Бул күндөрү китеп дүкөндөрүнүн текчелеринен “Бактылуу аял”, “Өзүн сыйлаган аял”, “Аялдык бакыт” деген сыяктуу аталыштагы китептерге көзүбүз түшчү болду. Кызыгы – аялдарга арналган бул китептердин эркектер тарабынан жазылгандыгы. Бул канчалык туура? Аялга кантип бактылуу болууну эркек үйрөтө алабы? Кыскача изилдөө кылып көрүүнү чечтик.
“Күйөөлөр аялдарына, жигиттер кыздарына белек кылышат”
Аялдар көп сатып алып окуган китептердин бири “Өзүн сыйлаган аял” китеби экенин Бишкек шаарындагы китеп дүкөндөрүнүн биринин сатуучусу Диана Максатбекова белгилейт. Айтымында, бул китепти айымдар өздөрү гана сатып албастан, кыздарга сүйлөшкөн жигиттери, аялдарга күйөөлөрү белек кылып берген учурлар көп эле кездешет. Мырзаларды бул китепти белекке берүүгө түрткөн эмне? Китептин мазмунуна көз чаптырсак.
Анда “Өзүн сыйлаган аял балдарына кандай мамиле жасайт?”, “Өзүн сыйлаган аялга төшөк маселесинде алтын эрежелер”, “Ийгиликтүү инсандардын өзүн сыйлаган аялга кеңештери”, “Өзүн сыйлаган аялдарга икаялар” жана башка бөлүмдөр камтылган.
Окурмандар эмне дешет?
Китепти барактап чыккан Бишкек шаарынын тургуну Адинай Курманбекова мындай пикири менен бөлүштү:
– Автор эркектик көз караш менен аялдын бакытын өлчөгөн сыяктуу. Аял канткенде бактылуу болот эмес, аялды кантип бактылуу кылса болот деген өңүттө жазса жарашмак. Эгер эркек аялын бактылуу кылса, анда аял өзү эле жолдошун бактылуу кылууга далалат кылат эмеспи.
Шарияттагы аялдын орду боюнча айымдарга сабак берип жүргөн адис Сафия Нуралиеванын байкоосунда мындай мазмундагы китептер аялдарга күчтүү таасирин тийгизет:
– Буга чейин үй-бүлө тууралуу жазылган көптөгөн китептерди окудум. Мага жакпаган жери – биздикилер эки тарапка тең талап коюп, аял-эркектин укук-милдеттерин көп жаза беришет. Албетте, булар маалыматка жан дүйнөсү ач аялдарга күчтүү таасир берет. “Аялдын бейиши – күйөөсүнүн ыраазычылыгында” деп өзүн такыр эле жоготуп алган аялдарды көп көрдүм. Аял эркекке баш ийип гана турушу керек деп, аялын өзүнө ыңгайлуу кылгысы келген эркектер да көп. Аял дагы инсан, ал дагы өз алдынча изденип, окуп, өзүн өстүрүшү керек. Ошондо туура, туура эмес маалыматтарды ылгап кабыл алууга жөндөмдүү болот.
Бишкек шаарынын тургуну Кайыргүл Нусупбекова китепти барактап чыгып, 20-беттен кийин окуган эмес.
– Китептин аталышынан улам башка нерсе күткөм. Жашоодогу окуялар менен түшүндүрүп береби десем, жалаң эле акыл үйрөткөн сөздөр экен. Аталышына мазмуну дал келбептир.
Ал эми Айжан Асилбек кызы аттуу окурман, тескерисинче, китепти бир дем менен окуп чыкканын айтат.
– “Өзүн сыйлаган аял” деп аты эле айтып тургандай, китепте аялзатына тиешелүү маанилүү, жашоону жакшыртчу маселелер камтылган. Китепке кызыкпайм деген адам да бир дем менен окуп койчудай жеңил жана кызыктуу жазылыптыр. Автор менен келишпеген жерлерим болгон жок, “чын эле эмнеге ушундай?” деп айткандарына ынанып окудум. Биз, аялзаты, тиричилик деп отуруп, маани бербеген, бирок кийин өкүнүп калган учурларыбыз көп болот эмеспи. Эгер жакшы китепти берилүү менен окуп, анда айтылгандарды турмушта колдонсо өзүнө ачылыштарды жасап, бир эле китептен көп нерсе үйрөнсө болот.
“Аялдар бакытты туура эмес жактан издешет”
Сөз болуп жаткан эмгектин автору Абдулвахид Каныбек уулуна байланышканыбызда, китепти толуктап кайра жазгысы келип жүргөнүн айтты. Автордун байкоосунда, аялдар бакытты туура эмес жактан издеп жатышкандай.
– Китепти жазуума көпчүлүк аялдардын ар кимге алданып, чыныгы бакыттын булагын билбей жатат деген оюм себеп болду. Буга чейин аялдар психологиясын окугам. Аталган китеп 25 жашымда жазган алгачкы китебим. Психология – өзгөрүп туруучу илим болгондуктан, улам жаңыланып, ачылыштар болуп турат. Бүгүн жазганыма бир айдан кийин канааттанбай тургандай жараяндар болуп жатат. Аталган китептин кемчилик, каталарын эсептесем азыр манжам жетпей калчудай. Андыктан оңдоп-түзөп кайрадан жазгым келет.
“Аялдын ой-санаасынын баары эле эркек жөнүндө эмес”
Аял биринчи кезекте адам экенин, анын адамдык сезимдери, умтулуулары, кыялдары, бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Ой-санаасы жалаң гана эркек менен байланыштуу эмес. Бул турмушта, бул чоң ааламда өзүнүн кичинекей болсо да ордун тапкысы келет. Аялдын “апа, жубай” ролунан тышкары адамдык көксөө, мүдөөлөрү бар экендигин Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү акын Гүлзада Станалиева эскертет.
– Антикалык доордон бери адабиятта эркектер үстөмдүк кылып келет. Ошондуктанбы, тарыхый процесс менен келаткан аң-сезимибизде эркектерге көбүрөөк ишенет экенбиз. Эркек менен аялдын чыгармачылык табияты, көз карашы, сүрөткерлигинин ортосунда чоң айырма бар. Аялдар дүйнөнү таптакыр башкача көрүшү мүмкүн, аял байкаган нерсени эркек байкабашы, аял үчүн маселе болгон нерсе эркек үчүн кадимки эле көрүнүш болушу ыктымал. Аялдын табиятын аялдар гана жеткиликтүү айтып, жазып, чагылдырып бере алат. Азыр китеп жазууга чектөө жок, ар ким өз каалаганындай жаза берет. Кеп ал китепти окугандарда. Ошондой китептерди окуган кыздардын билим деңгээли жогору болсо, сын көз караш менен карап, өзүн өстүрүүнүн башка жолдорун издейт. Аялдарга же эркектерге деп бөлбөй, өнүгөм деген киши алгач өзүн адам катары калыптандырууга жардам берчү адабияттарды окуйт.
“Азыркы окурман роман окуп баш ооруткусу келбейт”
Жети жылдан бери китеп сатуу тармагында иш алпарып жүргөн Элла Зарылбекова мындай китептерге суроо-талаптын жогору болуп жатканын китептин мукабасынын кооздугу, аталышынын жагымдуулугу менен байланыштырат.
– Кыргызстанда бир кезде такыр китеп окулбай калган. Ага салыштырмалуу азыр жакшы, акыркы үч жылдан бери китеп дүкөндөр, китеп менен байланышкан саамалыктар, китеп окуган жаштардын саны көбөйгөнү байкалууда. Китеп рыногунда аялдарга арналган китептер басымдуу орунду ээлейт. Ар мезгилдин модасы бар, менимче, учурда ушундай мазмундагы китептер популярдуу. Окурмандардын жактырып окушунун негизги себеби – кабыл алууга жеңил тилде жазылгандыгы деп ойлойм. Азыркы окурман роман окуп, андагы негизги ойду тапкандын ордуна аз, бирок саз маалымат берген китептерге ыктайт. Мындай китептердин аттары эле бири-биринен айырмаланбаса, берейин деген оюнун түп-тамыры окшош эле. Кандай болсо да китеп окуган өлкөгө айланып баратканыбыз көңүл жылытат.
Адина Муктар