Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Сот залы. Сот иштери билинбей эле 8 айга созулуп, Баян моралдык жактан чарчап калган эле. Бирок адвокатына ишенип, жакшы жыйынтык болот деп күтүп жатты. Баян соттун акыркы чечимин укканда түшүнбөгөндөй түр менен адвокатын карады.

– Жыпар эже, түшүнбөй калдым, канча беришти?

– Жети жыл, Баян, жети жыл...

Баяндын көздөрүнөн мончоктой жаштар агып жатты. Өзүн кармана алган жок. Сот залында өңгүрөп ыйлады.

– Эжеке, иш өзүн коргоо беренеси боюнча каралып жатат, бул берене менен эки жыл алышың мүмкүн деп сүйүнтпөдүңүз беле?

– Баян, алтыным, ошол берене менен каралганы үчүн 7 жыл алып жатасың, болбосо “адам өлтүрүү” беренеси менен 15 жылга чейин кесилип кетмексиң.

Жактоочу ушуларды айтып бир аз ойлоно түштү да, андан ары сөзүн улантты. 

– Маркум жигит сага биринчи болуп кол салганын далилдедик. Ал алгач курбуңду зордуктаганын медициналык экспертиза да аныктады. Андан кийин сени зордуктоого аракет кылган. Маркум сен сайып жиберген отвёрткадан эмес, бийиктен кулап түшкөнү үчүн каза болгон. Бирок сени “сайгандан кийин түртүп жиберген болушу мүмкүн” деп жатышат. Айтор, күмөндүү жагдайлар көп. Биз бул чечимге сөзсүз даттанабыз, Баян, кам санаба. Мен сага убада кылган 2 жылдык жазага келет акыры.

– Качан, Жыпар эже? Менин СИЗОдо отурганыма 1 жыл болду! – деп кыйкырды Баян.

– Өзүңө кел, кыз, бул жер сага Кыргызстан эмес. Жолдо бирөөнүн капчыгын таап алып, ичиндеги акчасын коротуп койгон мекендештер 3 жылга кесилип жатышат. Адам өлгөн окуяда 7 жыл алганыңа сүйүнбөйсүңбү, 15 жыл берсе деле отурмаксың да!

– Жыпар эже, сизге чейин биз 5 адвокат алмаштырдык, жакындарымдын акчасы суудай кетти, мен эртерээк чыгып төлөп кутулушум керек! Сиз мага эки жыл берет дегенсиз.

– Эй кыз, шерменде кылба мени орустардын көзүнчө айкырып. Жиниме тийсең
300 миң рублиңди берем да басып кетем, кандай кылсаң, андай кыл!

– Эжеке, антпеңиз, бөтөн жерде мени таштабаңыз, курусун ушул Москва, кайдан иштегени келдим эле?.. 7 жылына деле кайылмын, мени Кыргызстанга которгонго жардам бериңиз. Мен мындан ары бул жактын абагына чыдабайм. Тамекинин түтүнүнө ууланып өлүп калам.

– Абак оюнчук эмес да, сиңдим,- Баяндын байкуш кейпин көргөн адвокаты аны кучагына кысып, “баары жакшы болот, ишен мага” деп жубатты.

– Конвоирлер Баяндын колуна кишен салып темир тордон чыгарып кетип жатышканда Баяндын көзү Чика менен Кадыр акесине урунду.

– Баян, кечирип койчу мени, суранам, баары менин айымдан болду...- Чика андан ары сөз таба албай ыйлап жиберди. Кадыр акеси сөзгө аралашып?

– Баян, биз сени таштабайбыз, сен башкысы өзүңдү таштап чөгүп кетпе, макулбу? Эмне керек болсо айт, күндөп-түндөп болсо да жеткирип берем, карындашым. Бул акыркы чечим эмес, түшүндүң да. Буга чейинки киргизген азык-түлүктөрдү алдыңбы?

– Баарын алдым, Кадыр аке, сизге ыраазымын. Чика, сен деле мага окшош жабырлануучусуң, тескерисинче, сен өзүңдү коргой албай калдың. А мен өзүмдү коргойм деп ушул окуя болду.

“Соттолуучунун жолун торобогула. Качкыла” – деп конвоирлер Баянды алып чыгып кетишти.

xxx

Атыргүл апасынын насаат-кеңешинен кийин Ильясты аңдып, текшербей калган. Күйөөсү үйгө түнөбөй койсо деле көз жумуп койчу. Баяндын абакка түшкөнүн укканда Атыргүл ага бир тууган сиңдисиндей күйүп-бышып, короодогу мал-жандыктарын сатып жактоочу жалдашкан. Ильясты карап отурбайын деп айылдагы тигүү цехине түнкү нөөмөткө жумушка да орношуп алган. Ильяс да Баяндын окуясынан кийин көңүлдөшү Айымдын үйүнө мурдагыдай каттабай калды. Башка маселелер менен алек эле. Кош бойлуу Айым көп жолу жалдырап Ильяска жазды, оң жооп алган жок. Башында “курсактагы баланы алдыртам” деп коркутту, Ильяс “бир аз күтө тур, карындашым кырсыктап баш-аягыбызды жыя албай жүрөбүз” деп койгон. Ошол бойдон Айымга барган да, жазган да жок. Ал арада Айым көз жарып, баласынын кыркы чыгайын деп калды. Ильяс адаттагыдай жумушта, Атыргүл үй тиргилигин кылып жүргөн. Дарбаза тарсылдап, Атыр эшикти ачты. Босогодо колуна чүрпөсүн кармаган Айым турат.

– Келиңиз, сизге ким керек эле?

– Атыргүл ушул үйдө жашайбы?

– Менмин Атыр...

Айым арыкчырай, тың, көзүнүн астында бир аз бырышы бар Атыргүлдү бутунан башына чейин бир сыйра карап сөзүн улады.

– Ушул үйдүн босогосун аттаганга аргасыз кылдыңар Ильяс экөөңөр...

– Бизби? Сиз кимсиз өзү?

– Атым Айым. Күйөөңүз мени жакшы тааныйт.

Атыргүл бирөө бетине муздак суу чачып жибергендей кубарып кетти.

– Биз Ильяс экөөбүз бир жылдай сүйүшүп, бактылуу жашадык. Сиз деле аны сезип жашап жүргөн болушуңуз керек. Менин кош бойлуу экенимди уккандан кийин күйөөңүз куйругун түйгөн түлкүдөй эле качып кетти. Бул чүрпө Ильяс экөөбүздүн каныбыздан жаралган наристе. Ильясты чын эле мени сүйөт деп ойлочумун, көрсө, биз, аялдар, иллюзия менен жашаганды жакшы көрөт экенбиз. Реалдуулукта эркектер эгоист болушат экен, өзүнөн башка эч кимди сүйбөйт тура. Убактылуу кумар, жылуу төшөк үчүн сүйөм-күйөм дей беришет.

Атыргүл мукактанып, көкүрөгү ачышып турду.

– Билем, сиздин жүрөгүңүз канап жатат, бирок менин абалым да оор. Айылдын баары баламдын атасы Ильяс экенин билет, көчөдө кенен баса албай калдым. Көчүп кетишим керек айылдан, мага жардам бергиле.

– Айым, кечиресиз, мынча маалыматты мен азыр аш кыла албай жатам. Үйгө кириңиз, Ильяс өзү келсин, сүйлөшөлү. Айым күндөшүнүн токтоолугуна, сабырдуулугуна баа берди. Үйгө кирип үйдүн тазалыгына, короодо баары ирети менен турганына көзү урунду.

xxx

Чика эки айдан бери клининг компаниялардын биринде иштеп жатат. Эки жума мурун капчыктуу кардар таап, анын батирин, шаар четиндеги дачасын тазалап берип жүргөн. Бүгүн кубанып Кадыр акесине чалды:

– Кадыр аке, Баяндын жаза мөөнөтүн кыскартууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат.

– Кандай мүмкүнчүлүк? Дагы аферисттерге алданып калба, Чика, адвокатмын деген канча аферистке алдандык ансыз деле...

– Адвокат эмес, Кадыр аке, мен Москва шаарынын прокуратурасында иштеген чоң кызматтагы прокурордун үйүн жыйнап берип жатам. Баяндын окуясын айтып берсем, жардам берем деди. Жүрөгүм сезип турат, бир болсо ушул орус бизге жардам берет, Кадыр аке. Сиз орусча “грамотно” сүйлөйсүз го, сүйлөшүп бериңизчи. Эртең дачасында болот, мен үй жыйнаганы барам, сиз Баяндын иши боюнча болгон документтерди көтөрө келиңиз, чогуу баралы.

– Макул.

xxx

Кеч эле. Ильяс дарбазасын ачып, унаасын токтотуп жатканын көргөн кичинекей балдары “атам келди” деп чуркап чыгышты. Улуусу атасынын желкесине асынып алса, ортончусу менен кичүүсүн Ильяс эки колуна кармап балдарын эркелетип жатты.

– Таттууларым, берекелерим, атасын сагынган турбайбы данектер. Мен силерге көп таттууларды алып келдим, азыр апаңар баарыңарга бөлүштүрүп берет,- балдарына алаксып үйгө кирип келген Ильяс бөлмөдөн Айым менен Атыргүлдү көрүп чочуп кетти. Көргөн көзүнө ишене албай турду. Айымдын колунда чүрпөсү да бар эле, ал ымыркай өзүнүн баласы экенин Ильяс айттырбай сезди. Нес абалда турган Ильясты Атыргүлдүн сөзү ойготту.

– Куш келипсиң, атасы, бул келин конокко келип эртеден бери сени күтүп жатат...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1153, 17-23-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан