Кээде кожойкелер ашканада эксперимент жасап, жаңы же кызыктуу бир нерсе жасагысы келет. Мындай учурга табигый жол менен даярдалган түстүү чүчпаралар жакшы вариант. Түсү да, даамы да өзгөчө чүчпаралар балдарыңызга, жакындарыңызга таңданткан, тамшанткан даам болуп берет.
ЖАШЫЛ ЧҮЧПАРА
Керектелүүчү азыктар:
Жашыл камыр үчүн:
Шпинат – 2 боо
Жумуртка – 1 даана
Ун – 350 грамм
Өсүмдүк майы – 1-2 аш кашык
Ысык суу – 100 миллилитр
Туз – 1 чай кашык
Толтурма үчүн:
Пияз – 2-3 баш
Уй эти – 200 грамм
Куйрук май – 30 грамм
Сельдерей – жарым боо
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Шпинат жаңы жалбырагы кытырап турганын колдонсоңуз түсү жакшы чыгат. Шпинатты жууп, үчтүнө кайнак суу куюп үстүн 5 мүнөт жаба турабыз. Бул убакта шпинат жумшарат.
2. Сууну төкпөстөн шпинаттын үстүнө бир жумуртканы чагып, туз, май куюп блендер менен эзебиз.
3. Унга суюк аралашманы куюп камыр жууруйбуз. Камыр катуу болушу керек. Жакшы ийлеп жарым саат тыныктырабыз.
4. Толтурма үчүн эт, куйрук май, сельдерей, пиязды эт туурагычтан өткөрүп, туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
5. Камырды жука жайым кичине чарчыларды же тегеректерди кесип, ортосуна толтурмадан салып чүчпараларды түйөбуз.
6. Касканга 40 мүнөткө, кайнап жаткан шорпого же сууга 10-12 мүнөткө коюп бышырабыз.
САРЫ ЧҮЧПАРА
Камыр үчүн:
Сабиз – 3 даана
Жумуртка – 1 даана
Ун – 300 грамм
Өсүмдүк майы – 1-2 аш кашык
Туз – 1 чай кашык
Суу – 100 миллилитр
Толтурмасы үчүн:
Маскарпоне сыры – 150 грамм
Катуу сыр (пармезан) – 80 грамм
Моцарелла – 80 грамм
Жумуртка – 1 даана
Петрушка – 2-3 талча
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Сабизди жогорудагыдай эт туурагычтан өткөрүп, ширесин сыгып алсак болот. Же болбосо сабизди сууга чалараак бышырып, сүргүчтүн майда тишинен өткөрүп, дакинин жардамы менен ширесин сыгып алууга болот. Ширеге туз, май, жумуртка, суу кошуп аралаштырып, унга аз-аздан кошуп катуу камыр жууруйбуз.
2. Толтурмасы үчүн жумшак сырды кол менен эзип, калган катуу сырларды сүргүчтүн майда тишинен өткөрөбүз. Жумуртка, мурч, туз кошуп аралаштырабыз.
3. Камырды жука жайып, кесип, толтурмадан салып түйөбүз.
Түйүүнүн дагы бир жолу: жайылган камырды экиге бөлөбүз. Бир бетине бир чай кашыктан араларын чекелерин бекитүү үчүн орун калтырып толтурма коюп чыгабыз да, камырдын жарымы менен бетин жаап, кесебиз. Кесимдердин чекелерин бекитип чыгабыз. Сары түстү сакташ үчүн касканга бышыруу керек. 20-25 мүнөттө бышат.
Чүчпаралар даяр!
КЫЗГЫЛТ ЧҮЧПАРА
Камыр үчүн:
Кызылча – 2-3 даана
Жумуртка – 1 даана
Ун – 300 грамм
Өсүмдүк майы – 1-2 аш кашык
Туз – 1 чай кашык
Суу – 100 миллилитр
Толтурмасы үчүн:
Ашкабак – 150 грамм
Пияз – 2 баш
Грек жаңгагы – 30 грамм
Өсүмдүк майы – 20 миллилитр
Туз, ачуу калемпир – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылчаны сүргүчтүн майда тишинен же эт туурагычтан өткөрүп, катталган дакиге же сүзгүлгө салып ширесин сыгып чыгарабыз. Ага суу, жумуртка, май, туз кошуп аралаштырабыз да, унга аз-аздан куюп камыр жууруйбуз. Катуу камырды жарым саатка тыныктырабыз.
2. Толтурмасын даярдайбыз. Ашкабак, пиязды аарчып эт туурагычтан өткөрөбүз. Грек жаңгагын кумшекердей майдалайбыз. Буларга туз, калемпир, өсүмдүк майын кошуп аралаштырабыз.
3. Камырды жука жайып, майда чарчы кесимдерге бөлөбүз. Кесимдин жарымына толтурмадан салып, жарымы менен жаап бекитип, эки четин бири-бирине бекитебиз. Бул чүчпаранын түсү сакталышы үчүн касканга салып бышыруу оң. 25-30 мүнөткө коюп бышырабыз.
Мындан сырткары…
Бул азыктардан сырткары камырдын түсүн өзгөртүү үчүн томат ширеси, куркума, паприка сыяктуу татымалдарды, кулпунай, малина, черника сыяктуу мөмө-жемиштин ширесин колдонууга болот. Тусү менен бирге камырдын даамын да өзгөртөт.
Асел Ишенбай кызы