Белгилүү ырчы, акыркы жылдары сахнадан алыстай түшкөн Мухтар Атаналиев агабыз жакында чыгармачылыгынын 30 жылдыгын белгилегени турат. Жакшы саамалыктын алдында атасы тууралуу кызыктуу маек куруп берди. Назар салыңыз, окурман.
«Бешикте жатканым үчүн иске ууланбай калыптырмын»
– Ата-энемдин тун баласымын. Экөө студент кезде баш кошуп, Фрунзеде кенедей бир батирде турушчу экен. Кышында от жагып, анан бөлмө жылуу болсун деп мештин оозун ачып коюшуптур. Ис уруп экөө тең ууланат, а мен бешикте жатып үстүм жабык болгондуктан ууланбай калыптырмын (күлүп). Экөө тең жаш, 18-19 жаштарда, иске ууланып калышарын деле билбесе керек да. Кошуналар байкап калып, куткарышыптыр. Ошондо мени “бага албайбыз” дешкенби же коркушканбы, айтор, айылдагы туугандарга беришет. Ошого ата-энемди “аке” жана “жеңе” деп калдым. Атам мага дос катары болду, ичимде эмне сыр болсо баарын айтчу элем. Ал дагы мени бала дебестен чоң кишидей эле сүйлөшчү.
«Эмнеге атамдын ак кайыңы?»
– Чыгармачылыкка келгениме 30 жыл болду. Ошол датага арнап “Атамдын ак кайыңы” деген бенефис өткөргөнү турам. Эмнеге бул аталышты тандап алдым? Атамдын былтыр көзү өтүп кетти, мен ага бир да жолу “ата” деп айта албадым. Анткени кичинемде башкалардын колунда чоңоюп, атамды “аке” деп калгам. Атамды “ата” деп ооз толтура айтып албаганыма өкүндүм. Атамдын аты бир ай болсо да эл оозунда болсун, анын жаркын элесине тургузган эстелигим болсун деп ушул аталышты тандадым. Кичинебизде биздин үйдүн жанында бир ак кайың боло турган. Атам өз колу менен тиккен. Чыгармачыл адам болгондуктан, ак кайың мага башкача көрүнчү. Ага шыбырап сырларымды айткан күндөр болгон, ага арнап “Атакемдин ак кайыңы” деген ыр да чыгаргам. Ал ыр азыркыга чейин ырдалып келе жатат.
«Жапыбай жакшы киши эле дегенден башка сөз уга элекмин»
– Атам кандай киши эле? Ушуга чейин “Жапыбай жакшы киши болчу” дегенден башка сөз уга элекмин. Колхоздо агроном эле, таза иштеди. Бизди ак мээнети менен бакты, арам тамак жедирген жок. Бир жолу колхозго башка жактан үрөн алып келүүгө чоң суммада акча бөлүнүптүр. Атам байкуш ошол акчаны кайда катарын билбей “бул элдин акчасы, жоготуп албаш керек” деп чыйпылыктап жүргөнү эсимде. Тарыхты, географияны жакшы билчү. Тамдын бооруна географиялык картаны илип алып, кайсы мамлекет кайсы жакта жайгашканын айтып берчү. Ак көңүл эле, мени бир да уруп же сөгүп көңүлүмдү калтырганы эсимде жок.
«Атама балта, чот, чалгы сыяктууларды белек кылганды жакшы көрчүмүн»
– Эс тарткандан атама белек бергенди жакшы көрчүмүн. Дүкөнгө кирип дыйканга керектүү шаймандарды кармалап, кайсынысы атамды сүйүнтөт деп тандап сатып алчумун. Чот, балта, орок-чалгы дегендердин жакшыларын алып барчумун. Апам болсо “атаңа эле алып келе бересиң, мага эч нерсе жок” деп таарынгансып калар эле. Көйнөк, жоолук тандаганды билчү эмесмин, ошондуктан апама белек ала албай кыйнала берчүмүн. Өмүр бою менде “атам мени менен сыймыктанса экен, сыймыктанат болду бекен?” деген купуя бир ой жашады. Бул мага абдан маанилүү эле. Бир токтогулдук жигит: “Бир жолу сиздин атаңызга жолугуп калдым. Чарбагында өстүргөн помидорун сатып отуруптур. “Балам, сен мени тааныйсыңбы?” деп сурады. “Жок, тааныбайм” десем, “мен Мухтар Атаналиев деген таланттуу жигиттин атасы болом” деди. Атаңыз сиз менен сыймыктанат экен”,- деди. Муну мындан он күн мурун эле уктум. Өмүр бою атамдан ушул сөздү күтүп жүргөндөй кубанганымды айтпа.
«Жеңеңер балдарды катуу эле кармабайсыңбы деп урушуп калат»
– Атамдын мага берген турмуштук сабагы көп эле. Анын бири – дайыма “чийинден чыкпа, балам” дечү. Ушул кеңешти абдан көп айтчу. Көрсө, анын мааниси “мыйзамды бузба, Кудайдын да, мамлекеттин да, коомдун да мыйзамын бузбай жаша” дегени экен. Түшүнгөндөн кийин атама абдан ыраазы болдум. Кээ бир аталарды көрдүм, өз баласын колунан жетелеп барып коррупцияга түртөт. Аттарын айтпай эле коёюн, бирок андай аталар көп. Атам мага бардык жактан үлгү болду. Кичинемде бул дүйнөдө атам билбеген эч нерсе жок болуш керек деп ойлочумун. Кийин эс тартканымда анын таза жашап, түз жүргөнү таасир берди.
Негизи бала ата-энесин шартсыз сүйөт эмеспи. Атаң болгон үчүн эле жакшы көрөсүң. Меникиндей адамгерчиликтүү, мээримдүү атаны андан да жакшы көрөт экенсиң. Өз балдарыма да атамдай ата болдум деп ойлойм. Жеңеңер кээде “катуу эле кармабайсыңбы баланы?” деп урушуп калат. “Мени деле эч ким катуу кармаган эмес, жаман адам болдумбу?” десем макул болуп калат.
Өспүрүм курагымда атам чай үстүндө “кана, балам, аккордеонуңду ойноп берчи” деп суранып калчу. Ойноп берсем абдан берилип угуп турчу. Кийин чыгармачылыгым жөнүндө бир нерсе дегенге убактысы да болбоду. Анткени Союз ыдырады. Эл таптакыр тиричиликтин көйгөйүнө түшүп кетти. Ар ким өз түйшүгү менен болуп калды.
«Жети атабызды оозунан түшүрбөй айтып жүрдү»
– Кыргыз “атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул” деп сыпат берет эмеспи. Тагдыр экен, ырчы, режиссёр, мугалим катары элге төбөм көрүнүп калды. Таанымал инсан болдук. Атам болсо эч кимге байкалбаган өмүрдү жашады. Ушул жактан экөөбүз айырмаланып калдык. Бирок адамгерчилик, тазалык, даанышмандык, мээримдүүлүк, чынчылдык жактан атама мен караандабайм дагы, тээ артта эле калам. Талапкер да эмесмин, шоона эшпей эле калам анын жанында. Анын көзү тирүүсүндө артынан чуркап жүрүп көп нерсени билип калышым керек эле. Бирок турмуштун агымы менен жүрүп маани бербей калыптырмын. Бир эле мисал, атам жети атабызды отурса-турса оозунан түшүрбөй айтып, берилүү менен абдан жакшы түшүндүрүп берер эле. Бирок ага көп деле маани бербей угуп койчу экенбиз. Эми жалдырап бири-бирибизден “төртүнчү атабыз ким эле, ыя?” деп сурап жүрөбүз. Адам тирүү кезинде баркын биле бербейт экенбиз. Атам бул дүйнөдө гана эмес, аркы дүйнөдө да мени менен сыймыктанса деп тилек кылам. Ошон үчүн улуттук баалуулуктар деп чуркап жүрөм. Элиме бир пайдалуу иш кылып калсам экен дейм. Эмне иш кылган болсом, кимге кандай жакшылык кылган болсом баарынын атама сообу тийсин деп ниет кылам. Аталарыбыз узак жашасын...
Нуржамал Жийдебаева