Адамдын жашоосу аны курчап турган түрдүү энергияларга жараша өзгөрүп турат экен. Энергиялардын арасынан, албетте, маанилүү орунда акча энергиясы да турат. Бул энергия кайсы учурда жабылып калат да, кайсы учурда ачылып, кожоюнуна пайда алып келе баштайт? Сиздин акча энергияңыз ачыкпы? Макаладан жооп издеңиз.
Акча энергиясы деген эмне?
Акчанын өзү – энергия болуп саналат. Аны кандай колдонгонго жана башкаруу ыкмаларына жараша акча энергиясы экиге бөлүнүп кетет. Туура эмес колдонулса “чоң тешик” энергиясына айланат. Бул учурда канча тапсаңыз да акча жукпай, чоң тешикке кирип жаткандай болот. Ал эми туура башкарылган каражат “чоң сандык” энергиясына айланат. Мында адамдын тапканы өзүнө жугуп, көбөйүп, ашып-ташып турат.
Кайсы учурда энергия жабылат
Адамдын оюна жараша айланган акча энергияси бир нече себеп менен жабылышы мүмкүн.
1-себеп – башканын энергиясы менен жашоо.
Мисалы, сизде коомчулукта стандартка айланган байлык түшүнүгү жашайт. Бирөөнүн үйүн көрүп "ушундай үйүм болсо" дейсиз, бирөөнүн кымбат кийимин көрүп "ушундай бренд кийинсем", же "ушундай машина алсам" деген ой жашайт. Мунун баары “жакшы жашоо стандарты” деп башкалардын мээге сиңирген түшүнүгү болуп саналат. Башкалардын акча энергиясына суктанып жүрүп өзүңүздүн энергияңызды унутуп, жоготуп, жаап аласыз.
2-себеп – ырахат.
Сиз кеңседе же башка жакта айдан айга айлык алып иштеп келе жатасыз, анткени иштеш керек, акча табыш керек. Албетте, иштөөнүн эч кандай жаман жагы жок. Бирок эртең менен араң көзүңүздү ачып, жумушка байма-бай кечигип, “качан дем алыш келет?” деп, дем алыш келсе “бат эле бүтүп калды” деген учурлар көп болобу? Демек, сизде жумуш ырахаты жок. Жасаган ишинен ырахат албаган адамдын да акча энергиясы жабылат. Акча – ырахатты, жыргалчылыкты, кубануу сезимдерин сүйөт.
3-себеп – нааразычылык.
Акчасы жок же аз адам баарына нааразы абалда жашайт. Акчасы жок үчүн өзүн, башкаларды, тагдырына чейин жаман көрө баштайт. Канчалык жашоосуна нааразы болгонуна жараша финансы булагы да ошончолук тарый берет.
4-себеп – көрө албастык, кызганыч.
Сизде жок болгон учурда колунда барларга карата көрө албастык, кызганыч, таарыныч сезими жаралат. Бул сезимдер акча энергиясын эле жаппастан, адамдын жашоо энергиясына да терс таасирин тийгизет.
Так формула жок!
"Мына бул ишти жасасаң акча энергиясын ойготуп, аз убакытта байып кетесиң" деген так формула, эреже жок. Адам өзүн тааныганда, чын жүрөктөн эмне каалап жатканын сезгенде гана аалам ошол нерсенин баарын камсыздайт. Башкалардын стандартынан, башкалардын оюнан, салт-санаасынан, адаттарынан, “эл эмне дейт?” рамкасынан тыш болуу керек. Өзүңүзгө гана керектүү нерсени сураңыз. Каалоо жана максат канчалык чоң жана глобалдуу болсо, аалам ошол максаттарга жетүү үчүн ошончолук каржы энергиясын ачканга жардам берет.
Акча эгрегоруна кошулуу
Энергопрактиктер ар бир буюмду жандуу энергиялык талаалар – эгрегорлор коштоп жүрөт дешет. Эгрегорлорду, тагыраагы, энергия талаасын колдогондордун, ага ишенгендердин саны канчалык көп болсо, ал энергиянын да таасири күчтүү болот. Дүйнө жүзүндө акча колдонбогон адам аз болгондуктан, акча эгрегору эң күчтүү энергия болуп саналат. Акча эгрегорунун “ачуусун” келтирген учурлар да болот. Мисалы, адам байлык жөнүндө кыялданат да, ошону менен катар көп акча чоң маселе да жаратат деген ойдо болот. Бул учурда акча энергиясына “бул адамга акчанын кереги жок” деген белги кетет да, эгрегор жабылат. Андыктан жаман кеспеттерди алып келиши мүмкүн деген күмөн саноолорду ойлонбой, акчага байланыштуу чоң максаттарды кыялдана бериңиз.
Качпаңыз
Кээ бир адамдар көп акчаны кыялданганы менен, ага жетүү үчүн аракет кылышпайт. Иштеп жаткан жумушуна, ага берилген айлыгына макул. Эч качан карьералык өсүүнү же акчасын көтөрүүнү, кайсы бир сый акыны сурабайт. Жетекчиси эмне берсе алат, болбосо жок. Же өзү бир иш баштабайт, баштоо тууралуу ойлонбойт дагы. Айлыгы жогору иш издегиси келбейт, анткени жумуш ордуна көнүп калган, өзгөрткүсү келбейт. Бул акча энергиясынан адамдын өзүнүн качуусу болуп саналат.
Акча сооданы жана сыйды сүйөт
Акча эмне үчүн керектигин, анын кызматын унутпайбыз. Соода каражатыбы, демек, соодалашуу керек. Соодалашкандан, арзандатуу сурагандан уялбаңыз. Ошол эле учурда бар болуп турса да сараңдык сезимине курчалып алуунун да кереги жок, чектен ашпаңыз. Акчам көп деп чачылып, ашыкча берүүнүн да кереги жок. Негизгиси, соодалашкан эки тарап тең ыраазы болгондой болсун. Ошондо акча энергиясына “ии, бул адам акчаны колдонгонду, анын баасын билет экен” деген белги кетет.
Берген алат...
Ооба, "кайрымдуу бол" деген сөз акча энергиясына да жагат. Сизге көрсөтүлгөн майда кызматтар үчүн ыраазычылык иретинде аз болсо да акча берүү туура кадам. Мисалы, официантка, курьерге же башка адамга тыйын берип коюңуз. Муктаждарга кайрымдуулук колун сунуңуз. Эске салчу нерсе: акча энергиясы карыз берүүнү жактырбайт. Карыз менен кошо энергия да кетет.
Көңүл бурууну талап кылат
Адам сыяктуу эле акча да өзүнө көңүл бурууну талап кылат. Ал үчүн акча жөнүндө дайыма ойлонуп, ага көңүл буруп туруу керек. Энергопрактиктер акча банкноталарынын ар биринин көрүнүшүн жаттап, оюңда аны элестетип, чакырып туруу керек дешет. Андан сырткары капчыктагы акчаларды бат-бат алып чыгып, санап, эсептеп туруу керек. Акчаны кооз, татынакай, жаңы, кымбат капчыкка салган жакшы, энергия бул кадамды өзүнө болгон кам көрүү деп эсептейт. Капчыкты ачканда дайыма акча аффирмациясын кайталап туруңуз: “Менде дайыма жетиштүү акча бар” деген.
Акча тартипти сүйөт
Акча тартипти, финансылык сабаттуулукту сүйөт. Канча табасыз, канча коротосуз, канча топтойсуз? Мунун баары ай сайын таблицага белгиленип турушу керек. Тапканыңыз коротконуңуздан көп болсун. Керектүү гана нерсени алып, сарамжал болуңуз. Бир сом, бир тыйын болсо да баалай билиңиз. Акчанын орду капчыкта, ар кайсы жакка калтырып, айрып, бырыштыра бүктөп жүрүү жарабайт.
Визуализация
Канча акча тапканыңызды, кандай үйдө жашаганыңызды, кандай машина айдаганыңызды, кандай кийим кийип жүргөнүңүздөн бери майда-чүйдөсүнө чейин элестетип жүрүңүз. Керекпи, үйдүн ичи кандай жыттанат, кийген кийим кайсы кездемеден тигилгенине чейин оюңузда так элес болсун. Акча энергиясына бул кыялдардын баарын ишке ашырыш керек деген тапшырма кетет.
Жоопкерчилик өзүңдө
Аз акча тапканына эч ким эч качан бирөөнү күнөөлөбөшү керек. Анткени ар бир кадамына адам өзү гана жоопкер. Жоопкерчилиги жок, бирөөгө нааразы, башканы күнөөлөгөн адамга акча энергиясы да ачылбайт.
Асыл Орозбекова