ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-январдан 2-февралга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Жумушта буга чейин ишенимсиз сезилген адамдар сизге колдоо көрсөтүп таң калтырышат. Сиз үчүн эксперименттердин убактысы, энергияңыз ашып-ташып, жаңы идеялар жаралып, жаңычылдыкка даяр болосуз. Бул энергиянын нугун жумушка эле эмес, жеке жашоого да бурганды билиңиз. Дем алыш күндөрү спирт ичимдиктери катышкан шаан-шөкөткө туш болушуңуз ыктымал. Баш тартыңыз, болбосо ден соолугуңузга зыян келтирип аласыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Колуңуз кычышып, керексиз буюм сатып алуу каалоосу күчөйт. Жылдыздар сизге пайдасыз нерсе сатып алууну эмес, тескерисинче, аптада сарамжал болууну эскертишет. Жалпысынан эмоцияларга, талашып-тартышууларга, чечимдерге курчалган күндөр күтөт. Негизгиси чечим чыгарууда кызуу кандуулукка алдырбаңыз. Шаршемби-бейшембиден баштап активдүү энергияңыз пассивдүүгө алмашып, аны менен кошо позитивдүү маанай негативге алмашуусу мүмкүн.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздерди ар тараптан өзгөрүүлөр күтөт. Мисалы, жумушта жакшы жаңылыктар, ийгиликтер күтүлмөкчү. Балким, иш сапары менен чет жерге чыгып келесиз. Иш таппай жүргөндөр ушул аптада көңүлүндөгүдөй жумуш табат. Махабат кайыгын жалгыз айдап жүргөндөргө “биринчи кадамды өзүңүз жасасаңыз, түгөйүңүздүн жүрөгүн багынта аласыз” деп кеңеш беришет жылдыздар. Каржы жаатында тапканыңыздан коротконуңуз көп болуп кетиши ыктымал, алдын ала баарын эсептеп туруңуз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Нерв коротуучу окуяларга кабыласыз. Андыктан алдын ала жан дүйнөнү тынчтандыра турган туура дем алуу көнүгүүлөрүн үйрөнүп алганыңыз  туура. Бир жылып, бир суук болуп жаткан аба ырайында жеңил кийинип жүрүп суукка урунуу коркунучу чоң, жылуу кийиниңиз. Аптанын экинчи жарымында кызыктуу иш-чарага катышып, жаңы жана пайдалуу тааныштарды табасыз. Чала тааныш адамдарга карызга акча берүүдөн сак болуңуз, алданып калуу коркунучу чоң.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Активдүү жана энергиялуу арстандарды аптада ийгилик коштойт. Ийгилик демекчи, көптөн бери чечилбей келген маселелерди ушул аптада колго алсаңыз, жыйынтыгы сизге жагат. Бирок активдүүлүгүңүз менен кесиптеш, достордун арасында душман арттыруудан абайлаңыз. "Меники чын, баарыңар мени угушуңар керек" деген принцип бул күндөрү сизге жардамчы боло албайт. Аптанын акыркы күндөрүн тынч өткөрүп, келерки аптага жаңы план түзүп алыңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

“Энергетикалык вампир” адамдардан алыс болгонго аракет кылыңыз. Андан көрө ишенимге кирген адамдардын курчоосунда жүрсөңүз, баары жакшы болот. Аптанын ортосу билим алууга, жаңы бир нерсе үйрөнүүгө ылайыктуу болот. Түгөй, дос, тууганыңыздын же балдарыңыздын кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир жеңилдиктерге барууга туура келиши мүмкүн. Бул жеңилдиктер сиздин жакындарыңызга болгон сүйүүңүздү жана камкордугуңузду көрсөтүү үчүн керек.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Бюджет акылга сыярлык мамилени талап кылат жана эч кандай эркиндиктерге жол бербейт. Капчыгыңызга болгон мындай катаал мамиле өзүңүздүн эле кыялаңызды ишке ашырууга жардам бермекчи. Шейшемби же шаршембиде чөнтөккө акча түшүүсү күтүлөт. Үй-бүлөлүк маселелер жаралат, аны артка жылдырбай, жеринде чечпесеңиз ырбап кетиши мүмкүн. Бойдоктор үчүн романтикалык жаатта ыңгайлуу апта, андыктан коркпой “аңчылыкка” чыга берсеңиз болот.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жумушуңузда катачылыкка жол бербөө үчүн сак болуп, баарына жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыз. Жаныңызга көп суммадагы накталай акча салып жүрбөңүз, уурулардын тузагына илинип калышыңыз мүмкүн. Чыгармачылык менен алектенген, же болбосо жалгыздыкта иштегенди сүйгөндөрдүн иши жемиштүү болушу күтүлөт. Аптанын акырында энергияңызды үй-чарба иштерин бүтүргөнгө арнаңыз. Сизге көбүрөөк кыймылдап, таза абада сейилдөө сунушталат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Өзүңүздү башкалардын негативдүү энергиясынан коргой билиңиз. Эгер коргой албай калсаңыз, терс энергия ишиңизге зыянын тийгизиши ыктымал. Сүйүүдө жаачыларды жагымдуу көз ирмемдер күтөт. Түгөйүңүз менен чогуу эс алып, саякаттап, кызыктуу жерлерге барууга болот. Жүрөгүңүзгө жагымдуу адамдар менен баарлашуу оң энергиянын бирден-бир күчтүү булагы болуп эсептелет. Дем алыш күндөрү дүкөн, базар кыдырып, өзүңүзгө керектүү нерсе таба аласыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Каржы жаатында пайда алып келчү жаңы булак табасыз. Ал булакты элдин баарына айтып жар салбай, тымызын өзүңүз пайдалана бериңиз. Аптанын ортосунда сынга кабылышыңыз мүмкүн, чындыкка жакыны болот, терикпей, таарынбай, оңдогонго аракет кылыңыз. Бул күндөрү тобокелчиликке жол берсеңиз, жоготууларга алып келиши ыктымал. Чарчап жүргөнүңүздү сезесиз, бул сезим сиздин жашоо энергияңызга, ден соолугуңузга таасирин тийгизет.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Бул апта суу куярлар үчүн абдан жагымдуу өтөт, бирок дем алышка жакын стресс, тынчсыздануу жана чарчоо болушу мүмкүн. Иш күндөрү мурда кабыл алынган пландарды аткарып, кыймылдын багытын өзгөртпөө керек. Акчага жана жумушка байланыштуу маселелерде бир аз куулук сапаты зыян келтирбейт. Жалпысынан апта кызыктуу жана окуяларга бай болот.  Жаныңызда сиздин идеяларыңызды, чечимдериңизди түшүнүп, колдой турган ишенимдүү адамдардын болушу маанилүү.

Балык
(20.02–20.03)

Түздөн-түз сиздин тиешеңиз жок маселелерди чечүү менен өзүңүздү убара кылбаганга аракет кылыңыз. Иш күндөрү динамикалуу, кээ бир учурда күтүүсүз окуялар менен да коштолушу мүмкүн. Бирок буга тынчсыздануунун кереги жок. Анткени жылдыздар бул аптада балыктардын ички туюму күчүнө кирип, туура чечим чыгарууга багыт берип турат дешет. Сүйүү талаасында майда келишпестиктер чыгат. Анан да эски мамилени, артта калган адамдарды унутушуңуз керек.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1154, 24-30-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан