Анара Шайымкулова, “Сармердендин” шайыр жеңеси: “Бир кезде жоголуп кеткен шайыр мүнөзүмдү кайра таптым”

Жеке жашоосун да, чыгармачылыгын да аксатпай бирдей алып келе жатат маектешим. Өзү айтмакчы, бир колу казанда, бир колу комузда. Айтылуу “Сармердендин” шайыр жеңеси, ырчы Анара Шайымкулова менен баарлашып кайттык. 

 - Анара айым, алгач байланышканыбызда “Сармерденге” даярданып жатам дедиң эле. Жакшы өткөрүп алдыңбы?

- Ооба, жакшы өттү. Ага бир апта даярданабыз негизи. Өң-келбетти карап, сөз байлыкты өстүрүш керек. Бир кийип чыккан кийимди кайра кие албайсың, бир сөздү эки жолу кайталаганга болбойт, айтор, талаптары көп. Жашоонун агымы, ар кандай тыюулардан улам бир кезде жоголуп кеткен шатыра-шатман мүнөзүм “Сармарденге” келгенде кайра пайда болду. Эч ким “кой” деп тыйбайт, 3-4 саат кайсарланып жыргап алам. 

- “Сармерден” деген сөз эмнени билдирет?

- Сармерден - фарс сөзү, мааниси “жалпы”, “чогуу” дегенди билдирет дешет. Илгери кыз-жигит оюнунда, тойлордо ырдоо, өнөр жарыштыруу “сармерден” деп аталган экен.

– Шайыр жеңе катары тажрыйба топтоп, такшалып калдыңыз. Өзүңүзгө өзүңүз кандай баа бересиз?  

- “Сармерденге” оозунда кеби, тилинде мөөрү бар сөздүн усталары, тамаша кептин чеберлери, манасчы, акын, ырчы-чоорчулар катышат эмеспи. Шакылдаган шайыр жеңе, эптүү эрке бала бүйүрдү кызытып, оюнду мыкты алып барышы керек. Жумушума жоопкерчиликтүү карап, жакшы эле аркалап келе жатабыз деп ойлойм.

- “Сармерденде” эл көрбөгөн кандай кызыктар болот?

- Кээде артыңа тынчы жок, сүйлөөк кыздар отуруп алган болот. Алар оюнга таасирленип кетип, өздөрү байкабай сүйлөй берип алаксытышат. Кээде арттагы комузчу кыз-келиндер бир нерсе айткылары келсе комузу менен сайгылашат. Камера тартып жаткандыктан чыдайм. Кээде чектен чыгып баратышса артыма кайрылып туруп катуу айтууга туура келет.

- Жолдошуң экөөңөр дуэт ырдапсыңар, жакшы чыгыптыр. Бул кимдин идеясы болду?

- Жолдошум да чыгармачыл адам. Паспорттогу аты Анарбек, бирок баары Доктурбек дешет. Ошентип Анарбек менен Анара бирге жашап келатабыз. Табиятынан сүрөтчү, бирок сүрөтчүлүктүн окуусун толук бүтпөй калган. Былтыртан тарта ырдап чыккысы келе баштады, ыр жаздырып, түйшөлүп... Анысын байкаганым менен башында анча көңүл бурган жокмун. Кийин бир күнү “кел, дуэт ырдап чыгалы” десем, бир топ күн ойлонуп, анан макул болду. Ошентип “Ишеним чырагын” ырдап чыктык, эл жакшы пикирлерин айтып, колдоп жатышат. Мен эмнени байкадым? Жолдошум сахнага ырдап чыкпаганы менен Айбек Карымовдун тобунда музыкант болуп иштеп, гастролдорго чыгып жүргөн адам. Ырдап чыккандан баштап өзгөрдү, өзүнө ыраазы болгондой компоюп, өзүн ишенимдүү алып жүрүп калды. Бардык нерсенин өзүнүн убакыт-сааты болот тура.

- Чыгармачылыктан башка тармакта эмгектенип көрдүңүз беле?

- Жолдошумдун мага кылган жакшылыктарынын бири - 5-6 жыл балдар менен үйдө отуруп калганымда кайра ырдап чыгышыма уруксат бергени болду. Убагында биз дагы “акча табалы” деп дүкөн иштетип, базарга чыгып соода кылып көрдүк. Бирок жашоомдун тузу кем болгондой, бир нерсе жетпегендей сезим боло берди. Бир жолу базарда отурсам бир ырчы эже көрүндү. Дароо бекинип калдым. 1-2 күндөн кийин ошол эже чалып “сен базарда отурат экенсиң го. Сенин ордуң ал жакта эмес, сахнада” деди. Аны угуп, Улуттук филармонияда өтүп жаткан жаш таланттардын сынагына катыштым. Жыйынтыгында гала-концертте ырдай тургандардын тизмесинде жок болуп чыктым. Маанайым түшүп, тултуңдап кетип баратсам артымдан “Ак марал” бий ансамблинин маэстросу жетип келип, “сен мени менен ырдайсың” деп калды. Ошентип ал агай менен ырдап чыктым. Анан Бишкек мэриясынын оркестрине солист болуп ишке орноштум. Түшкө чейин базарда отурам да, түштө оркестрге барып ырдайм. Ошентип чыгармачылыкка кайра келгем, сооданы болсо кыйрата алган жокпуз.

- Төкмө акындыкка да аралашып көрдүңүз окшойт...   

- Студент кезде ыр жазчумун, бирок анын артынан түшпөй койдум. Радиодо алып баруучу болуп жүргөнүмдө оозумдан ыр төгүлгөн 3 күн болду. Уйкаш саптар өзүнөн өзү куюлуп жатты, таң калдым. Анан “Айтыш” фондуна бардым. Барсам, Элмирбек Иманалиев “сизден төкмө чыгат, радиодо айтышканыңызды уккам, белгилүү чоңко жигитти жеңип койгонсуз” деди. Бирок ал кезде балдарым жаш эле, жолдошум да колдобой тургансып койду. Ошо менен калып кетти. Артынан сая түшсөм төкмө болуп кетет белем, ким билет? 

- Өзүңүздү абдан бактылуу сезген акыркы бир учурду эстесеңиз...

- Психологдорго барып өзүмдүн ким экенимди, турмуштагы миссиямды билгенден кийин кадимкидей өзгөрдүм. Мурун “мен”, “меники туура, мен айткандай болот” дей берипмин. Күнү-түнү тытынып өзүмө да, үйдөгүлөргө да тынчтык берчү эмесмин. Өзүмдү тапкандан кийин жан дүйнөм тынч алып, жеңилдеп, жакшы апа, жакшы жубай болуп калдым. Өзгөргөнүмдөн берки ар бир күнүм бактылуу көз ирмемдерди камтууда.

- Сырыңызды кимге төгө аласыз?

- Мурун сырдаш курбулар, эжелер көп болчу. Азыр жакшы курбу тапкам – Анара деген. Өзүм менен сырдашам. Айта турганымды Кудайга айтам. Анткени бирөөгө сырыңды айтсаң, ал сөзүң кийин кайра өзүңө муш болот экен. Бирөөнү сынасаң, анын абалындай абалга бир күнү өзүң туш келет экенсиң. Ошондуктан жашоодон жалаң жакшыны гана көргөнгө, жакшы сөздөрдү гана сүйлөгөнгө аракет кылып калдым. Этият мамиле кылганды, жеке чек араны сактаганды үйрөндүм.

- Дайым эле күлүп-жайнап жүрүү мүмкүн эмес да. Бурганактаган учурлар болбойбу?  

- Андай учурлар болот. Андайда мага эч ким тийишпеши керек. Көпкө чейин унчукпай, ичте топтоп жүрө берем да, бир тиштесем катуу тиштейм.

- Кандай хоббиң бар?

- Артист кыз-келиндердин топусуна үкү жасайм. Интернеттен көрүп үйрөнүп, шурудан баштык жасаган учурум болот. Өмүрү ийне кармабаган кыз элем, тигүүчү болуп да иштедим. Көрсө, адам кызыкса, каалоосу күч болсо баарын үйрөнсө болот экен. 

- Карылыктан коркосуңбу?

- Заманга жараша азыр карылар деле саякаттап, өзүнө жараша иш таап иштеп, коомго аралышып жүрүшөт. Мурункудай мештин түбүндө отурган кемпир жок. Карылыктан коркпош керек, карылыктын да жакшы жактары көп. Карылыкка чейин жетпей калгандар канча? Андыктан Кудайым карылыкка жеткирсин деп тилеген жакшы. 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1154, 24-30-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан