2025-жылы 7-январда АКШнын Лос-Анжелес шаарында башталган өрт дагы деле күчүнөн кайта элек. Тескерисинче, Калифорниянын өзгөчө кырдаалдар кызматы бул аптада шамал дагы күч аларын, анын кесепетинен өрттүн жайылуу аймагы дагы кеңири жайыларын билдирип коңгуроо кагууда. Бул өрт апааты Лос-Анжелестин тарыхында эң чоң жоготуу алып келген кубулуштардын катарына кирди. Азыркы учурда
180 миңден ашык адам эвакуацияланып, 10 миңден ашык курулуш имараты күйүп кеткени айтылууда. Өкүнүчтүүсү, кырсыкта адам өмүрлөрү да кыйылууда. Бүгүнкү күндө каза болгондордун саны 24кө жетти. Ал эми үйлөрү толугу менен күйүп кеткендердин арасында көпчүлүккө таанымал атактуу адамдар да бар:
Мел Гибсон – “Храброе сердце” тасмасы менен дүйнө жүзүнө таанылган актёр Мел Гибсон 10 жылдан ашык убакыттан бери жашап жаткан үйү (14,5 миллион доллар) толугу менен күйүп кеткенин айтты. 69 жаштагы актёр: “Үйгө келсем, анын додо күлү эле калыптыр. Үй-бүлөбүз менен позитивдүү маанайды сактаганга аракет кылып жатабыз. Бир чети эми сантехника маселелери тынчымды албайт экен деп сүйүнүп койдум”,- дейт позитивдүү актёр.
Энтони Хопкинс – актёр, режиссёр, “Оскар” наамынын ээси Энтони Хопкинстин 25 жыл жашаган үйү да күйүп кеткен. Актёрдун кесиптештери Бен Аффлек менен Том Хэнкстин үйлөрү жабыркагандардын катарында.
Пэрис Хилтон – эпатаждуу актриса, ырчы Пэрис Хилтондун хан сарайын да өрт кырсыгы аттап өткөн жок. “Сыналгыдан түз эфирден үйүм жалбырттап күйүп жатканын көрүү оор болду. Канчалаган адамдар 1 күндө үйү жок калышты”,- дейт кайгырган актриса. Интернет желесинде тараган маалыматтарга ылайык, бул хан сарайды Пэрис Хилтон менен жолдошу 8,4 миллион долларга сатып алышкан.
Илья Лагутенко – АКШда үйү бар орус жылдыздары да өрттүн кесепетинен жабыр тартышты. “Мумий Тролль” тобунун лидери Илья Лагутенконун
2,8 миллион долларлык үйү күлгө айланган. Андан сырткары Анжелика Варум менен Леонид Агутиндин батири да өрттүн “колу” жетчү аймакта экени маалымдалууда. Ушундай эле коркунуч Голливуд жылдыздары Рианна, Леонардо Ди Каприо, Стивен Спилбергди да кооптондуруп жаткан учур.