Ю Ён Сок. 40 жаштагы актёр учурда Түштүк Кореянын эң популярдуу жана да сексуалдуу делген мырзаларынын катарында турат. Ю Ён Сок тартылган тасмаларды көрдүңүз беле? Ар түрдүү образды ийине жеткире ачып бере алган таланттуу адам тууралуу кызыктуу 10 факт чогулттук.
Чыныгы аты-жөнү: Ан Ён Сок
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы: 1984-жыл, 11-апрель
Жылдыз белгиси: кой
Бою: 183 сантиметр
Кесиби: актёр, модель
Тартылган белгилүү дорамалары: “Падышанын тикмечиси”, “Ооруканадагы даанышман жашоо”, “Мугалим Ким: романтик дарыгер”, “Мистер Саншайн”, “Сиз чалган номер” жана башка
1-факт
Ан Ён Сок Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында төрөлгөнү менен, балалыгы өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Чижу шаарында өткөн. Атасы инженерия боюнча профессор болуп, анан кызматына ылайык борбордон алыс кетишкен. Чиджу чакан болгону менен, жаратылышы кооз, тарыхый жайлары көп шаар. Анан да бул аймакка эс алуучулар агылып көп келишет. Мектепте да шаардын көпчүлүктү кызыктырган жайларына экскурсиялар болуп турчу. Каарманыбыз дал ошондой экскурсияларга, театрга барып жүрүп актёрлукка кызыгуусу ойгонгон. Анын үстүнө агасы да чыгармачылык чөйрөдө карьера түптөөрүн айткан эле. Экөө биригип, чогуу даярданып алып Сеулдагы Сенжон университетинин киноискусство факультетине тапшырып, өтүп кетишкен.
2-факт
Университетте окуп жүргөндө эле Кореядагы эң кассалуу деген фильмдердин бири, 2003-жылы чыккан “Олдбой” тасмасына тартылат. Экинчи пландагы роль болгону менен, режиссёрлордун, көрөрмандардын мактоосуна арзыган. Андан кийин карьерасында тынчтык өкүм сүрүп калган. Анткени 2005-жылы армияга чакырылып, 2 жыл аскердик кызматын өтөп келген. Келгенден кийин кайрадан окуусун жандандырып, аны аяктап, театрга актёр болуп орношкон.
3-факт
Башкы роль. Театр менен актёрлук карьерасын чектегиси келген эмес, андыктан кайрадан кино дүйнөсүнө баш багууга аракет кыла баштаган. 2008-жылы кайрадан тасмаларга тартыла баштаган актёр эми Ан Ён Сок эмес, Ю Ён Сок ысымын алган. Ал Ю ысымын белгилүү актёр Ю Жи Тэге таасирленип өзгөрткөн. 2011-жылы “Жаңы жолугушуу” тасмасында Ю алгачкы башкы ролуна ээ болгон. Бул карьералык тепкичтен көтөрүлүү болчу. Мындан аркы ага сунушталган ролдордун баары негизги каарманга айланган.
4-факт
Ю Ён Сокту жакындары “биздин дарыгер” деп коюшат. Анткени актёр карьерасында бир нече ирет медицина кызматкеринин ролун аткарган. Ар бир сериалда врачтын ролуна бир нече айлап даярданып жатып, кадимки медиктин тажрыйбасына ээ болгон десе болот. Ал тартылган медицина жаатындагы дорамалар: “Оорукана-2”, “Кечки оорукана”, “Мугалим Ким: романтик дарыгер”, “Ооруканадагы даанышман жашоо”.
5-факт
Түштүк Корея кино тармагынан сыртка чыга алган актёрлордун бири. Ён Соктун талантына баа берген француз актёру Дени Деркур аны менен иштешүү каалоосун айткан. 2022-жылы чыккан режиссёрдун “Өлтүрүү анатомиясы” тасмасында Ю Ён Сок адам органдарын саткандардын кылмышын изилдеген детективдин ролун аткарган. Детектив, криминалистика, судмедэкспертиза темасын жактыргандар үчүн кызыктуу долбоор болгон.
6-факт
“Өбүшүү устаты”. Акыркы учурларда актёрго жаңы – “өбүшүү устаты” деген лакап ат жармашып жүрөт. Бул атка Ён Сок өзү кандай ойдо? Журналисттерге берген маегинде ал “көрөрманга жагып жатканы үчүн ушундай атап жатышса керек. Чынында, экранда өнөктөшүң менен химия жаратуу оңой эмес. Өзгөчө өбүшүү сценаларында ачыла албай кыйналасың. Мен бир ыкма таап алгам, биринчи өбүшүү сценасы тартыларда жакшы шарап ала келем, өнөктөшүм экөөбүз шараптан кичинеден ичип, жай сүйлөшүп отурабыз. Анан чала тааныш деген ой жоголуп, кадимкидей өзүңдү бош таштап калган учурда анан тартуу иштерин баштайбыз”,- деп жооп берген.
7-факт
Бандиттин, Чосон падышасынын, дарыгердин, полиция кызматкеринин, ач көз байдын, окумуштуунун, студент, баскетболчу, ашпоздун, психопат, саясатчынын жана башка каармандарды жеткиликтүү аткарган актёр 2023-жылы өзүн – Ю Ён Соктун ролун аткарган. Тагыраагы, Ю Ён Соктун өмүр баянына арналган документалдык фильм тартылган.
8-факт
Актёр саякаттаганды жакшы көрөт. Жакшы көрүп эле тим болбостон, барган, көргөн, конгон, жасаган иштеринин баарын видеого тартып, Ютубдагы каналына жана башка социалдык тармактарга байма-бай бөлүшүп турат.
9-факт
Экранда дайыма жаркырап жүргөн, суроолорго тамашакөй жоопторду узаткан актёр жеке жашоосуна келгенде башкалардын көзүнөн бекем катканды билет. Анын 2013-жылы актриса Ким Жи Вон менен романтикалык мамилеси бар болгону маалым. Андан кийинки жашоосу сыр сандыкта. Белгилүүсу, 40тын кырынан ашкан мырза али үйлөнө элек.
10-факт
Көп кырдуу талант. Мукам үнү бар, аны бир нече сериалда аткарган саундтректеринен уксаңыз болот. Андан сырткары гитара, пианино, барабан, саксофон черте алат. Жазуучу катары бир нече китеп чыгарган. Ашканада мыкты ашпоз. Үй эмеректеринин дизайнын иштеп чыккан дизайнер. Сүрөткө тартканды жашкы көрөт, фотокамераларды коллекциялайт. Ишкерлик менен да алектенет. Кайрымдуулук иштери менен чет өлкөлөрдү да кыдырып, адамдарга, жаныбарларга жардам колун көп сунат. Анын жасаган иштерин электен өткөрүп байкап турган "Forbes" 2019-жылы “Кореянын эң таасирдүү 40 адамы” тизмесине киргизген. Бош убактысында, мындай адамдын бош убактысы барбы деп да ойлоп кетесиң. Айтор, Ю Ён Сок таэквондо менен машыгат, бейсбол ойнойт.
Асыл Орозбекова