Дүйнөлүк шоу-бизнес жаңылыктары

Актёр Гоша Куценконун унаасынан аялдын сөөгү табылды

20-январда белгилүү орусиялык актёр Гоша Куценконун Запорожец үлгүсүндөгү автоунаасынан аялдын жансыз денеси табылды. Каза болгон аялдын өздүгү аныкталып, ал 36 жаштагы Дарья Ш. болуп чыккан. Дарья Ozon компаниясында, андан сырткары сулуулук салондорунда иштеп жүргөн. Каргашалуу күнү автобекетке барган Дарья Татарстандын жараны Альберт Абдуллин менен таанышат. Экөө спирт ичимдиктерин ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик жаралат да, Альберт Дарьяга кол салат. 12 ирет сайылган бычактан алган жаракатынан улам Дарья каза болгон. Жансыз денени Альберт көчөдө токтоп турган Запорожецке салып, кетип калат. Ал Запорожец болсо Гоша Куценконуку болуп чыгат. Ретро унааларды жактырган актёр унааны 2019-жылы сатып алып, айдап жүргөн экен. Машинасын унутуп бекитпей калганынын кесепетинен Куценко ушундай криминалдык ишке аралашып отурат. “Бул маалыматты жумушта угуп, нес абалда калдым. Маркумдун жакындарына көңүл айтам” дейт актёр.

 

Брэд Питтин күйөрманы 850 миң долларга алданды

Коомчулукту дагы бир атактуунун аты аралашкан маалымат чочутуп турган маал. 53 жаштагы Энн аттуу айым үстүбүздөгү жылдын январь айында француз телеканалына маек берип, анда Брэд Питтин атын жамынган алдамчылар анын
850 миң АКШ долларын алып коюшканын айткан.

Социалдык тармактардын биринен “мен Брэд Питтин апасымын” деген бирөө Эннге жазып, баласы менен тааныштырарын айтат. Алгач Энн муну тамаша деп ойлойт. Бирок алдамчылар схема түзүп, интернетти колдонууну жакшы билбеген аялды тузакка түшүрүшөт. Эмоционалдык басым жасап, актёр бөйрөктүн рагына кабылды, мурунку аялы Анжелина Жоли анын банктагы эсептерин “тоңдуруп” салгандан улам акча жетишсиз болуп жатканын айтышат. Ал эле эмес, жасалма интеллекттин жардамы менен ооруп палатада жаткан башка адамдардын ордуна Брэддин башын коюп жасап, Эннге далил жөнөтүшөт. Кумирине жардам бергиси келген аял 850 миң доллар которот. Акча которулгандан кийин алдамчылардын изи сууйт. “Менин мисалым башкаларга сабак болсун” дейт Энн айым. Брэд Питтин өкүлдөрү резонанс жараткан окуя боюнча билдирүү таратып, “алдамчылар күйөрмандардын ишеничинен пайдаланып жатышат” деген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1154, 24-30-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан