Жаратылыш министри: “Бишкекти каптаган ыш былтыркыдан азайды”.
Экс-депутат Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Өлкөдө 1 жылда 1 миллион 34 миң жолу жол эрежесин бузуу катталганын тийиштүү орган маалымдады.
Ошто айдоочулардан системдүү түрдө акча чогулткан деп шектелип МАИ кызматкери кармалды.
Алдамчылардын курмандыгы болгон жаран 20-январда Башкы прокуратуранын имаратынын алдында өзүн өрттөөгө аракет кылды.
Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповду камакта кармоо мөөнөтү узартылды.
Депутат Балбак Түлөбаев Бишкекке метробус жүргүзүүнү сунуштады.
Мамлекеттик цирктин кызматкерлери мекеменин директорунун үстүнөн даттанышып, жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү.
Түркиянын ЖОЖдоруна кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алуу башталганы маалымдалды.
Коргоо министрлигинин кампасынан 4 миллион сомдук материал уурдалганы айтылды.
Бишкек шаардык соту камактагы саясатчы Темирлан Султанбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды.
Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланды.
Маданият министрлигинин Лейлек районундагы бөлүмүнүн эсепчиси 6,5 миллион сом кымырып алган деп шектелүүдө.
Ош облусунда 5 айыл аймагы дотациядан чыкты деп маалымдалды.
Сүлүктүдө 17 жаштагы жигит автоунаа уурдоого шектелип жатат.
Буга чейин Ош шаарынын мэри болуп турган Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды.