(Башы өткөн сандарда)
Элестин апасынын маңдайында отурду. Калп эмес экен, Элеске окшошуп кеткен жактары бардыгын байкады. Мисалы, бетиндеги уячасы. Күлгөнү да окшош экен. Али оозуна сөз келбей отурду. Ушунчалык чарчады ал. Элестин жалгандарына кокосуна чейин тойду. Эми баары бүткөндө эмне үчүн калп айтышы керек эле? Дагы эмнени жашырып жатат?
– Сенин бир күнү келериңди күтүп жүргөм, –деди аял.
– Хм, эмнеге?
– Жалгыз кызымды аманат кыла турган адам жалгыз сен болгон үчүн...
– Хе, кызыңыз менен эбак ажырашкам. Азыр анын миллионер күйөөсү, кызы бар. Менден кеткенине канча убакыт болду...
– Билем. Бирок ал туруктуу эмес, бир көрүп эле билдим.
– Мага кызыңыз аманат эмес, ал кимди кааласа башкага аманат кылып коё турган аял. Кимди кааласа бармагында ойнотуп кете турган бир...
Кыжыры келип алдында турган столду карс эттире муштап алды. Аял бир аз унчукпай калды да, бир аздан кийин акырын сөзүн улантты.
– Ишенип кой, сенин абалыңды менден жакшы билген эч ким жок. Алданган ушундай бир жаман сезим. Бир эмес, бир нече жолу алданганыңды билгенде чоктун үстүндө басып жүргөндөй жалындайсың. Ичиңдеги өрткө куйкаланып, ал жалмаңдаган от сени ичтен жейт, күйгүзөт. Эч кимге ишенбес болосуң. Кекенесиң, сөөмөйүңдү кезеп “сениби, шашпа!” дейсиң. Жашооңду астын-үстүн кылган ал адамга кенедей да ишеничиң калбайт.
– От-сот жок эле турат ичимде. Мен балдарымды гана издеп жүрөм. Элеске эч бир тиешем жок. Балким, сизди күйгүзгөндүр ал от. Мага алы жетпеди. Болгону Элес менин балдарымды алды менден. Лимонбу, кимиси... Ал болбосо азыр балдарым жанымда болот эле. Сиз мен эмнени башымдан өткөрдүм, билбейсиз. Эч ким билбейт. Сиз айткан от эбак өчкөн. Күл болгон, бирок балдарыма деген үмүтүм али өчө элек. Эх, мен кимге эмнени айтып жатам? 10 жашар кызын таштап, бир кабар албаган эне менин абалымды кандай түшүнмөк?.. Сиз, Элес, баарыңар таш боорсуңар. Андагы мерездик – ата мурасыбы, эне мурасыбы, ким билсин?..
Али алдында турган алсыз аялга эмнеге минтип жатканын өзү да түшүнбөй калды. Бир билгени – Элеске ишеничинин кайра жоголгонуна ыза эле. Кайра калп айтканына жаны кыйналып жаткан. Аял эч нерсе деген жок. Күпүлдөп алып Али кайра уялып калды. Майыптар арабасында отурган бул аял ага эмне кылды? Дал өзүндөй курмандык эмеспи? Бети кызарып, уялып чыкты. Бир убакта өзүнө келип акырын үн катты.
– Сизге мындай мамиле кылбашым керек эле... Кечириңиз.
– Эч нерсе эмес, уулум.
“Уулум” деди. Чын дилинен айтты. Ушул сөздөн жакындыктын илеби сезилди Алиге. Апасы өлгөндөн бери чын дилинен ага минтип эч ким кайрыла элек эле. Каңырыгы түтөп кетти.
– Сизди менден эмнеге жашырды Элес?
– Менин билингим келген жок, айтпа дедим сага. Элес мага силердин биринчи кызыңар төрөлгөн учурда келди. Ошондо биринчи жолу көрүштүк. Кызым супсулуу болуп чоңоюптур. Атасына окшоп көөдөнү бош эмес, апасына окшош алсыз эмес эле Элес. Күчтүү кыз болуптур. Биз аны таштап кеттик. Атасы ата, энеси эне боло албады. Ошого карабай ичиндеги мээримди сактап калыптыр. Сыймыктандым. Сен тууралуу айтып берди. Ушунчалык бактылуу эле. Мен андан мен тууралуу эч кимге айтпашын сурандым. Силердин бактыңарды бузгум келген жок. Ортоңорго бүлүк түшүшүн каалабадым. Мага убактысы болгондо келип турганы гана жетиштүү болчу. Эки балалуу болдуңар. Мага кээде көрсөтүп турчу. Каргаша болуп балдар жоголду. Мен кызымды кайра жоготтум.
Зейнеп көздөрүн жумду. Балдары жоголгондо бир топтон кийин Элес келди. Ал мурунку кызы эмес эле. Көздөрү күйүп турчу эле, эми болсо кареги муздун сыныгы кирип кеткендей муздак. Көз жашы да калбай калган экен. Кийин эки жыл жоголуп кетти. Ошентип келбей калган. Кийин башка адамга турмушка чыгып кыздуу болгондо дагы бир келип кетти.
– Эмнеге сизди кийин алып кеткен жок?
– Алып кеткиси келди, бирок...
Зейнеп кызын дагы эмне деп актаарын билбей башын жерге салды. Ушул учурда Али эч кимдин оюна келбей турган бир иш жасады. Бул аялды үйүнө алып кетип, апа ордуна апа кылып баккысы келди. Бул жерде жалгыз калтыргысы келбеди.
– Сизди алып кетем, – деди ал жөн гана.
Зейнеп көзү бакырая тиктеп калды.
– Апам каза болгонуна көп болду. Мен анын жалгыз уулу элем. Эч кимим жок. Атам бар, бирок... Өз үй-бүлөсү менен. Эгерде макул болсоңуз, сизди алып кетейин. Үй кенен. Чарбагы да бар. Мен үйдө дээрлик болбойм.
– Эмнеге? Мага бооруң ачыган үчүнбү?
– Балдарыма жолуга турган күн келет. Ал күн сөзсүз келет. Ошондо мен... Кыскасы, сизди алып кетейин.
– А Элес? Ал эмне дейт?
– Кызыңыз эбак эле өзү менен өзү. Шүгүр, колунда бар. Сиздей, мендей адамдар анын жашоосуна керек эмес. Бирок биз бири-бирибизге керекпиз.
Али “ал тургай кайсы бир учурда балдары да ага керек эмес” деп айтып жибергиси келди. Бирок өзүн кармады.
ххх
– Ажырашууга арыз берип келдим.
– Элес...
– Сени менен бирге жашамак тургай, бир столдо отуруп тамак иче албай калдым, Азим. Менден сени кечиришимди сураба. Мен муну кызыбыз үчүн да кыла албайм. Андан көрө жакшынакай ажырашып кетели.
– Мен сенсиз жашай албайм.
Элес көзүн жумду. Бул сөздү ал көп адамдан укту. Лимон “мен сенсиз жашай албайм” дечү. Дагы, дагы, далай эркектер айтышты. Бирок бир гана Али айткан жок. Анткени ал сөздөн көрө иши менен сүйүүсүн далилдегендерден эле.
– Жашайсың, Азим. Сен менсиз өтө жакшы жашайсың.
Азим колундагы акыркы “көзүрүн” ачты.
– Эгер ажырашсаң жашооң мындай болбойт. Үй, алдыңда кызматчы, кызыңа бала багуучу болбойт. Сага эч нерсе тийбейт. Анткени эч бир мүлк менин атыма катталган эмес. Билесиң, карындашымдын атында. Болгону бир бөлмөлүү батир бар мага жазылган. Машине да жок.
Элес жылмайып гана башын чайкады.
– Хм, ушундай де, Азим мырза. Эркек ажырашканда чыныгы жүзүн көрсөтөт деген сөз туура экен.
– Жаным, мен...
Азим аны кучактайын деп кадам таштады. Элес окшуп жибере тургансып оозун баса ары жылды. Тиги кучагын ачкан боюнча жалдырап туруп калды.
– Менден ушунчалык жийиркенип жатасыңбы?
– Мага эч нерсенин кереги жок. Лимондун миллиондорунан учурунда баш тартып кеткеним эсиңден чыгып калдыбы? Сага мен акчаң үчүн аял болгон эмесмин. Сага ишенгем. Келесоодой болуп ишенген экенмин. Сен да мени саттың.
– Элес, мен эмне кылмакмын? Лимон кылды баарын. Балдарыңды алып кача турганын билген эмесмин. Кийин сени менен мамилем жакшырганда айткандан корктум. Мени күнөөлөйт экен деп корктум. Ушул боюнча эч ким билбейт деп ойлодум. Жабылуу аяк жабылуу боюнча калсын дедим. Али Акайбы, башкасыбы, келип биздин тынч жашообузду бузат деп ойлогон жокмун. Болгон күнөөм – айткан жокмун сага. Ушул гана...
Азимдин көз жашы куюлуп кетти. Анын да өз чындыгы бар эле. Акыйкатта ар кимдин өз чындыгы бар.
(Уландысы кийинки санда)