишет.  

“Абдылда Иманкулов, Борончу Кудайбергенов, Союзбек Сейитказиев – акча ээрчитип келчүлөр”

Абдылда Иманкулов (20.03.1963) аң-сезим саны – 2, миссиясы – 6. Борончу Кудайбергенов (24.05.1966) аң-сезим саны – 6, миссиясы – 6. Союзбек Сейитказиев (16.03.1985) аң-сезим саны – 7, миссиясы – 6.

Аң-сезим саны 2лер иштин майын чыгаргандар. Дипломат, конфликтти жактырбаган, жумшак мүнөздүү, абдан сезимтал жандар. Башкалардын абалын жакшы түшүнүп, кырдаалга жараша мамиле кылышат. Мамиле булар үчүн акчадан да маанилүү. Комфортту 1-орунга коюшат. Жоопкерчиликтен качып, кээде аны башкаларга түртө салмай адаттары бар. Чечимди тез кабыл ала алышпайт, 2-3 күн жакшылап ойлонууну туура көрүшөт. Мырзалар кыз жандуу келишет. Депрессияга бат кабылышат. Энергиялары аз, тез чарчашат. Буларда дайыма мээрим, сүйүү жетишпей тургандай сезим боло берет. 

 Аң-сезим саны 6лар жашоого ийгилик жаратуу үчүн келгендер. Тубаса акылман, бар нерсеге шүгүр кылып, жашоодон ырахат алып жашагандар. Ийгиликтер өзүнөн-өзү агылып келе берет. Тубаса манипулятор болушат. Кекчил келишет, бирок кегин башкалар аркылуу алышат. Өздөрүн ак сөөк эсептешет, өздөрүнөн эч нерсе аяшпайт.

Аң-сезим саны 7лер акылгөй, кылдат, билимдүү, ички туюму күчтүү, жашоого философиялык көз караш менен карагандар. Табият буларга курч акыл, оригиналдуу ойлонууну берген. Бат, туура чечим кабыл алып, идеяларды ишке бат ашырышат. Өздөрүн жылдыз сезишет. Мыкты кеңешчи жана тубаса табыптар. Жан дүйнөсү бурганактабай тынч, бир калыпта жүргөндөр.

Адамдарга агрессивдүү түрдө камкордук көрүшөт. Мисалы, жылуу кийиндиңби, курсагың токпу дегенди да орой формада сурашы мүмкүн. Кээде “эл эмне дейт?” деп баш оорутуп отургусу келбей, өздөрү каалаган нерсени жасап коюшу мүмкүн. Ашыкча шектенүүчүлүк, өзүмчүлдүк, сынды көтөрө албастык да буларга тиешелүү сапаттар. Көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп турууну жактырышат. 

Миссиясы 6лар гумандуу, сүйүү, ыңгайлуулукка умтулган жандар. Булар чыгармачылыкта өздөрүн өстүрүп, бийиктикке жетүүнү самашат, бирок жалкоолуктары да бар. Баары менен жакшы мамиле түзгүлөрү келишет. Орунсуз талаш-тартыштарда “сеники туура” деп кутулушат. Акча энергиясын өздөрүнө тартып тургандар. Ошондуктан ким өз жанына миссиясы 6 болгон адамды алып жүрсө, киреше агылып келет деген түшүнүк бар. Мыкты сатуучулар. Бизнес жасашса байлыкка көмүлүшөт. Кара жумушка жок, көзгө чөп салууга жакындар.

“Тынар Курбаналиев менен Рысбек Жантөрөев акыйкаттык үчүн күрөшө алчулар жана жумурткадан кыр издегендер”  

Тынар Курбаналиев (13.11.1977), Рысбек Жантөрөев (31.05.1974) аң-сезим сандары – 4, миссиялары – 3.

Аң-сезим саны 4төр мыкты ойлонуп, анализ жүргүзүп, элди башкара билгендер. Бардык ишти эсеп-чот менен жүргүзүшөт. Колу ачыктар, бергенден ырахат алышат. Чындык, акыйкат үчүн күрөшө алчулар. Новатор жана тубаса ораторлор, элди ишендирип, артынан ээрчите алышат. Ошол эле учурда жумурткадан кыр издегендер. Көңүлгө карабайт, сынды бетке тарс айтып, ошонусуна корстон болушат. Башкаларга салыштырмалуу нааразычылыгын көп айтышат. Максатты көп коюп алышат да, ага жетүүдө кыйналышат.

Миссиясы 3төр эмоциясын, энергиясын пайда табуу үчүн коротушат. Бат кубула алышат. Кандай кырдаал болбосун өзүнө пайда өндүрүп калууга аракеттенишет. Бизнести жакшы куруп кете алышат. Акылдуу адамдар менен сүйлөшкөндөн ырахат алышат. Камкор, ошол эле учурда муздак жандар, эмоцияларын оңою менен билдире беришпейт.

“Болсунбек Стакеев тубаса лидер жана деспот”

Болсунбек Стакеев (01.05.1984) аң-сезим саны – 1, миссиясы – 1.

Аң-сезим саны 1лер тубаса лидер, мотиватор, оратор, стратегдер. Өздөрүн жылдыз, башкаруучу сезген, эгосу бийиктер. Бирөөнүн кол алдында иштеп калса жабыркап, азап чегишет. Жашоо алар ойлогондой боло бербегени үчүн көбүнчө нааразы болуп эле басып жүрүшөт. “Өз” деп эсептеген адамдарына колунда болгонунун баарын берүүгө даяр, ал эми “жаттарга” кышында кар да бербейт.  Буларга статус, аброй башкы орунда турат.

Миссиясы 1лер тубаса башкаруучу, жетекчилер. Бийликке умтулган, өзүмчүл, деспоттор. Башкалардын эркин басуу менен баш ийдиргилери келишет. Акчаны да бийлик аркылуу табууну көздөшөт. Мындай иш-аракеттери менен аларды жалгыз калуу коркунучу коштоп жүрөт.

“Нарынбек Молдобаев жеңишчил адам”

Нарынбек Молдобаев (20.05.1964) аң-сезим саны 2, миссиясы – 9.

Аң-сезим саны 2лер тууралуу жогоруда айтылды.

Ал эми 9дардын миссиясы – элге кызмат кылуу. Ар бир аракети жеңишке багытталат. Эмоционалдуу, бирөөлөрдү иштетип акча тапканды билгендер. Суранышпаса деле башкаларга жардам беришет да, кайра алардан ыраазычылык, жардам күтө беришет. Ашыкча шекчил болгондуктан көп ойлонуп, ичтен азап чегишет. Уккан маалыматка ишенишпей, кайрадан текшерип көрүшөт. Элдин коргоочусу боло алышат. Курч, кашкөйлүк сапаттарын талаш-тартыштарда, эл алдында сүйлөгөндө көргөзүшөт. 

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1153, 17-23-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан